Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Муфтийди сызга отургузган шылуун кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Муфтий Максат ажы Токтомушев баш болгон 40тан ашык адам ири суммадагы акчасын шаардык милициянын полковнигинин тууганына алдатканын айтып чыгышты.

Нурлан Дүйшекеев аттуу жаранга ири өлчөмдө акча алдаткандардын жалпы саны 45ке жакын. Мындай маалымат Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды.

Жабырлануучулардын айтымында, Дүйшекеев жер сатып берем деп алардын ар биринен 16 миңден 160 миң долларга чейин акча чогулткан. Алдангандардын бири - Асел Жусупова. Ага Нурлан Дүйшекеев бизнес ачып берүүнү убада кылып, 160 миң доллар алат. Жусупова 8 жылдан бери же акчадан, же бизнестен жок ара жолдо калганын айтууда. Айтымында, күйөөсү досунан карыз алып Нурланга бергени үчүн 2 жыл абакка отуруп чыккан.

- Нурлан Дүйшекеев жолдошумдун жакшы таанышы болчу. Намаз окуп, ажыга барып келген жигит болчу. Бизнес ачып берем дегенинен үй-мүлкүбүздү сатып, 160 миң доллар бергенбиз. 2007-жылдан бери карматпай жүрөт. Ал акчанын бир бөлүгүн достордон карыздап чогултканбыз. Карызды кайтара албай же бизнесибиз болбой күйөөм эки жыл түрмөгө отуруп чыкты. Нурлан болсо угушубузча буга чейин жыргап эле чет өлкөлөргө чыгып жүрүптүр. Милицияга канча кайрылсак да ага кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес.

Ажы 17 миң долларга алданган....

Алданган 44 адамдын арасында муфтий Максат ажы Токтомушев, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков да бар. Апасы 17 миң долларга алданганын айткан Аскарбеков Дүйшекеевдин суудан кургак чыгып жатышын анын милициядагы тааныштары менен байланыштырды.

- Дүйшекеевди шаардык милициянын 5-башкармалыгынын жетекчи орун басары Низахун Алахунов калкалап келет. Ал анын жездеси болот. Буга чейин деле арыздар жазылган, бирок кылмыш иши козголгон эмес. Улам ачылса, Алахунов жаптырып турган. Коррупция деген ушул жерде жатат. Бир аз пара алган мугалимдер кармалат да, миллиондорду алдагандар эмдигиче жоопко тартылбайт. Дүйшекеев азыр тергөө абагында, бирок ал жактан акча берип чыгып кетиши толук мүмкүн.

Максат ажы Токтомушев
Максат ажы Токтомушев

Акчасын алдаткандар Нурлан Дүйшекеевди жоопко тартуу өтүнүчү боюнча ички иштер министри Мелис Турганбаевге, баш прокурор Индира Жолдубаевага ачык кайрылуу жолдошту. Алар Алахунов кызматта турганда Дүйшекеев жазаланбайт деп эсептешет.

Аскарбековдун эсебинде Дүйшекеев 2007-жылдан бери 40тан ашык адамды тузакка илген. Милицияга арыз жазган 6 адамдын эле алдаткан акчасы 244 миң долларды түзөт.

- Азырынча милицияга алты адам арыз жазды. Муфтий Максат ажы Токтомушев жана энем 17 миң доллардан беришкен. Алдыбыз 160 миң долларга алдандык. Ушул акчанын айынан буга чейин 3 киши каза тапты. Анткени ошол акчаны карыздап чогултушкан экен. Дүйшекеев алдап кеткенде инсульт болушту.

Полковниктин тиешеси жокпу?

Ал тапта шаардык милиция маалымат жыйын кургандардын дооматтарын жокко чыгарган билдирүү таратты. Мекеменин маалымат катчысы Олжобай Казабаев шылуундукка шектелген Дүйшекеев менен ШИИБдин 5-башкармалыгынын жетекчи орун басары, полковник Низахун Алахуновдун туугандык байланышы жок экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Алахунов менен Дүйшекеевдин эч кандай туугандык байланышы жок. Биз муну териштирип чыктык. Дүйшекеевге ИИМ тарабынан алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал азыр №1 тергөө абагында кармалып турат.

Алдангандардын дээрлик бардыгы акча берип жатканда Дүйшекеевден эч кандай тил кат алышкан эмес, намаз окуйм десе кудайындай ишенишкен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Нурлан Дүйшекеевдин тергөө абагында жалпы эмес, өзүнчө камерада кармалып турганын тастыктады. Жабырлануучулар муну анын тааныштары таасирдүү экени менен түшүндүрүп, кылмыш жоопкерчилигинен оңой эле кутулуп кетет деп чочулашат. Дүйшекеев 26-майда кармалып, бир айга камалган.

XS
SM
MD
LG