Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Чет элдик тыңчы мыйзамы кайрадан талкууда


"Чет элдик агент" мыйзамы Орусияда 2012-жылы кабыл алынган.
"Чет элдик агент" мыйзамы Орусияда 2012-жылы кабыл алынган.

Бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" катары таануу боюнча мыйзам долбоору февралда парламент комитетинде каралып, экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүлөрү айтылды.

Сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарды "агент" катары таануу боюнча талаштуу мыйзам долбоору кайрадан талкуу жаратууда. Мурдагы чакырылыштан мурас калган бул мыйзам парламентте кайрадан каралганы жатат.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкина мыйзамдын авторлору - Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова азыр депутат болбосо деле мыйзам карала берерин айтууда.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

- Азыр бул мыйзам долбоору боюнча жоопкерчилик биздин комитетте. Мыйзам экинчи окууга келгенде демилгечилердин зарылчылыгы жок. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча мыйзам экинчи окууга келгенде комитет карап чыгып, өз бүтүмүн бериши керек. Комитет мыйзамды зарыл деп тапса, ал жалпы палатага добуш берүүгө жиберилет. Бул жерде Орусиянын же башка күчтөрдүн кызыкчылыгы жок, процедура ушундай.

КСДПнын депутаты Скрипкина өзү өткөн чакырылышта бул мыйзамга каршы добуш берген. Фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана башкалар мүчө болгон бул комитет “тыңчыларды” колдоор-колдобосу азырынча белгисиз.

Демилгечилер жок, демилге бар...

Демилге көтөрүлгөндөн баштап кызыл чеке талаш жараткан бул мыйзамдын кайрадан козголушуна өкмөттүк эмес уюмдар кабатыр. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова мыйзамдын авторлору жок туруп кабыл алуу аракетинин артында кызыкдар күчтөр бар деген ойдо.

- Биздин Конституцияда жарандардын тобун басмырлаган мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп жазылган. Анын үстүнө бул чакырылышта мыйзам демилгечилери шайланган жок да. Азыр ким кайрадан көтөрүп жатканы бизге түшүнүксүз болуп жатат. Сураштырсак процедура ушундай деп коюшту. Бирок мыйзам долбоорун кийинки чакырылышта карабай койсо, мыйзамга каршы келбейт эле.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Демилге кайрадан жаңырары менен бир катар укук коргоочу уюмдар Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкина менен жолугуп, мыйзам долбооруна караманча каршылыгын дагы бир ирет айтышты.

Ал эми саясат талдоочу Эмил Жураевдин пикиринде, бул мыйзам долбоору тышкы саясаттын багытынан жана президенттин пикиринен көбүрөөк көз каранды.

- Биздин саясий лидерлердин, депутаттардын дээрлик 90 пайызы орусиячыл. Ошондуктан алар Орусиянын лоббисин ишке ашырышат. Эгер биздин тышкы саясат, башка мамлекеттер менен болгон алака мурдагы калыбында калса, мыйзам кабыл алынышы толук мүмкүн. Менимче, экинчи окууда депутаттардын баары эле колдоп, добуш берет.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин бул мыйзамга бирде каршы, бирде калыс пикирин билдирсе, акыркы талкуулар боюнча ачык оюн айта элек.

Четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Байкоочулар Кыргызстанда сунушталып жаткан долбоор анын көчүрмөсү катары Кремлдин таасири астында экенин белгилешет. Бир катар эл аралык уюмдар аталган мыйзам өлкөнүн Башмыйзамына, адам укуктарына каршы келерин айтышан.

Эгер долбоор кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар Соцфондго, Салык кызматына төлөмдөрүнөн тышкары, Юстиция министрлигине каржы булактары, жүргүзгөн ишмердиги тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилет.

Ушул темага арналган "Ыңгайсыз суроолор" программасы

XS
SM
MD
LG