Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Шайлоо кимдин багын ачты?


Алдын ала эсептөөлөр боюнча Бишкек шаардык кеңешине КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Замандаш-Современник” партиялары өттү.

Ага ылайык, шаардык кеңештеги 45 мандат ушул төрт партияга бөлүнөт.

Бишкек шаардык кеңешинде алдыга озгон КСДП 21 мандатка ээ болушу мүмкүн. Социал-демократтарды шайлоого мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы директору Канат Аманкулов баштап чыккан.

Андан тышкары Бишкек шаардык кеңешинин азыркы төрагасы Аманбай Кайыпов баштаган учурдагы депутаттар Наталья Щербакова, Жумабек Салымбеков, Сергей Шин, Павел Десятников, Шаукет Нурдинов, Василий Дашковдор да бар.

Тизмеңде ким бар?

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов акыркы жыйынтык чыга электигинен мандаттардын саны азайып же көбүйүшү мүмкүн дейт.

- Зарылчылык болсо, одоно мыйзам бузуулар болгон добушканаларды кайрадан эсептейбиз же ал жердеги шайлоону жокко чыгарабыз. Андыктан мандаттардын саны өзгөрүшү мүмкүн. “21 мандат, 11 мандат алат экен” деп, алдын ала жыйынтыктар боюнча гана айтып жатышат. Канчасы калып, канчасы кемий турганы али белгисиз.

Ал эми добуштардын саны боюнча экинчи орунду багындырып, 11 мандат алат деп күтүлүп жаткан “Республика” партиясы мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди тизмеге биринчи кылып киргизген.

Талдоочулардын баамында, бул партиянын мандат алат деп күтүлүп жаткан талапкерлери негизинен жаңы ысымдар. “Республика” Жогорку Кеңештегидей эле шаардык кеңеште да оппозиция болот” дейт саясат таануучу Марат Казакбаев:

- Шаардык кеңеште сөзсүз түрдө сүйлөшүү болот. “Республика” өзүнчө калып, башкаларга кошулбайт. КСДП менен “Ата Мекен” биригет. Булар анан “Замандаш-Современник” менен сүйлөшө баштайт.

Мэрдин тагдыры белгисиз

Ал эми шаардык кеңеште 7 мандат алышы мүмкүн делген “Ата Мекенди” шайлоого партиянын Жогорку Кеңештеги депутаттары Жоомарт Сапарбаев жана Наталья Никитенко баштап чыккан. Бирок булар парламентти таштап, шаардык кеңешке келеринен күмөн санагандар арбын. Наталья Никитенко өзү да жергиликтүү басылмалардын бирине билдиргендей, Жогорку Кеңеш депутаты бойдон кала берчүдөй. Ал эми 7 пайыздык босогону акыркы болуп багындырган “Замандаш-Современник” партиясы Бишкекте алты мандатка ээ болору айтылууда.

Шаардык кеңеште көпчүлүктү түзгөн партиялар мэрди көрсөтүү жана шайлоо укугуна ээ болот. Бишкектин азыркы мэри Иса Өмүркулов былтыр февралда борбор калаанын депутаттары тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган.

БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров мыйзамдарга ылайык, ишеним көрсөтпөө же өз арызы менен кетүү сыяктуу беренелерди эске албаганда, Иса Өмүркулов 4 жылдык мөөнөтү акырына чыкканча иштеши керек дейт.

- Иштеп жаткан аткаруучу кызматкерлер өздөрүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин иштей беришет. Мыйзамда ошондой. Бирок булар кандай кылаарын азыр эч ким билбейт.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев жума күнү 25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Анда шайлоо эркин жана атаандаштык маанайда өткөнү менен айрым ыплас ыкмалардан арыла электигин көрсөттү деп айтты.

XS
SM
MD
LG