Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Театр жетекчиси Кулинскийге кылмыш иши козголду


Александр Кулинский. (Сүрөт "Вечерний Бишкек" гезитинин сайтынан алынды)
Александр Кулинский. (Сүрөт "Вечерний Бишкек" гезитинин сайтынан алынды)

Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын директору Александр Кулинскийге карата Биринчи май райондук прокуратурасы “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көзөмөл органынын маалыматында, Александр Кулинский кызмат абалынан пайдаланып, жарым миллионго жакын сомду мыйзамсыз түрдө өздөштүрүп алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Алманбет Абдраманов “Азаттыкка” билдирди.

- Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын директоруна карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштерин Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзүп жатат.

Кулинский сүттөн акпы?

Абдраманов кошумчалагандай, Кулинский мыйзамдуу айлыгы 7 миң сомду түзгөн театрдын башкы эсепчисине 34 миң сомдук, театрдын юристине 50 миң сомдук айлык чектеп, кызматкерлер менен келишим түзгөн. Ошентип театр директору 500 миң сомго жакын акчаны кымырып алды деп шектелүүдө. Кылмыш ишин козгоого театр жамааты жазган арыз негиз болгон.

Деген менен театр жетекчилиги көзөмөл органынын дооматтарын четке кагууда. Александр Кулинский менен байланышууга мүмкүн болгон жок, бирок театрдын маалымат кызматы кылмыш иши боюнча мындайча түшүндүрмө берди:

- Директордун дарегине кылмыш иши боюнча эч кандай расмий маалымат келе элек. Мындан мурдараак прокуратуранын текшерүүсүндө театрдын айрым төлөмдөрү боюнча маселе жаралган. Бирок анда өздөштүрүп алды деген сумма жөнүндө сөз да болгон эмес. Кулинский прокуратурага керектүү документтердин баарын көрсөткөн. Эгер дагы суроо болсо директор тергөөчүлөр менен иштешүүгө даяр.

Айтматов атындагы орус драма театры көптөн бери ызы-чуулардан, кылмыш иштеринен арыла албай келет. Мурдагы директор Борис Воробьев театрды бизнес долбоорго айлантканы үчүн жети жылга күчөтүлгөн режимге соттолуп, кийинчерээк жатак абагына которулган.

Бизнес долбоорго айланган театр...

Белгилүү драматург, маданий жана коомдук ишмер Мар Байжиев Маданият министрлиги бул театрдын жетекчилигине карата чара көрбөсө маданий очок, бизнес борборго айланганын айтууда.

- Кулинскийдин театр жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок. Ал кесипкөй артисттердин баарын кубалап жиберди. Репертура, афишанын баарын жоготуп, театрды кафе-ресторан, сайрандоочу борборго айлантты. Биз айтсак укпай койду. Баары жапайы болуп кетти. Андан көрө мурдагы жетекчи Воробьев дурус болчу. Кулинский болсо каяктагы жаш немелерди алып келип театрды талкалады. Министрлик буга чукул чара көрүш керек.

Ашуудан ат алмаштырып вице-премьер-министрликтен Билим берүү министрлигине кетип жаткан Элвира Сариеванын айтымында, маданий мекемелерди калыбына келтирүү тапшырмасы министр алдына мурда эле коюлган, бирок ушу кезге чейин аткарылбай келет.

- Өкмөт тарабынан маданий мекемелерден кафе-ресторандарды чыгаргыла деген тапшырма болгон. Бирок аны мурдагы министр Талиева аткара алган жок. Эми Максүтов бул тапшырманы ишке ашырышы керек.

Буга чейин тележурналист жана медиа-эксперт катары белгилүү болгон Александр Кулинский театрдын жетекчиси болуп ушул жылдын апрель айында дайындалган.

XS
SM
MD
LG