Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Туңгуюктагы Жусупбеков, табасы канган "каралар"


Марс Жусупбеков.
Марс Жусупбеков.

Октябрь райондук сот залынан камакка алынган Жусупбеков өзү мурда жетектеген №1 тергөө абагына жеткирилген. Убагында кримтөбөлдөр тескеген СИЗОдо темирдей тартип орнотом деген Жусупбековду абактагы айрымдар “өз колубуз менен жазалайбыз” деп коркутушкан. Ал ортодо маалымат каражаттарында абактагы "кримтөбөлдөр" отурган камералар кайра ачылып, ага нааразылык билдирген 60тан ашуун кызматкер иштен кетип жатканы тууралуу маалымат тарады. Бул коомчулукта жабык жайларды реформалоого кыргыз бийликтеринин эрки дагы, чама-чаркы дагы жетпейби деген суроону жаратууда.

Октябрь райондук сотунун чечими менен “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан” деген беренелер боюнча соттолгон Марс Жусупбеков учурда кардиология борборунда дарыланууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

- Тергөө абагында жаткан Жусупбековдун абалы оорлоп, тез жардам менен кардиология борборуна жеткирилген. Врачтардын айтымында, анын кан басымы ылдыйлабай, гипертоникалык криздин үчүнчү баскычындагы тобокелге кабылган. Азыркы учурда неврология бөлүмүндө дарыланып жатат.

"Жусупбековдун өмүрү коркунучта"

Эске салсак, Марс Жусупбековду өзү мурда жетектеген №1 тергөө абагына камакка алганда, аны ал жердеги эркинен ажыратылган адамдар “өз колубуз менен жазалайбыз” деп өмүрүнө коркунуч туудурган. Мына ушул коркунучтан тезирээк алыстоо максатында Жусупбеков сот өкүмү боюнча жогорку инстанцияга доо арыз жазуудан баш тарткан. Эгер арыз жазса, аталган абакта сотко чейин жанын тобокелде кармамак.

Жусупбековдун жакындары аны башка абакка которуу арызы менен акыйкатчы Бакыт Аманбаевге кайрылышкан.

- Туугандары Жусупбековдун өмүрү кооптуу кырдаалда экенин бизге арыз менен билдиришти. Чынында эле тергөө абагындагылар кыйкырык салып, өз колубуз менен өлтүрөбүз деп чыгышкан. Негизи сот өкүмүндө кайсы тергөө абагына камалары так көрсөтүлгөн эмес. №1 тергөө абагына эмне үчүн алып барганы түшүнүксүз,- деди Аманбаев.

Деген менен райондук сот акыйкатчынын Жусупбековду башка абакка которуу боюнча кайрылуусун канааттандырган эмес.

Кримтөбөлдөр кайрадан баш көтөрдүбү?

Ал ортодо 13-май күнү сөз болуп жаткан тергөө абагында иштеген 64 кызматкер иштен кетүү боюнча арыз жазганы, ал жерде кармалып турган Лимонти деген каймана ат менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмаз Сулайманов отурган камеранын эшиги ачылып ичине жалпак телевизор, муздаткыч киргизилгени айрым интернет сайттарга жарыяланып кеткен. Элеонора Сабатарова окуя болгон жерге ЖАМКнын башчысы Советбек Арбаев өзү барып, териштирүү жүргүзгөнүн тастыктаганы менен 64 кызматкердин иштен кетүү ниети болгонун жокко чыгарды. Сабатарова абакка муздаткыч жана телевизор киргизүүгө мыйзам жол берет деп интернеттеги маалыматтарды четке каккан жок.

Аты-жөнүн сыр бойдон калтырууну каалаган аталган абактын мурдагы кызматкери абак ичин көзөмөлдөө үчүн атайын коюлган видеокамералар көптөн бери иштебей калганын айтууда.

- Жанагы “блатнойлор” отурган камералардын эшиги ачылды дегендин баары видеокөзөмөлдүн жоктугунан болуп жатат. Анткени буга чейин иштеп жаткан видеокамералар кимдир бирөөлөрдүн буйругу менен эки ай мурда алынып салынган.

“Өзү жетектеген түрмөгө өзүн камоо тарыхта жок”

“Блатной” демекчи Марс Жусупбеков 2011-жылдын декабрында абактагылар ачкачылык жарыялап, башаламандык болуп жатканда аталган жайга жетекчи болуп келип абалды жайгарганы белгилүү. ЖАМКнын ошол кездеги башчысы Шейшенбек Байзаков убагында №1 тергөө абагындагы кримтөбөлдөрдүн ачык турган камераларын жаап, темирдей тартип орноткон Жусупбеков жеке кызыкчылыктардын курмандыгына айланганын айтат. Байзаков өзү жетектеген абакка өзүн камоо “каралардын” да, “кызылдардын” да мыйзамына сыйбайт деген пикирде.

- Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө мындай кылбайт. Өзү иштеген абакка камаганы таптакыр туура эмес. Ишиндеги кемчилик үчүн кызматтан алуу деле жетиштүү болмок. Өкүм чыгарган сот деле өзү жетектеген абакка кантип камайм деп ойлонсо болот эле да. Жок дегенде УКМКнын тергөө абагына камаш керек эле. Ал тергөө абагына тартип орноткон. Азыр Марс сыяктуу жүрөгүндө жалы, духу бар кызматкерлер аз санда. Марстан жогору тургандар аны “подстава” кылышты.

Байзаков абак ичиндеги окуялардын дароо интернетке чыгып кетиши Жусупбековду камоо үчүн атайын сценарий иштеген деп боолгойт.
Марс Жусупбеков өзүнө каршы козголгон кылмыш иш, соттолуучу Абдулла Юсуповго байланышкан жагдайлар тууралуу “Азаттыкка” маек курду, 01.01.2014
Жусупбеков: Генералдын айтканын аткардык
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:26 0:00

Кылмыш дүйнөсүнө экинчи жолку утулуу...

“Караларга”, кримдүйнөнүн лөктөрүнө аеосуз күрөш жүргүзөбүз деген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев түрмөдөгү адамдын көрсөтмөсү менен түрмө башчысынын эркинен ажырашын сот системасындагы эң чоң алешемдик деп билет.

- Бул окуя албетте биздин кылмыш дүйнөсүнүн алдындагы Батукаев маселесинен кийинки экинчи утулушубуз. Түрмөдөгү адамдардын диктовкасы менен жашаган мурдагы ЖАМК башчысы Зарылбек Рысалиев менен анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев өз кол алдындагы адамды салып берип, өздөрү кутулуп кетишти. Эгер мындай жол менен кетсек, Жусупбековдун тагдыры дагы далайларды күтүп турушу толук мүмкүн.

Марс Жусупбековго 2013-жылдын ноябрында Башкы прокуратура тарбынан кылмыш иши козголгон. Буга өткөн жылдын сентябрында интернетке жарыяланган видеотасма себеп болгон. Видеодо №1 тергөө абагында Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолуп, абактын “эрке баласы атыккан” Абдулла Юсупов жана бир нече эркинен ажыратылган адам жайыл дасторкон үстүндө бири-бирин Айт майрамы менен шатыра-шатман куттуктап жатканы көрсөтүлгөн. Майрамдык маанайга бөлөнгөн камерада өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоев да болгон.

XS
SM
MD
LG