Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Боёнбосоң иш да таппайсың...


Жаштарды ишке чакырган жарыялардын дээрлик баарынан басмырлоону көрүүгө болот. Жаш өзгөчөлүгүнө, сырткы келбетине жана жынысына карата чектөө койгон учурлар оголе көп. Маалымат каражаттарындагы жарыяларды көрүп, дароо интимдик кызмат сунуштаган жумуш болсо керек деген ой келет. Бирок бүгүнкү күндө негедир кадимки эле официант, сатуучу, тейлөөчү кызматтарга да ошол талаптардын негизинде жумушка алып калышкан.

23 жаштагы бир кыздын окуясын айтып берейин. Ал жогорку билимдүү, табиятынан абдан сулуу кыз. Эмгек күчүн талап кылган жарыя боюнча жумушка орношоюн деп, Бишкектеги ири компаниялардын бирине барган. Бирок ишкана жетекчисине жетпей эле анын жардамчысынан “кечиресиз, сизди шефке киргизе албайм, анткени боёнбой келиптирсиз” деген жоопту угуп, нес болгон. Бир топко жаман болуп жүрдү. Кыскасы бир жылдан кийин араң бир ишке орношту.

Бул мен билген бир эле мисал. Мындай учурлар жүздөп саналат. Баш мыйзамыбыз боюнча ар бир жаран эркин иштөө укугуна ээ. Бир да жаран келбети же башка өзгөчүлүгү үчүн басмырланбайт деп жазылган. Иш жүзүндө жумушсуздардын укугу корголбой эле, кордолуп келет. Өзгөчө кыздарды жөн гана буюм катары колдонушкан учурлар кездешет. Кези келгенде кубалап жиберип, башкасын чекесинен чертип алышат. Анткени ишсиз кыздар чачтан көп.

Ойлонуп көрөлү, азыр иштеп жаткан жумушуңузду табуу үчүн канча күн же канча ай, балким бир нече жыл кеткендир. Араң тапкан ишиңизде эртең башыңызга бир кырсык келчү болсо, сизге жардам берип, кайрадан эле бирге иштешип кете аламын деп кепилдик бере аласызбы? Менимче жок, кудай анын бетин ары кылсын...

Кафелердин биринде иштеген досум менен ара-чолодо сырдашып калабыз. Жумушундагы акыйкатсыздыкты айтып нааразы болуп келет. Мыйзамдуу укугун жакшы билет, бирок колумдан эмне келмек эле деп баарына чыдап жүрөт.

“Бүгүн бизге татынакай бир кыз жумуш издеп келиптир. Жетекчибиз дароо эле сыртынан жактырып, иш тажрыйбасы жоктугуна карабастан ишке алды. Айлык акысын 15 миң сом деди кызыктырып. Ошондон эки жума мурун эле дагы бир кыз келген. Анын сырткы келбети анча эмес, бирок бардык ишти майын чыгарып жасайт. Чоңубуз өңү-түсүн карап туруп эле, сенин маянаң 8 миң сом деп койгон. Азыр ачуусунун бүт баарын күндө ошол кыздан чыгарат. Ишти мизилдетсе да жакпайт”,.. дейт курбум.

Мындай абалга дуушар болгондор четтен чыгат. Көбү намыстанып эч кимге айтпайт же кимге кайрыларын билбейт. Ушинтип чоңдордон жеме укса да, алардын орой мамилесин көтөрүп, баарына кайыл болуп иштеп келишет. “Кыргызстанда иш издеген көп, сен кетсең башкасын таап алам”, деп жетекчи сөрөйлөр керек болсо ачык эле коркутушат экен. Башка кимдин эшигин какмак элем деп, иштин табылганына сүйүнүп иштеп жатышпайбы көбү.

Азыркы жаштар ишке орношкондо эч кандай эмгек келишим түзүлбөйт. Эгерде маанайы жок болсо, жумурткадан кыр издеп, каалаганча урушуп, маянасын да бербей айдап жиберет. Анткени Кыргызстанда иш жок, өзгөчө студенттерге ийкемдүү иш табуу кыялдагы жомок. Анткени расмий маалыматтар боюнча өлкөдөгү ишсиздердин саны 200 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтар боюнча бери дегенде эки эсе көп. Өз мекенибизде ушинтип кордук көрүп жатсак, бөтөн жерде бөлөк элге кор болгон мекендештерибизди кеп кылып эмне кылабыз...

Даткайым Азамат кызы, “Азаттыктын” практиканты

XS
SM
MD
LG