Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Курсанттын катка катылган өлүмү...


Иллюстрация
Иллюстрация

Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун 19 жаштагы курсантынын өлүмү кыргыз армиясындагы чоңсунуу маселесин кайрадан козгоду.

Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанты, 19 жаштагы Арстанбек уулу Рустамдын өлүмүн Коргоо боюнча мамлекеттик комитет териштирет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Эргешбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жоокер аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткен.

- 2015-жылы Нарын аскер комиссариаты тарабынан чакырылган 19 жаштагы кенже курсант 5-майдын кечинде аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кетип калган. 6-майда Нарындагы үйүнөн сөөгү табылган. Мамлекеттик коргоо комитетинин жетекчилиги бул факт боюнча кызматтык иликтөө дайындады. Башкы штаб бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Иликтөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Жоокердин купуя каты...

Анткен менен жоокердин туугандары анын өз жанын кыйышына аскер окуу жайындагы чоңсунуу себеп болгонун айтышууда. Мындай дооматка анын өлүм алдында жазган каты себеп. Рустам окуу жайдын текчесине калтырып кеткен катында анын өлүмүнө 3-курстун курсанттары күнөөлүү экенин жазган. Маркумдун агасынын айтымында, иниси буга чейин эле чоң муштумдардын ыдыгынан тажаганын кыйыткан экен.

- Үйгө келгенде сурасак, "окуудан тажадым, окубайм" деди. Себебин катка жазып, окуу жайдагы көк шкафка салганын айтты. Институттагы балдар аркылуу катты алдыргыча эле асынып калыптыр. Кийин катты окусак "баарына 3-курстун курсанттары күнөөлүү, мага ыдык көрсөткөн рэкеттерди окуу жайдын баары билет. Окуу жайдан ошолор чыгарды, 7-майда Орусияга кетем, билет алдым" деп жазыптыр.

Аталган аскер институтунун жетекчилиги окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Төрт жылда 62 өлүм

"Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова аскерлер өз жанын кыят делгени менен суицидге аргасыз кылган жагдайлар тыкыр иликтениши керектигин белгилейт.

- Өз жанын кыйып жатышат. Бирок суицидге жеткирүү деген жагдай бар. Балдарды ошого жеткиришет, өз жанын кыюуга аргасыз кылышат. Мындай учурда аскердик курамдын жетекчилерин иштен алышат. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартып эле келишет. Бирок кырдаал өзгөрбөй жатат. Ал үчүн комплекстүү чараларды көрүү керек.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун иликтөөсүндө соңку төрт жылда эле кызмат өтөп жатып ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлер саны 62ге жетсе, алардын 70 пайызы өз жанын кыйган. Арстанбек уулу Рустам январдан бери аскерде ажал тапкан үчүнчү жоокер. 4-майда Кара-Көлдөгү жоокерлер мушташып, бири алган жараатынан жан берген.

Жыл башында Балыкчыда дагы бир жоокер окко учкан. Байкоочулардын баамында, кыргыз армиясында кызматта жүрүп, ажал тапкандардын көбөйүшүнө чон муштумдардын жазасыз калышы себеп экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG