Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Тынчтык проспектиси Айтматовдун атын алат


Айтматовдун Бишкектеги эстелиги
Айтматовдун Бишкектеги эстелиги

Бишкек мэриясы борбордогу Тынчтык проспектисине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштады. Демилге шаардык кеңеш депутаттарынын колдоосуна ээ болсо, коомдук талкууга чыгарылат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиевдин билдиргенине караганда, Чыңгыз Айтматовдун ысымын Тынчтык проспектисине ыйгаруу тууралуу мэриянын сунушун шаардык кеңеш сессиянын күн тартибине киргизүүгө макулдук берди.

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Рысбай Аматов сунуш жөндүү экендигин айтып, кесиптештерин аны колдоого чакырды.

- Бул колдоого алаарлык демилге. Айтматовдун дүйнөлүк адабиятта татыктуу орду бар. Шаардык кеңештин депутаттары колдойт деп ишенем. Тынчтык проспектин Айтматовдун атына өзгөртүү бул алгачкы эле кадам деп ойлойм. Анткени Бишкектеги төрт чоң район дагы орусча аталып жүрөт. Биздин мамлекет Кыргыз Республикасы деп аталгандан кийин ага төп келген аталыштарга ээ болуш керек.

Бишкек шаардык мэриясы
Бишкек шаардык мэриясы

Чыңгыз Айтматовдун ысымын Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу демилгеси 2008-жылы эле көтөрүлгөн. Ал жылы Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында президент Бакиев атайын токтом чыгарган. Токтомдун негизинде борбордогу Эмен сейил багына жана Кыргыз улуттук орус драма театрына Айтматовдун ысымы ыйгарылган. 2011-жылы Киев көчөсүнүн Ала-Тоо аянты тушуна жазуучунун эстелиги да тургузулган.

Көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу маселеси бир нече жолу каралып, бирок ишке ашкан эмес. Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жусуп Бошкоев маселени кароо алты жылга жакын убакыттан бери кечеңдетилип келгенин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

- Мыйзам боюнча каза болгон адамдын ысымы беш жылдан кийин гана көчөлөргө ыйгарылыш керек. Ага карабай 2009-жылы да бул демилге көтөрүлүп, бирок мыйзамга каршы келгендиктен каралбай келген экен. Азыр эми мыйзамда каралган мөөнөт өттү. Айтматовдун ысымын Бишкек шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине ыйгаруу сунушу көтөрүлгөнү бул колдоого алаарлык нерсе.

Люксембургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы көчө. Сүрөт: А.Суйменалиева.
Люксембургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы көчө. Сүрөт: А.Суйменалиева.

​2008-жылдан бери Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында иш жүргүзгөн комиссия бир катар сунуштарды өкмөткө жолдогон. Сунуштардын арасынан эң ири, борбордук көчө саналган Тынчтык проспектиси ылайыктуу деп табылган.

Тынчтык проспектиси Лев Толстой көчөсүнөн башталып Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясына чейин созулат.

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик, архитектура жана курулуш бөлүмүнүн башкы адиси Наталья Оранова көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө учурда мораторий бар экенин эске салды. Эгер Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары макулдук берсе, маселе коомдук талкууга коюлмакчы.

- 2018-жылга чейин көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Ошондон улам Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында талкуулоо сунушталды. Эгер депутаттар колдосо, коомдук талкууга чыгарылат. Андан соң бир айдан кийин Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралып, чечим кабыл алынат.

Наталья Оранова кошумчалагандай, Тынчтык проспектисинин аталышын өзгөртүүгө кете турган каражат алдын ала эсептелген. Лев Толстой көчөсүнөн Ала-Арча резиденциясына чейин аталган проспекттин башка көчөлөр менен кесилишкен аймактарына көчөнүн аты жазылган 58 такта илинет. Буга чейинки жазылган имараттагы номурлар азырынча өзгөрүүсүз калтырылат. Ар бири 740 сомдон 1200 сомго чейин деп бааланууда. Жалпысынан 48 миң сомдон 70 миң сомго чейин керектелет.

Географиялык аталыштар боюнча мыйзамдарга ылайык, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө сарптала турган каражат жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланышы керек. Ал эми көчөгө байланышкан документтерди муктаждыгына жараша шаар тургундары өз алдынча Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу жаңы аталышка өзгөртүп алышат.

Кыргыз Эл баатыры, даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы буга чейин Орусиянын Казан, Түркиянын Анкара шаарындагы көчөлөргө берилген. Ошондой эле Люксембургда бир көчөгө аты ыйгарылган.

Февраль айынын башында Астана шааардык кеңешинин сессиясында калаадагы көрүнүктүү көчөгө кыргыз жазуучусунун атын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган көчө Астананын Есил районунда жайгашкан жана узундугу 4 км. Мындан тышкары, жазуучунун ысымы Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы сейил бактардын бирине ыйгарылса, Москва шаарында эстелиги тургузулган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG