Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Бешимов: Беларус Бакиев Минскиде экенин тастыктаган жок


Беларустун Башкы прокуратурасы эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевге каршы козголгон кылмыш ишти “саясий куугунтук” катары мүнөздөгөнү Кыргызстандын тышкы иштер мекемесинде тынчсыздануу жаратты. Интернет булактарында экс-президент Бакиевдин эл аралык издөөдө жүргөн иниси Жаныш Бакиевдин Минскиде ээн-эркин жүргөн сүрөтү тарагандан кийин, расмий Бишкек Беларуска нота жиберип, Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүнү өтүндү.

Бул боюнча "Азаттыктын" суроолоруна тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов жооп берет.

- Беларус Башкы прокуратурасынын соңку билдирүүсү эл аралык издөөдөгү Жаныш Бакиев Беларустун аймагында экенин тастыктайбы?

- Беларустун мамлекеттик органдары тарабынан тастыкталган жок. Алар биз жиберген вербалдык нота боюнча акыркы билдирүүсүндө – тиешелүү органдар иликтөө иштерин алып барат деп айтылат. Андан кийин жообун беребиз дешти. Минскиден келген акыркы билдирүү ушул.

- Ошол эле учурда беларус тараптын билдирүүсүндө Жаныш Бакиев Кыргызстанда саясий негизде куугунтукталышы мүмкүн деген айтылып жатпайбы?

- Өзүңөр билгендей, биздин Башкы прокуратура Минскиге бир нече жолу кайрылган жана тиешелүү бардык материалдарды берген. Ал материалдарда бул саясий негизде эмес, кылмыш иш экени көрүнүп эле турат. Соттук териштирүүлөрдө, мына Медет Садыркудловдун сотунда деле анын адам өлтүрүүгө катыштыгы бардыгы аныкталды, эми бул эч кимге жашыруун эмес. Ошонун негизинде Башкы прокуратура Беларустун Башкы прокуратурасына бир нече жолу кайрылган, бардык тастыкталган документтер берилген.

Бирок Беларус прокуратурасынын июнь айындагы акыркы жообунда бул саясий куугунтук [Жаныш Бакиевге карата] катары эсептелет, биз ал кадамга бара албайбыз деп айтылган. Аны менен катар эле Жаныш Бакиев Беларустун аймагында жок, ал биздин өлкөгө келген эмес, эч кандай маалымат жок деп жооп беришкен.

Өзүңүздөр билгендей, маалымат каражаттары менен интернетте тараган сүрөттөрдү, маалыматтарды анализдеп көрүп, бүгүн Жаныш Бакиев Беларустун аймагында жүргөнү шексиз деп ойлоп жатабыз.

- Жаныш Бакиевди кармап, Кыргызстанга алып келүү үчүн кандай механизмдер бар?

- Беларус менен Кыргызстандын мамилеси жакшы. Эки өлкөнүн тең КМШ, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын ичинде милдеттемелери бар. Алардын эң башкысы – Минск конвенциясы. Андан сырткары көп жолу эки тараптуу жолугушуулар болгон. Өткөн жылдын декабрь айында КМШнын юбилейлик жыйынында президенттер жолукканда беларус тарап бизге кепилдик берген. Эгер анын күнөөсү далилденсе жана биздин аймакка келсе жардам беребиз дешкен, ошондой эле Жаныш Бакиевге Интерпол дагы саясий куугунтук эмес деп издөө жарыялаган.

- Демек беларус бийликтери Жаныш Бакиевди коргоп, ошол эле учурда кыргыз тарапка жардам беребиз деп көңүлүн жубатып жатабы?

- Мен андай айыптоону эч бир тарапка айта албайм. Алардын жообун күтөлү.

- Тилекке каршы буга чейин бир катар өлкөлөр Кыргызстандын тигил же бул жаранды өткөрүп бергиле деген өтүнүчүн четке кагып коюшту. Бул ирет дагы ошол кайталансачы?

- Эми анын өз механизмдери бар, убакыт көрсөтөт. Эгерде маселе ийгиликтүү чечилбесе, анда биз КМШнын алкагындагы келишимдер эмнеге аткарылбайт деген суроону көтөрөбүз. Буга чейин биз ал маселени бир дагы жолу көтөргөн эмеспиз, бирок акыркы түзүлгөн кырдаал боюнча иш-аракеттерди кылабыз.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG