Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Беларус Бакиевдерди береби?


Курманбек жана Жаныш Бакиевдер бийликтен кулатылгандан кийин Ош шаарындагы митингде. 15-апрель, 2010.
Курманбек жана Жаныш Бакиевдер бийликтен кулатылгандан кийин Ош шаарындагы митингде. 15-апрель, 2010.

Жогорку Кеңеш Бакиевдерди Беларустан экстрадициялоого көмөктөшүүнү өтүнүп, эл аралык парламенттик уюмдарга кайрылуу кабыл алды.

11-февралда сот Медет Садыркуловдун иши боюнча Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиевди өмүрү өткөнчө абакка кескен. Ошондон кийин Жогорку Кеңеш өткөн бейшемби күнү эл аралык парламенттик уюмдарга бир добуштан кайрылуу кабыл алды. Анда буга чейин Беларус бийлиги Бакиевдер Кыргызстанда саясий негизде гана куугунтукталып жатат деп келсе, эми алардын кылмышын тастыктаган сот чечими чыккандыгы белгиленет.

Андыктан Беларус Бакиевдерди өткөрүп бериши керек дейт парламенттеги эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев:

- Мамлекеттин жана бийликтин бүткүл мүмкүнчүлүгүн адам өлтүрүүгө багыштаганы - бул дүйнөдө чоң кылмыш болуп эсептелет. Биз эл аралык абройлуу жана беделдүү уюмдарга чоң ишеним менен кайрылуу жөнөтүп жатабыз. ЕККУга кайрылдык, анын бул боюнча эл аралык укуктук эрежелери бар. Шериктеш мамлекеттерге жана ЖККУга да кайрылдык. Ошондой эле
ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттерге кайрылдык.


Мурдагы президент Курманбек Бакиевге 2010-жылы апрель окуясынан кийин Беларус президенти Александр Лукашенко өз өлкөсүнөн башпаанек берген. Өткөн жылы Жаныш Бакиевдин да Минскиде жүргөндө тартылган делген сүрөттөрү интернетке жарыяланган болчу. Анткен менен кайрылууда аты аталган уюмдар Жогорку Кеңештин өтүнүчүнө көңүл бурабы?

Талдоочу Санжар Тажыматов бул өлкөнүн имиджине байланышкан маселе экенин айтат:

- Эми бул уюмдар көңүл бурган убакта дагы Беларус бийлигине таасир эте тургандай мүмкүнчүлүктөрү болуш керек. Бул мамлекеттердин тышкы саясаттагы аброюна байланыштуу маселе.

Ал эми мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов соттун чечими Бакиевдерди кайтарып берүүгө негиз боло алат деп эсептейт.

- Соттун чечими эл аралык уюмдар үчүн кадимкидей негиз боло алат. Бирок Беларус мамлекети өткөрүп бербейт го. Анткени Бакиевге жарандык берилген. Ал эми Беларустун Баш мыйзамында өз жарандарын башка мамлекетке өткөрүп бербейт деген жобо бар. Ошон үчүн бул жерде соттун чечими да таасир эте албашы мүмкүн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы буга чейин Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Беларуска бир канча ирет өтүнүч жөнөтүп, бирок натыйжасы болгон эмес. Соттун чечиминен кийин азыр дагы бир ирет өтүнүч жөнөтүү аракети көрүлүүдө.

Бирок бу сапар да Бакиевдерди кайтарып берүүдөн расмий Минск баш тартат дейт беларустук серепчи Александр Класковский:

- Алардын макамы өзгөрүп, сот тарабынан кылмышкер деп табылганы менен Беларус ар кандай жолдор менен Бишкектин өтүнүчүн канааттандырбайт. Бул азыр Лукашенко үчүн “абийирдин иши”. Анткени ал Бакиевди кыйынчылыкка таштабай турганын буга чейин ачык айткан. Ошол позициясында турат. Ал муну саясий куугунтуктоо деп эсептейт.

Бишкек гарнизонунун Аскер соту 11-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан. Алар мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү үчүн айыптуу деп табылган болчу.

Ошондой эле алар 7-апрелде элге карай ок атуу боюнча да айыпталышууда.

XS
SM
MD
LG