Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Төө бурчактын баасына анализ жасалды


Айыл чарба министрлиги төө буурчактын акыр жылдардагы өндүрүмдүүлүгүнө жана баасынын өсүүсүнө анализ жасады.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдирүүсү боюнча, төө буурчакка болгон орточо сатып алуу баасы (сом менен) 2010-2014-ж.ж. төмөндөгүдөй болгон:

2010-ж. - 18-22 сом/кг, жаз мезгилинде - 28 сом/кг;

2011-ж. – 28-30 сом/кг, жаз мезгилинде - 35 сом/кг;

2012-ж. – 30-35 сом/кг, жаз мезгилинде - 50 сом/кг.

Эми 2013-жылдан 2014-жылдын сентябрь айына чейин жүргүзүлгөн мониторингге сереп салсак:

2013-ж. сентябрь-ноябрь – 65-74 сом/кг,

2013-ж. 1-декабры – 74-83 сом/кг,

2013-ж. 29-декабры – 95-100 сом/кг,

2014-ж. 20-январы – 100-113 сом/кг,

2014-ж. 28-январы – 105-115 сом/кг,

2014-ж. 28-февралы – 105-115 сом/кг,

2014-ж. 4-марты – 100-105 сом/кг,

2014-ж. апрель-август – 60-65 сом/кг,

2014-ж. сентябры – 65-75 сом/кг.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын көрсөтүүсү боюнча төө буурчак 2012-жылы 62,3 миң тонна көлөмүндө 48 938,71 миң долларга, же 2 304,35 млн. сомго, 2013-жылы 62,47 миң тонна көлөмүндө 73 757,48 миң долларга, же 3 588,14 млн. сомго, ал эми 2014-жылдын январь-сентябрь айына карата 23,109 миң тонна көлөмүндө (2013-жылдын түшүмү менен) 29 980,65 миң долларга же 1 574,21 млн. сомго экспорттолгон.

Интернет булактарына таянсак, Түркиянын Мерсин шаарынын биржасында төө буурчактын орточо баасы - килограммы 111,72 сом болду.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда төө буурчак негизинен Талас, Чүй жана Баткен облустарында өстүрүлөт. Ички рынокто төө буурчакка болгон суроо-талап төмөн бойдон калууда. Бул калктын тамак-аш даярдоодо улуттук тамак-ашка көңүл бурулуп жатканына байланыштуу. Өлкөдө өстүрүлгөн төө буурчактын 80 пайызга чейини жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Талас облусунда төө буурчакты даярдоо жана экспорттоо менен 40тан ашык фирма алектенет. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 26сы экспорт иштерин алып барышууда.

Төө буурчак быйылкы жылы Түркияга (дээрлик 50 пайызы), Болгария, Сербия, Македония, Румыния, Босния, Герцеговина, Грузия жана башка өлкөлөргө жөнөтүлүүдө.

Буга чейин жүргүзүлгөн анализдерден улам кыргыз төө буурчагынын базарга тиешелүү деңгээлде атаандаштыкка жарамдуу жана мындан ары тынымсыз өндүрүү үчүн резервдери бар деп айтууга болот.

Төө буурчакты өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын көбөйгөндүгүнө байланыштуу аны кайра иштетүүнү өнүктүрүү зарылчылыгынан улам, ошондой эле дүйнөлүк рынокто кыргыз төө буурчагынын атаандаштыгын жогорулатуу үчүн дүйнөлүк деңгээлге дал келген, жогорку түшүмдүүлүктөгү дан жана үрөн алуу үчүн төө буурчакты өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын иштеп чыгуу жана төө буурчак продукциясын кайра иштетүү өндүрүшүн жөнгө салуу боюнча инвестиция тартуу багытында иштерди жүргүзүү зарыл.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы

XS
SM
MD
LG