Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Депутат аралашкан мал базар чатагы


Кочкордогу мал базардан бир көрүнүш (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Кочкордогу мал базардан бир көрүнүш (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Сокулуктагы тоок фабрикасынын кожоюну менен анын жанындагы жеке менчик жерге мал базар курабыз деген ишкерлердин ортосунда карама-каршылык күчөдү.

Жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу бир тарабы экинчи жагын каралап, чарбалык талаштын аягы чоң саясатка айланды.

Мал базарын курабыз дегендер мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы, депутат Динара Исаева мамлекеттик органдардын буга чейин берилген уруксат кагаздарын жокко чыгартып, алардын ишкердигин бууп салганын айтып, даттанууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева мындай дооматты четке кагып, ишкерлер өздөрү мыйзамды одоно бузуу менен уруксат кагаздарын алышканын жүйө келтирди.

Данияр Үсөновдун “дарамети”

Сокулук айылынын Краснодар көчөсүндөгү жеке ишкер Самсаалы Четинбаевдин эжеси Кутбүбү Четинбаевага катталган 3,4 гектар жер аянтына мал базарын ачууга уруксат берүү үчүн Крупская айыл аймагынын башчысы райондук экотехинспекцияга былтыр июль айында сунуш киргизген. Анда тиешелүү райондук кызматтардын корутундусу берилген соң бул маселе айылдык кеңештин кароосуна коюла турганы эскертилген.

Андан соң ветеринардык кызмат, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, өрткө каршы күрөшүү сыяктуу райондук кызматтар мал базарын ачууга болот деп корутунду чыгарышкан.

Бирок жеке ишкер Самсаалы Четинбаев кошуна турган “Ак куу” тоок фабрикасынын кожоюндарынын “ал жерди бизге сатасың” деген кескин талабы коюлганын белгиледи:

Самсаалы Четимбаев
Самсаалы Четимбаев

- Мал базарын ачабыз деп калганда Динара Исаева Арслан Сатпаев деген журналист аркылуу мени менен “Грифон” деген кафеде жолугушту. Динара Исаева “ал жериңди мага сат” деп айтты. Мен ошол кезде мага тоскоолдук боло бергенинен башка бир жергиликтүү ишкерлерге мал базарды ижарага иштетүү үчүн берип койгон элем. Ошондуктан мен жерди сата албай турганымды жана аны ижарага берип койгонумду түшүндүрдүм. Мына ошондон кийин көп өтпөй эле биздин колубузда уруксат берүүчү документтер болгонуна карабастан базарды иштетпөө үчүн уюшкан өнөктүк башталды. Биз башында анчейин маани берген эмес элек. Динара Исаева айткан сөзүнө туруп, чын эле базарды иштетпей койо ала турган таасири бар экенин далилдеди. Мени таң калтырган жагдай бул – азыр деле мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов бийликте тургандай анын жакындары бийлик жүргүзүп карапайым ишкерлерди каалагандай тебелеп жатканы.

Жокко чыгарылган жоболор

Сокулукта мал базарын ачууну көздөгөн жеке ишкер Самсаалы Четинбаев ага каршы тоскоолдук болгон соң, ал жерди жакында ижарага алган адамдарга биротоло өткөрүп берип, каттаткан. Бирок ага карабастан мына ошол мал базарын ачууну мерчемдеп жаткан жеке ишкерлер дагы аталган тоок фабрикасынын кожоюндарынын кысымына учурап, тоскоолдук улантылып жатканын айтышты. Жерди ижарага алгандардын бири, жеке ишкер Ильяс Жоробеков учурда мал базарын ачуу үчүн буга чейин алынган уруксат кагаздары түшүнүксүз себептер менен жокко чыгарылып жатканына токтолду:

- Мындагы райондук кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия келип бул жерди текшерип, анда мал базарын ачууга болот деген чечим чыгарган. Мына ошол комиссиянын протоколуна бардык кызматтардын өкүлдөрү кол койгон. Мындан сырткары ветеринария, санэпидстанция, өрткө каршы күрөшүү сыяктуу кызматтар мал базарын ачуу боюнча эч кандай доомат жок деген корутундуларын беришкен. Анан эле буга дагы ыраазы болбой “Ак куу” канаттуулар фабрикасынын жетекчилиги республикалык кызматтарга арызданган. Ал жактан 2-мартта башкы ветеринар Ашырбай Жусупов доомат жок, базар талапка жооп берет деген кат берген. Анан санэпиднадзордун жетекчиси Исаков деген дагы ушундай мазмунда кат жазып берген. Бирок андан көп өтпөй эле Ашырбай Жусупов кайра базар ачууга болбойт деген катын жөнөтүп отурат. Буларга биринчи туура деп, экинчисинде туура эмес деп корутунду берсе боло берет экен.

Жагдайдын мындайча кескин өзгөрүп кетүүсүнүн себебин жеке ишкерлер парламент депутаты, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеванын колунун узундугунан көрүшөт. Анткени алар мурда берилген уруксат кагаздары кайра өзүнөн өзү эле бир учурда жокко чыгарылышынан күмөн санашат. Бирок мындай дооматтарды Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Динара Исаева мындайча четке какты:

Динара Исаева
Динара Исаева

- Биздин Кыргызстанда ар бир адам мыйзамдын чегинде ишкердик кылууга укугу бар. Мыйзам чегинде бирөөгө тоскоолдук кылбай иштесе иштей берсин. Ага ким тыйуу сала алат? Биз аларга тоскоолдук кылып, ишкердик кылуусуна тыйуу салгыдай ким экенбиз. Ошон үчүн мунун бардыгы калп. Анан эми тааныш-билиштери аркылуу документтерди жасап алышкан болсо аны тиешелүү органдар текшериши керек. Ал жакта мал базарын ачууга болбойт. Мал базарынан башка айланага зыян алып келбей турган өндүрүш ишканасын ача беришсин. Анан эми мал базары болуш үчүн ага ылайыктуу жер болуш керек да.

Эки ача корутундулар эмнеге алып келди ?

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаеванын айтымында, Сокулуктагы “Ак куу” тоок фабрикасынын жанындагы жерди мал базарга айлантуу ветеринардык, экологиялык жана фитосанитардык ченемдерге каршы келет. Мына ошондуктан тиешелүү кызматтар мурда берген корутундуларын жокко чыгарууга туура келген. Анын бул айткандарын республикалык ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Улан Итикеев дагы ырастады:

- Башында уруксат берүүчү кагаздарды мына ошол райондук кызматтар берип койгон экен. Бул маселени көзөмөлдөө боюнча бизге арыз келгенден кийин анын бардыгын жокко чыгаруу боюнча көрсөтмө бердик. Биздин чечим ветеринардык мыйзамдардын чегинде чыккан. Анткени ага негиз катары мал базар курула турган жерде таза суу чыгаруучу дарбаза, жака белинде кондитердик цех жана турак-жайлар бар экен.

Бирок эмне себептен мурда тиешелүү кызматтар мал базар курууга уруксат берген кагаздарды берип коюп, бирок бир канча мөөнөттөн кийин аны жокко чыгарган чечимдери үчүн аларга кандай жаза берилгени белгисиз.

Улан Итикеев өзүнүн жетекчиси Ашырбай Жусуповдун башында макулдук берип, кайра аны жокко чыгарганы боюнча дагы түшүндүрмө бере алган жок. Мал базар ачууга уруксат берүүгө негиз берчү Сокулук райондук архитектура бөлүмү чийип берген долбоор менен кошо анын мерчемдөө шарттарын камтыган документтер кошо жокко чыгарылган. Ага чейин Сокулук райондук экотехинспекциясы мал базардын курулушуна уруксат берген. Баштапкы документтер чакыртылып алынган соң, анын кабыл алуу актысы дагы жокко чыккан. Сокулук райондук экологиялык техникалык инспекциясынын башчысы Таалай Андашов бул тууралуу мындай дейт:

- Сокулук районуна негизи башка бир жерден мал базар керек болчу. Анткени азыркы мал базар тар болуп, жолго чыгып кеткен. Ветеринардык жана экологиялык талаптарга жооп бербейт. Ошондуктан аны көчүрүү маселеси көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан болчу. Анан аталган ишкерлер башка бир жерден мал базар ачабыз деп чуркап калышты. Анан ал жерге мал базар курса болот деген тыянак менен санэпидстанция, ветеринария жана өрткө каршы күрөшүү кызматтары уруксат берген. Архитектура долбоорун чийген. Анан ошого ылайык биз ал жерде курулган сарай менен ажаткананын курулушун кабыл алганбыз. Кийин жогорудагы уруксат берүүчү документтер жокко чыгарылган соң, мен дагы биз берген документти кайра артка чакыртып алдык. Сотто деле ушуну айтып бермекмин.

Тирешкен ишкерлердин “тилкеси”

Ошол эле кезде “Ак куу” тоок фабрикасынын жетекчилиги аларга жанаша курулат деп мерчемделген мал базарынын курулушу ветеринардык жана санитардык эрежелерге каршы келери мурда эле ишкерлерге эскертилгенин белгиледи.

Тоок фабрикасынын башкы директору Нүргүл Малабаева мал базар салына турган жерге суу каналынын жакындыгы жана бургулап чыгарган ичүүчү суу тосмосунун анын тилкесинде калуусу коопсуздукка коркунуч туудурмак дейт:

- Биринчиден, эреже боюнча мал базар адамдар жашаган жерден жүз метр алыстыкта болууга тийиш. Анан калса ал жерде торт чыгара турган цех бар. Бул тамак-аш өндүрүшүнө кирет. Мал базар ага жакын жерде болбошу керек. Алардын аралыгы аябай эле жакын. Ошондой эле адамдар иче турган таза суу ошол жерде турат. Суунун коопсуздугуна ким кепилдик берет. Мындан сырткары биздин канаттуулар фабрикасы ал жерге жакын турат. Эл аралык эреже боюнча канаттуулар кармалган жайдын коргоо тилкеси миң метрден кем болбошу кажет. Мына ошонун бардыгын ал ишкерлерге айтып, түшүндүрө албай койдук.

Ошол эле кезде мал базарын ачууну көздөгөн жеке ишкерлер алар Динара Исаева башында турган чоң топтун басымында калганын айтып, аларга каршы ар тараптан маалыматтык чабуул жүрүп жатканын белгилешүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу жеке ишкерлердин кызыкчылыгы тебеленип, тиешелүү кызматтар мурда берген корутундуларын жокко чыгарууга аргасыз болду деп жүйө келтирилди.

Жеке ишкерлердин бири Каныбек Сарымсаков анын жеке өзүнө депутат Динара Исаеванын күйөө баласы тарабынан коркутуп-үркүтүү болду деп билдирди:

Каныбек Сарымсаков
Каныбек Сарымсаков

- Талант деген жигит мени чакыртып алып “Динара Исаева деген менин кайнежем болот, сен эмнеге ага тийишип жатасың” деп айтты. Ошондой эле ал аталган тоок фермасынын үстүнөн карай турганын эскертти. “Асылганыңарды токтоткула, гезиттерге жазбагыла, колуңардан эч нерсе келбейт” деди. "Андай болбосочу" десем "Анда мындай болот" деп үстөлдү бир муштады. "Бул коркутууубу" десем, "Ооба, ошондой деп түшүн" деди.

Бирок жерди ижарага алгандардын бири, жеке ишкер Каныбек Сарымсаков ага карата коркутуп-үркүтүү фактысы боюнча жергиликтүү милицияга арыз жазган эмес. Өз кезегинде мындай билдирүүнү депутат Динара Исаева чарбалык талашты чоң саясатка айлантуу аркылуу андан упай топтогусу келген кызыкдар топтордун бет тырмоочулугу катары баалады.

XS
SM
MD
LG