Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Жайыт маселеси кайрадан күн тартибинде


Жаз алды менен Баткенде кошуна өлкөлөрдүн малдарын жайытка чыгаруу көйгөйү көтөрүлө баштады. Өкмөттөр аралык келишимдин жоктугу пикир келишпестиктерди жаратып келет. Аймакта өткөн жылдагыдай чоң тирешүүлөрдү алдын алуу үчүн жергиликтүү тургундар “Жайыт тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгонун белгилешет.

Баткен облусунда жалпы 600 миң гектарга жакын жайыт болсо, анын 17 миң гектар аянты жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн жана облустук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын көрсөтмөсү менен Тажикстандын мал-жандыктарына уруксат берилип келинген.

Мындан сырткары Өзбекстандан да ушуга чамалаш эле санда мал-жандык Кыргызстандын жайыттарын пайдаланып келген. “Жайыт тууралуу” мыйзамдын жаңы талаптарына ылайык, өкмөттөр аралык келишимдин жоктугу эми кошуна өлкөлөрдүн мал-жандыктарын аймактын жайыттарына киргизүүгө болбой турат. Ал эми бул маселени жергиликтүү шартта чечүүгө мүмкүн эмес.

Өткөн жылы да ушундай келишимдин жоктугу жайыт талашты жаратып, Өзбекстандын Хушаяр айылы менен Кыргызстандын Согмент айыл тургундарынын ортосунда бир аптага созулган тирешүү болуп, жолдор тосулуп, унаалар талкаланган болчу.

Баткен районунун акими Хаитали Айкынов былтыркы жылы маселе убактылуу гана чечилгенин, быйыл да көйгөй сакталып турганын айтты.

- Айыл округдарында өткөргөн курултайларда жайыт элдин көйгөйлүү маселеси катары көтөрүлүп жатат. Чек арага жакын аймактагы жайыттарды пайдалануу проблемасы кандай болсо ошол боюнча турат. Өткөн жылы биз Өзбекстандын Сох районунун эли менен чоң тирешүүгө чейин барганбыз. Ал мезгилде чек ара кызмат башчысы жана губернатордун жолугушуусунда кабыл алынган юридикалык күчү жок болсо да, макулдашууга таянып кошуналардын мал-жандыктарын 3 айга убактылуу өз жайыттарыбызга киргизгенбиз.

Бул көйгөйдү жергиликтүү бийлик чече албайт. Анткени Тажикстан менен да, Өзбекстан менен да өкмөттөр аралык келишимдин жоктугу туңгуюкка дуушар кылууда.

Өткөн жылы Өзбекстандын Хушяр айылы менен Кыргызстандын Согмент айыл тургундарынын ортосунда бир аптага созулган тирешүү болгон.
Жергиликтүү бийлик парламентке да, өкмөткө да расмий кайрылган. Бирок көйгөй дагы деле чечилбей келгенин кошумчалайт аким Хаитали Айкынов:

- Мамлекеттик деңгээлде сунуштарыбызды бергенбиз. Жогорку Кеңештин төрагасы Келдибековго да кат менен кайрылганбыз. Ушул маселени карап, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганбыз. Бирок маселе ошол боюнча турат. Ошентсе да күндөлүк турмушубуз чек арада жашаган кошуналар менен байланыштуу. Биз аларды таптакыр киргизбей койо албайбыз. Ошондуктан биз алдын ала тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Мүмкүнчүлүк болгондо кайсы жайыттар өзүбүдөн ашат, мына ушуну карап, аракеттерди жасап жатабыз.

Жергиликтүү тургун Саатбек Эгембердиев аймактардын шартын эске алып, жайытты аянтына эмес, мал-жандыктын санына карап ижарага берүүнү колго алуу менен, маселени жергиликтүү деңгээлде чече тургандай “Жайыт тууралуу” мыйзамына өзгөртүү киргизүү зарыл деген пикирде:

- Жайыт боюнча маселе бардыгында бирдей болбогондуктан маселени өзгөчө аймактарга өзүнчө бөлүп караш керек. Мыйзамды карап Баткенге окшогон аймактарга жергиликтүү деңгээлде маселени макулдашып чечип ала тургандай жол болушу керек. Ошондо жергиликтүү казынага да каражат түшмөк.

XS
SM
MD
LG