Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Оппозиция талаптарын кайталады


Баткенде оппозициянын митинги өттү. Уюштуруучулар жыйынга миңдей киши катышканын айтса, жергиликтүү бийлик 500дөй деп маалымдады.

Баткен шаарында "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Журт", Коммунисттер партияларынын лидерлери, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кошулган оппозициянын "Адилет келечек" аттуу кыймылынын митинги миңдей кишинин катышуусунда өттү.

Жыйынды алып барган Адахан Мадумаров митингге Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынан да өкүлдөр катышканын айтты.

- Ушул аймактын гана жигиттери эле өткөрүп жатат деп айтышат. Бул туура эмес. Бизде Кыргызстандын бардык аймактарынан келген өкүлдөр бар. Бул жерде түндүгү-түштүгү жок. Баарыбыздын көйгөйүбүз бир. Аны башка өңүткө алуу үчүн жалаң ушул жактын саясатчылары уюштуруп жатат деп айтышууда.

Митинг 2 саатка созулуп, оппозиция лидерлери өкмөттүн ишин сындап, "элдин турмушун оңдоо жаатында жетишээрлик иштер жасалбай жатат" дешти.

"Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун "оппозиция менен жолуктум, сүйлөштүм, кээ бир министрлерди кызматтан четтетүү тууралуу макулдаштым" деген сөздөрүн четке какты. Ташиев жолугушууда 1-мартта Ошто өткөн митингде коюлган талаптар тууралуу Бабанов менн сүйлөшпөгөнүн белгиледи.

- Мен Бабанов менен жолукканымды танбайм. Жолуктум. Бирок столго отуруп, Ошто өткөн митингдин талаптары тууралуу талкуулаган жокпуз.

Оппозиция мунун алдында Баткен шаарында 20 миңге чейин киши катышкан митинг өткөрөөрүн билдирген болчу. Бирок бул жыйынга анча адамдын катышпай калган себебин түшүндүрүп, Адахан Мадумаров жергиликтүү бийлик митингге бут тосконун айтты. "Андан көрө аткезчилик менен Тажикстанга өтүп жаткан күйүүчү майларды токтотсо болмок", - деди Мадумаров:

- Элди жыйынга келтирбей койгонго күчү жеткен губерантор ошол жолду талкалап өтүп жаткан машианаларды токтото албайбы? Эгер минтип аткезчилик менен кетип жаткан унааларды токтото албаса, кызматтан кетиш керек. Булар акимчиликти, губернаторду басып алат экен деп коркушкан. Кудай сактасын, аркандап байласаң да ал жакка барбайбыз.

Ахматбек Келдибеков "митингге губернатор өзү да катышып, депутаттардын келгенинен пайдаланып, облуска тиешелүү маселелерди чечип алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланса болмок", - деди.

- Бул жерге депутаттар келип калды деп, ошол ооруканаларды, милициянын имаратын оңдоп алганга көмөк сураса болбойбу? Андан көрө митингге эч ким келбесин деп, ар тарапка пост коюп, кабинетинде отурса керек, Бабановго "шеф, буларды жайладым" деп отчет берип...

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Карамат Орозова жергиликтүү бийлик митингге жолтоо болбогонун белгилеп, уюштуруучулар митингге аз киши катышканын алардан көрүп жатканын айтты:

- Эч кандай бут тосуу болгон жок. Киши келбей калса эле бут тосту деп жатышат. Эл митингден тажаган. Анан да булар элдин талабын эмес, өздөрүнүн талабын эле коюп жатышат.

2 саатка созулган митингдин соңунда оппозиция 1-мартта Ошто коюлган талаптардын тез арада аткарылуусун, өкмөттүн жана башкы прокурордун тез арада кызматтан кетүүсүн талап кылды. Бул талаптар үчүн 7-апрелге чейин убакыт чектелди.

Эгер коюлган талаптар аткарылбаса, 10-апрелде Жалал-Абадда, андан ары Каракол, Бишкек шаарларында митингдер уланаары айтылды.

Жергиликтүү милиция жыйын мыйзам бузуусуз өткөнүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG