Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Лейлек: жайыттан жаңжал чыгып кете жаздады


Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен.
Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен.

Лейлек районунун аймагындагы жайыттарды тажик жарандарынын мыйзамсыз пайдалануусу нааразылык жаратты. ​

Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу жайытка мал баккан кошуна тажик айылдарынын тургундары бул жерден өткөн таза суу түтүгүн мал сугаруу үчүн тешип салган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо кошуналарга жайытка чыгууга уруксат бербегенин айтышууда.

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу жайыттагы түтүк тешилгенден улам Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн калкы бир канча күн таза суусуз калган. Буга жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип, жаңжал чыгып кетейин дегенде гана маселе чечилип, суу түтүгү оңдолгон.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Сулайман Эргешов тажик жарандарына мал багууга райондук бийлик уруксат берген, ошондуктан алар башка өлкө аймагында кенен-кесири жүрүшкөн деди.

- Бизге Кулунду айыл аймагы аркылуу ичүүчү суу келет. Аким Тажикстандан акимдери суранды деп, акчаны төлөтүп, жайытка кирүүгө уруксат берип койгон. Алар жөн жүрбөстөн биздин суу түтүгүбүздү тешип салыптыр. Биз бир канча күн суусуз отурдук. Мунун айынан жаңжал чыгып кетейин деп араң басылды. Биздин жарандар малын кошуна өлкө аймагына бакмак турсун 2 мүнөткө уруксаты жок кире албайт.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар соңку жылдары көп каттала баштады
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар соңку жылдары көп каттала баштады

Ал эми Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов жергиликтүү бийликтин жайыт маселесин чечүүгө ыйгарым укугу жок экенин билдирди. Аким Кыргызстандын мыйзамына ылайык, башка өлкө жарандарынын мал-жандыктары үчүн жайытты ижарага берүү өкмөттөр аралык келишим менен гана чечилерин айтууда.

- Биз аларга Кыргызстандын аймагынан жайытты пайдаланууга уруксат берген эмеспиз. Малын азыр чыгардык. Тажикстандын кошуна турган район жетекчилери улам бизге жайыт маселеси боюнча кайрылып жатышат. Биз өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек деп жооп бердик. Ушу жайыт маселеси бизге баш оору жаратууда. Кармалган тажикстандык чабандар "аким уруксат берген үчүн келдик" деп маалымат таркатышыптыр. Бул туура эмес, биз уруксат берген эмеспиз.

Жаңы-Жер айыл аймагындагы төрт айылга келүүчү суу түтүктү тажик жарандары бузган-бузбаганы иликтенип жатканын айткан Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат Саттаров кошуна өлкөдөн келген бир короо малды дароо чыгарып, суу түтүгүн калыбына келтирдик дейт.

Былтыр кыргыз малчыларынын чек арага жакын кыштоодогу үйлөрү өрттөлгөн. 2014-жыл
Былтыр кыргыз малчыларынын чек арага жакын кыштоодогу үйлөрү өрттөлгөн. 2014-жыл

- Тажикстандан келген бир короо малды чыгардык. Биздин аймактан өткөн суу куурун ким жарактан чыгарганы так маалым эмес. Биз аны ошол заматта оңдоттук. Азыр суу берилди. Аймактагы мал өтүүчү жайлар чек арачылардын көзөмөлүнө алынды.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров "Азаттыкка" бул маселе иликтенерин, райондук бийликтин жайытка уруксат берүүгө укугу жоктугун, азырынча жайыт пайдалануу боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрү келишим түзө электигин билдирди.

Баткен облусунда жалпы 600 миңге жакын гектар жайыт болсо, анын 17 миң гектар аянтына мурда жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын көрсөтмөсү менен Тажикстандан киргизилген малды жайууга уруксат берилип келген.

XS
SM
MD
LG