Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:25

Саясат

Баткенде бийликти араң алмаштырышты

Баткенге жаңы облус губернаторун эки күн ордуна коё алышпай, 1-февралда мурдагы облус жетекчисинин таламдаштары митинг өткөрдү.

Текст көлөмү - +
Өткөн жылдын соңунда Лейлек районунун Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жаштар ортосунда жаңжал чыгып, бул окуяны иликтөө үчүн өкмөттүк жана парламенттик комиссия иш жүргүзгөн. Комиссия өз жыйынтыгында облус губернатору Арызбек Буркановдун ишин сындап, жумуштан четтетүү сунушун берген.

20-январда Арзыбек Бурканов өз каалоосу менен кызматттан кетүү тууралуу арызын өкмөткө тапшырганын айтып, эл менен коштошуп кеткен болчу.

​​Эки күндөн бери өкмөттүн өкүлү Төрөгул Беков Баткенде жаңы жетекчини тааныштыра албай жүрөт. Жаңы дайындалган губернаторду тааныштырууга мурдагы губернатордун колдоочулары мүмкүнчүлүк бербей койду.

Андарактагы окуя боюнча иштеген комиссиянын жыйынтыгына эл нааразы болуп жатат. Мен өкмөткө бул маселени жеткирип, бул жерден да жергиликтүү тургундардан да камтыган топ иштеп, комиссиянын ишин кайрадан карайлы деген сунуш айтып жатам. Бишкекке ушул топту чогулталы.

Баткен облусунун мурдагы губерантору Арзыбек Бурканов жумуштан кетүү тууралуу арызын мажбур жазганын, Андарак окуясы боюнча комиссиянын жыйынтыгы туура эмес чыкканын колдоочуларына айтты. Губернаторлук кызматтан кеткенге чейин бул улут аралык маселеде кайрадан комиссия иштеп өзү акталса гана кийинки кадамдар белгилүү болоорун митингчилер алдында билдирди:

- Мен жумуштан кетүү тууралуу арызымды мажбур түрдө жаздым. Мени ошол Андарак маселесинде жаманатты кылып жатышат. Мен элиме таянам, элден "мени коргогула" дейм. Мен бул кызматка жабышып калган жокмун. Өкмөт ушундай ыплас жол менен мага көө жаап, кызматтан алгысы келип жатат.
Мен жумуштан кетүү тууралуу арызымды мажбур түрдө жаздым. Мени ошол Андарак маселесинде жаманатты кылып жатышат. 

Жалпы облустун активине жана элге жаңыдан дайындалган губернатор Жеңиш Раззаковду өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөкул Беков тааныштыра албай, тар чөйрөдө гана тааныштырып кеткени маалым болду. Бирок Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп турган Жеңиш Раззаков нааразычылык билдирип чыккан эл алдына чыгып, талаштуу маселе чечилип, абал жөнгө салынмайынча бул кызматка келе албастыгын айткан.

Окуяга көз салып турган жергиликтүү журналист Султан Артыков өкмөт маселени туура чечиш керек болчу дейт:

- Беков 2 күндөн бери ушул жерде жүрөт. Жаңы губернаторду элге тааныштыра албай, ачык айта албай жатат. Бир нече күндөн бери Буркановдун кызматынан кеткенине эл нааразы болуп жүрөт. Ушул маселени башында эле өкмөт туура, элдин кызыкчылыгы менен эсептеше тургандай чечкенде мындай болбойт болчу. Жаңы дайындалган Жеңиш Раззаков да эл алдына чыгып, эл ыраазы болмойунча, талаштуу чырлар басылмайынча губернаторлукка келбей турганын айтты. Маселени мындай чечпеши керек эле.

Ошентип 1-февралда кечке жуук премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Баткен облусуна губернатордун милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Разаков дайындалды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ЭМИР
18.02.2012 03:00
Ханды кудай урганда элине жаман кас болот деп Т.Сатылганов ырдаган экен.Бирок казыр ханды урбай элди кудай урду.Муну чыгар жумуштан жаман койсон мунун жаман кетирген жакшы.Элди кудай урду обу жок болуп эмне сурарын эмне кыларын билбей калды. Хан бироо ал жиндм болсо кубалап жакшыны коесун.Эл бузулса жаман экен канчадан бери онолой албай атабыз.Ооба казыр бизге зоокур айтканынан кайтпаган ар бир слой населенияны ордуна койгон диктаттор башчы керек. Ал болбойун онолуш кыйын. Ар бир элде озунун тартибине жараша хан болуш керек.

кимден: Тынычбек каяктан: Москва
04.02.2012 13:32
Бул жерде учурдагы бийлик бечелдигин билдирип койду. Баткенге губернатор болуп барчу киши берерин берчү жерге берип, креслону алда качан эле сатып алып койгон. Маселе аны кантип ошол сатып алган креслосуна олтургузууда калды. Жеңиш Разаковду убактысынча коюшту. Баткенчи Разаков Баткен элин тынчыткан соң аны ИИМге орунбасарлыкка көтөрүшөт да, креслого төлөп койгон кишини ордуна алышып келишет. Ким макул болбосо пари коюшууга даярмын. Мурдакы бийликтерден калган шаблонду өтө копол түрүндө колдонушуп коюшту. Мунун оңой жолу Бурканов "креслого жармашкан жерим жок, болгону иш ордуман жүзүм жарык кетейин", деп жаткан соң, коркпой эле жанагы комиссия "биз Бурканов жөнүндө жаңылыш жыйынтык чыгарып коюптурбуз" деп жарыялап, губернатор болчусун түз эле дайындашып коюшса болмок. Реабилитация болгон соң Бурканов элди өзү эле таратып жибермек. Бул жерде Жеңиш Разаковдун оомты келип турган кези.
Жеңиш, сени арга түгөнгөндөн коюшту, ошондуктан биринчи кезекте бийликке эмес элге кызмат кыл. Азыр сага эл ишенет. Кийинкиси өзүңөн. А премьер министр жакында жумушунан кетет, ага убара болуп көтөрүнүп барыштын деле кереги жок.
Пикирге жооп

кимден: Кадыралы каяктан: Баткен
14.02.2012 18:34
Тынычбек, сен пикириңди Москвадан эмес эле, Баткендин обладминистрациясынын ичинен берип жатат ошойсуң, билгендериң өтө эле туура, айрыкча Жеңиш Раззаковдон кийин ким келерин билет экенсиң, атын атап эле койсоң болмок. Бирок Арзыбекке аз болсун, аны көтөрмөлөгөн партияны сатып кетпеди беле, баткендиктер гана эмес, бир туугандары да уялып жүрүштү. Ал чыныгы Шестигран экенин билдирип алды.

кимден: Адыл
02.02.2012 16:59
Баары туура айтылган, жакшы бирок Арзыбек аке дагы иштеш керек эле себеби ал план боюнча облустунбороруна газ алып келмекчи эле, Айбалаев болсо Чон Алайдан подстанция тартып келген болчу, эми бул маселе болуп отту бирок онугуу мындан ары болобериш керек да .
Пикирге жооп

кимден: Кубат каяктан: Айдаркен
15.02.2012 12:18
Арзыбек. Чындыкты айтсам чычалаба, угуп тур. Сени "Ата-Журт" партиясы алып келип губернатор кылып дайындады, сенин абийриң деп Ташиев Баткен шаарын асфальттоо үчүн проектидеги 300 млн сомду бөлүштүрүүгө бар күчүн жумшады. Ага жооп кылып сен "Ата-Журтту" сатып кеттиң, бүт Баткен элин уятка калтырдың, ушул да жигиттикпи. СДПКга кире качканың, кресло үчүн жан талашканың эмеспи, дагын "мен кресло үчүн күрөшүп жатканым жок" дейсиң. Мен керек болсо "Ата-Журт" партиясына каршы иштеген адам болчумун, бул сөздөрдү адилеттик катары, сенин адамдык касиетиңди айтып жатам.
Пикирге жооп

кимден: Баткенчи каяктан: Баткен
15.02.2012 12:04
Эмне деп эле дөөдүрөп жатасың. Кайсы Чöң-Алайдагы подстанция, ал жактан чоң атаңдын да подстанциясы келген жок. Арзыбек мурда Баткенге газ алып келем деп мактанып жүрүп, губернатор болгондо тымпыйып олтуруп калды го. Минтип жердешчил боло бербей, чын айтып үйрөнсөң.

кимден: нурка
02.02.2012 15:29
Эй Баткендиктер козунорду ачкыла биз кайсыл жакка баратабыз бир аз ойлонолучу. Кайсыл губернатор келбесин Баткен областынын аймагы Тажик,Өзбек республикалары менен кошуна жайгашканбыз, ошон үчүн булар жогорудагы окмотто болобу же министирлер болобу баари бир бензин-солярканы тосо албайт,өтө берет. Ал үчүн биз элдер трассадан өткөн бензовоз камаздарды эле тосуп күйгүзүшүбүз керек, анткени аны эч ким токтото албай жатат го. Азыркы күндө бензиндин баасы 45-48-сомду түзөт.
Пикирге жооп

кимден: Кубат каяктан: Баткен
16.02.2012 15:03
Нурка, сенин айтканыңа караганда сен өзүң баткендик окшойсуң. Мен Арзыбек Буркановдун талабын талашуудан алысмын, бирок чындыкты айтайын. Арзыбек Бурканов, Бабановдун "казакскай босу" болгон Кайсардын иштерин токтото албай, ошонун курмандыгы болду, ал эми Атамбаев ага кызмат көрсөтсө да аны коргой албай калды". Баткен окуясы боюнча чындык ушул эле, башка жок.

кимден: Жума
02.02.2012 10:23
Бизде кайда баратабыз

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Баткен областы
02.02.2012 09:42
Убакыт берели, жаңы губернаторго балким бийлик башындагылар орган адамдарын облус жетекчилигине койсок абал, тартип турукташаар деген ойду карманса керек.
Пикирге жооп

кимден: Тулеберди. каяктан: Баткен
16.02.2012 15:28
Сен эч нерсени билбеген бир бечара экенсиң. Бөрүгө кой кайтартып койду го бул өкүматиң. Баткендеги милиция башчысы эмне менен иштеши крышасы 99 болгон адамга да белгилүү да. Эми Баткенде жашыруун наркотравика күчөйт, себеби анын закондорунан эч ким чыга албайт. Көрөсүң, Жеништин ордуна өздөрүнө караштуу бирөөнү алып келет, Баткенден черный акча алып туруу үчүн. Настоящий иштей турган адамдарды бу өкүматиң алып келбейт, андайлар Бабановго, же Атамбаевге акча таап бербейт да.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2012 09:39
Өкмөт туура чечим кабыл алды,себеби губернатор ар бир терс окуяга керт башы м-н жооп берет.Контробанда тарткан унаалар бир жылдан бери облустун жолдорун тытып бүттү, ал эми бензин-солярканын баасы Баткен,Лейлекте 50 сомго чыгып кетти.Бул жагдайды ондоо боюнча губернатор бир да чечкиндүү иш жасаган жок.Калган маселелер боюнча сөз кылуунун кереги деле жок.Бул адам Баткенге эмне ой менен келгени биз үчүн бүдөмүк,мүмкүн мамлекеттик кызматка жамынып бизнес жасаймын деп келген чыгар.Аянтка чыккандар акчага азгырылып жатышат,бирок облуста пулга сатылбаган жүз миңдеген элдин пикирин эске алып,Өкмөт өтө туура чечим кабыл алды.Эй,баткенчилер! Центрдеги бензиндин, унаалардын айынан болупаткан пробкаларды унуттуңарбы, же Арзыбектин пулунун кулусуңарбы?Андан көрө, Баткенди көтөрө турган Мамат Айбалаев акабызга окшогон бир адамды көрсөтүп, аянтка чыкпайсыңарбы?Эр жүрөк баткендиктер,турмуштун запкысына чыдабай,пулдун кулу болуп,коенго окшоп калдыңарбы? Намысыңарга келгиле!
Пикирге жооп

кимден: Шабдан каяктан: Баткен. Самаркандек
16.02.2012 15:15
Аты-жөнү жазылбаган, сенин Арзыбек Бурканов тууралу ойлоруңа толук макулмун, бирок Айбалаев тууралу айткан сөздөрүң чындыкка коошпойт. Баткендеги жер сатууну, элди бөлүүнү ошол Айбалаев чыгарып кетпедиби, анын азабын мына азыр овал Самаркандекчилер тартып жатат. Билбесең чыкпай эле койбойсуңбу?
Пикирге жооп

кимден: Кайдигер каяктан: Баткен облусу
02.02.2012 12:20
Туура ойлор айтылыптыр.Бирок бул губернатор да жакшы эле иш кылды,аткезчиликке жол бергенинин себеби,ошол жүздөгөн контробанда тарткан унаалардын бир-экөөсүн Баткенге алып калып жатты да,"май кармаган бармагын жалайт", болуп.Заман бузук болсо, бул азамат эмне кылсын.Оруста макал бар "обуха плетью не перешебешь"деген.Системаны ким бузса,ошол ондосун,губернаторго дагы бир аз убакыт бериш керек эле,мумкун контробанданы мындан ары оркундотуп,Баткенди ондоп,туугандарын байытып, анан бир кун бошоп калса, дагы бизнесин жургузо берет беле.Озунор жебейсинер,жегенди короалбайсынар.Ушул эми жакшыбы.

кимден: Агент 996
01.02.2012 22:40
Элге тангалам, эмнеге жаман жашап жатабыз, чегара маселеси чечилбейт, кыларга иш жоктон улуттук арыздашуу болуп жатат, чегерадагы аткезчилик боюнча каршы, жана жакшы жошоо учун талаптарын коюп, ошол губернаторго жакшы иште деп талап кылып кочоого митинге чыгышса жакшы болмок, андайда чыгышпайт. Бирок дураку ясно губернатор озу, же губернатордун кошоматчылары жана жумушсуз калбайлы деген тууган туушкандары оюштурбаса жонокой эл чыкпай калсын!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине