Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Өрттөн каза тапкандар жерге берилди


Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Кайыңды айылы, Баткен. 11-февраль, 2016-жыл
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Кайыңды айылы, Баткен. 11-февраль, 2016-жыл

Москвада өткөн ай соңунда тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон 10 кыргызстандыктын сөөгү жерге берилди.

Кечээ 11-февралда, Москвада өрттөн каза тапкан алты адамдын сөөгү Баткендин Кайыңды айылында жерге берилди. Дагы төрт маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүнкүгө белгиленген.

Кайтыш болгондордун көңүлүн сурап барган өлкө жетекчисинин кеңешчиси президенттин атынан каза болгондордун жакындарына 100 миң сомдон акчалай жардам тапшырды.

Москвадагы тигүү цехиндеги өрттөн 12 адам каза тапса, алардын ичинен сегизи Кыргызстандын атуулу, экөө орус жарандыгын алган этникалык кыргыз. Алардын алтоосунун сөөгү Кайыңды айылына жеткирилип, бир кадам кошуна турган эки бир туугандын үйүнөн чыгарылды.

Набыт болгондордун эң кичүүсү - алты жаштагы Даниел. Аны Москвада иштеген ата-энеси кырсыктан азыраак убакыт мурда эле Орусияга алып кеткен экен. Каргаша тооруган ошол күнү булардын үйүндө дагы бир наристе жарыкка келген. Бирок ата баласын, Даниел инисин көрүүгө үлгүрбөй калды.

Эки тоонун ортосундагы Кайыңды айылында бир убакта минтип алты сөөк жерге берилип жатканы өтө эле кейиштүү. "Иш жок, кара жанды багууга чакан тамаркадан башка кенен айдоо аянты да болбогонунан улам жаштар алыска аттанууга аргасыз", - дейт айыл тургуну Лайли Мамашарипова.

- Бир үйдөн эки баласы менен бир небереси, дагы бир үйдөн эки баласы менен бир келини өлүп жатат. Булар бир туугандардын балдары. Айылдыктар кайгырып, эмне айтарыбызды билбей турабыз. Алты жаштагы баланы атасы эки-үч ай мурда эле алып кеткен. Ага чейин бул жакта таенесинин колунда болчу. Жаштар, айрыкча жаңы үй-бүлө кургандар акча табалы деп Орусияга кетип жатышат да. Айла кеткендеги иш.

Өрт чыккан тигүү цехинин ээси да Баткенден болгондуктан ал жерде иштегендердин баарынын тууганчылык жайы бар. Бир үй-бүлөдөн эки бир тууган эже-сиңди болсо, дагы бир үй-бүлөдөн келини, эки баласы, дагы биринен эки баласы менен алты жаштагы небереси каза тапкан.

Өлкө башчысынын атынан келген президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов маркумдарды жерге берүү зыйнатына катышты. Үчтөн сөөк чыгып жаткан эки үй-бүлөгө кирип, ар бир маркум үчүн жүз миң сомдон акчалай жардам тапшырды. Жардам ушуну менен эле чектелбей, жергиликтүү бийлик да колдоо көрсөтөрүн билдирди:

- Кырсык болгон күндөн эле президентибиз жеке көзөмөлүнө алып, Орусия тарап менен сүйлөшүп, көзөмөлдөп турду. Мына тездетилип алты боордошубуздун ДНКсы аныкталып келди. Жерге берип жатабыз. Бул албетте, чоң кайгы. Жакындары эле эмес, баарыбыз кайгырып турабыз. Президентибиз жакындарына, ар бир үй-бүлөгө көңүл айтып, ар бир каза болгон жаранга фондунан 100 миң сомдон бөлүп берди. Мындан ары да муктаждыкка жараша жардамдар берилет.

Москвада каза тапкандар жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Өкмөт тарабынан да бул иш көзөмөлгө алынып, маркумдардын сөөгүн аныктоо үчүн экспертизага, жол чыгымдарга деп 700 миң сом каражат сарпталган.

Мындан тышкары жардам иретинде Орусияда иштеп жаткан мекендештер да акча жыйнаганы айтылды. Бул окуя боюнча Орусиянын тергөө мекемеси атайылап мүлккө зыян келтирүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Анткени тигүү цехи бир эле учурда бир нече жеринен күйө баштаган. Азырынча өрттөн аман калгандар Кыргызстанга келе элек. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан өрт тууралуу так маалымат да айтыла элек. Бирок маркумдардын жакындарынан кылмышка тиешеси барлар кармалабы, башка аймактарда иштегендер ошол күнү кантип бул цехке келип калган дегендей суроолор азырынча жоопсуз турат.

Бүгүн, 12-февралда дагы төрт маркумдун сөөгү өз айылдарына жеткирилип, жерге берилди.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуу. Кайыңды, Баткен. 11-февраль, 2016-жыл

XS
SM
MD
LG