Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Өз электр тогуна ээ болгон Баткен айылдары


Былтыр жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Сүрөттө чарбак айылы. Январь, 2013-жыл.
Былтыр жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Сүрөттө чарбак айылы. Январь, 2013-жыл.

Баткен облусундагы 15тей айыл Өзбекстандан көз карандысыз электр линиялары менен камсыздалып бүттү.

Мындан тышкары, Тажикстандын айылдарын аралап өткөн линияларды да чыгарып, Кыргызстандын аймагы аркылуу алып өтүү иштери жүрүп жатат. Аймак тургундары чек арадагы жаңжалдарды кыскартуу үчүн бир тараптуу аракеттер менен эле чектелбей, эки тараптуу кызматташууну да жандантуу зарылдыгын белгилешет.

Жаңжалдан кийинки чечим

2013-жылдын башында Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары Чарбак айылына бастырып кирип, жаңжал чыккандан кийин өкмөт аймактагы бир топ социалдык маселелерди чечүү аракетин баштаган. Анын катарында аймактагы жол каттамдарын жана электр линиясын кошуналардан көз карандысыз кылуу, ичүүчү жана суугат суу менен камсыздоо, оорукана маселелерин чечүү бар болчу. Бул иштер үчүн бюджеттен 370 млн. сом каражат бөлүнгөн.

Сох анклавы менен чектешкен Чарбак айылы. Январь, 2013-жыл.
Сох анклавы менен чектешкен Чарбак айылы. Январь, 2013-жыл.

Баткен райондук электр тармактар башкармалыгынын жетекчиси Каланбек Маркаев райондогу мурда Өзбекстандын Сох анклавын аралап өткөн электр линиялары Кыргызстандын аймагы акылуу тартылып бүтүп, 15тей айылга көз карандысыз электр кубаты жеткирилгенин айтты.

- Бул ишти Чарбактагы окуядан кийин баштаганбыз. Өзбекстандын Ушар, Сох айылдарын аралап өткөн линиялардан толук арылдык. Азыр зымдар өзүбүздүн аймак аркылуу тартылып бүттү. Эми Ак-Сай айылына Тажикстандын айылдарын аралап өткөн линияны да чыгарып жатабыз. Ал иш да жакынкы күндөрү толук бүтөт.

Сох анклавын аралап өткөн бир нече чакырым жол жана электр линиялары көз карандысыздыкка жетсе, аймактагы жаңжалдардын алдын алууга бир топ эле салымы болот. Бирок азырынча Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолу толук кандуу бүтө элек. Жергиликтүү тургун Бакытбек болсо, электр менен камсыздоо көз карандысыз болгону менен, Өзбекстандын аймагында мурда пайдаланып тургузулган электр зымдары жана мамылар кошуна өлкөдө калып кеткенин белгилейт.

- Мурда электр зымдары Сохтон өтүп турган. Азыр баарын өзүбүздүн аймак менен жеткирип беришти. Бирок зымдар менен мамылар ошол аймактарда калып калды дешти. Бербей койгонбу же биздикилер ала алышпадыбы, билбейм.

Кызматташтык эки тараптуу жүрсө...

Кыргыз-тажик чек арасы. Ак-Сай айылы.
Кыргыз-тажик чек арасы. Ак-Сай айылы.

Аймактагы чек ара жаңжалдарын алдын алуу, чыңалууну жеңилдетүү үчүн Кыргызстан бир тараптуу бир топ иш чараларды кабыл алып, тирешүүлөрдү жараткан маселелерди чечүүгө акыркы жылдары аракетин жандантканы байкалып турат. Бирок бул аракеттер бир тараптуу болгондуктан, чек ара аймактарындагы маселе толук чечилип калбайт, андыктан эки тараптуу кызматташууну, көйгөлөрдү биргелешип чечүүнү колго алуу зарыл дегендер бар. Жаш активист Бахрам Рахманкулов кошуна өлкөлөр да биргелешип, абалды жөнгөрүүгө кызыктар болмоюн чек арада маселе чечилиши кыйын деген пикирде.

- Чек арадагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жаатында Кыргызстан тараптан ар кыл аракеттер көрүлүп жатат. Бул албетте жакшы, кандайдыр бир пикир келишпестик жаралып калчу болсо, мындай иштердин пайдасы гана тиет. Бирок бул бир тараптуу гана аракет болуп жатат да. Чек арада соода-алака деген бар, карым-катнаш токтобош керек. Ал үчүн эки тараптуу кызматташтык зарыл. Ошондуктан маселелердин чечилишине эки тарап тең кызыктар болушу керек, менимче.

Быйыл жыл башынан бери Баткен облусунун кошуна өлкөлөр менен чек арасында 30дан ашык чыр катталып, алардын чыгышына көпчүлүк учурда жол маселеси себепчи болгон. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн айларда талаштуу жолдорду куруу боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясы бир пикирге келип, иш жанданган.

XS
SM
MD
LG