Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:24

Коопсуздук

Баткен: чек арадагы үйлөрдү мамлекет алууда

Кошуна Тажикстандын жарандарына мыйзамсыз сатылып кеткен үйлөрдү кайра сатып алууга мамлекет каражат бөлүп, иш башталды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы аймак, Баткен.
Текст көлөмү - +
Мындай иштер алгач кошуна өлкө жарандарына үй жай көп сатылып жаткан Баткендин чек арадагы Таш-Тумшук айылында башталып, беш үй мамлекет эсебине кайтарылды. Бул үйлөр эми социалдык мекемелерге айландырылууда.


Жылжыган жылма миграция


Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан айылдарында үйлөр кошуна өлкө жарандарына тынымсыз сатылып келгени көптөн бери эле айтылып келет. Мындай жараян айрыкча 2000-жылдары күч алып, азыр деле токтой элек.

Алсак Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө мурда 60 үй сатылган болсо, 2007-жылы 7, 2008-жылы 8 үй тажикстандыктарга соодаланып кеткен.
 Бийликке канча жолу арызданып кайрылганбыз. Маселе чечилбегенден кийин анан айла жок биз да үйдү Тажикстан атуулуна сатканбыз.
Баткендин бир тургуну


Баткен районундагы чар тарабы тажик конуштары менен курчалган Таш-Тумшук айылында турмуш тиричилик кыйынчылыктан, анан да кошуна өлкө тургундарынын кысымчылыгынан үй-жайлар чет өлкө жарандарына көп сатылган . “Чек аралаш айылдарда кошуналардын кысымчылыктары күчөп, үй-жайыбызды сатууга мажбур болуудабыз, эгер мамлекет алчу болсо сатып алсын”, - деп аталган  айылдын 7 тургуну бийликке кайрылып келген. 

Өткөн жылы облустук акимчиликтин демилгеси менен чек ара маселеси оор, жашоочулардын абалы кыйын бул айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип, ага ылайык мамлекет тарабынан кошуналарга сатылып кеткен үйлөрдү кайтаруу үчүн 10 млн. сом каражат бөлүнүп, башталгыч мектеп ашар ыкмасы менен курулган. Тажикстан атуулуна сатылып кеткен үйлөрдүн бири кыргыз өкмөтүнүн эсебине кайрылып, милиция бөлүмчөсү ачылган. Бүгүнкү күндө ошол бөлүнгөн каражатка 5 кишинин сатылып кетээр алдында турган үй-жайлары кайтарылып, акчасы төлөндү.

Бул маселе боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Салижан Хамрабаев Кыргызстанда буга чейин мындай тажрыйба болбогондуктан кантип кайтаруу маселеси кыйла убакытты алганын айтат:

- Он жылдан бери ушул аймактагы жергиликтүү калк шартыбыз оор деп райондук, облустук бийликке жана өкмөткө кайрылып келишет. Ушул маселени чечүү үчүн өкмөт чараларды көрүп, 10 млн. сом акча бөлдү. Акчасы мурдараак эле чечилген. Бирок ушу тапта берилди. Анткени буга чейин практикада мындай иш чара жүргөн эмес экен. Кантип мыйзамдуу жолдо муну ишке ашыруу деген маселеде бир аз кармалып калды да.


Азга көнбөй, көпкө көнүп...

  Кошуна тараптан чек арадагы кыргыз үйлөрүнө талап күч болгондуктан  баасы да кыйла жогору. Маселен, эч кандай шарты жок делген ушул Таш-Тумшук айылында бир үйдүн баасы орто эсеп менен бир миллион сомдон жогору экен. А  облус борборундагы үйлөр мындан эки эсе арзан.


Чек аралаш айылдагы сатылып алынган үй-жайлар эми социалдык мекемелерге айланат. Балдар бакчасы, спорттук мекеме, милицянын кызматтык үйү болот. Бирок буга чейин сатылып кеткен үй-жайларды кайтарып алуу маселеси оор бойдон калууда. Анткени Тажик атуулдарына сатылган тамаркалар эч жерден каттоодон өтүп, кагаз иштери жүргүзүлбөгөн. Кыргызстандын эсебинде турганы менен ээси Тажикстандын атуулдары.

Жергиликтүү тургундардын пикиринде, эгер мамлекет учурунда ушундай чара көрсө азыркыдай көпкө түшмөк эмес. Эми ал сатылган үйлөрдү кайра алуу да бир топ кыйын.

Азыр кошуна тараптан чек арадагы кыргыз үйлөрүнө талап күч болгондуктан анын баасы да кыйла жогорулап кеткен. Маселен, эч кандай шарты жок делген ушул Таш-Тумшук айылында бир үйдүн баасы орто эсеп менен бир миллион сомдон (25 миң доллардын тегегерегинде) жогору экен. А ошол эле учурда облус борбору - Баткен шаарындагы сатыкка коюлган үйдүн орто баасы андан эки эседей төмөн, 500 миң сомдун атарабында. Чек арадагы тургундар тажик кошунасына кымбат баага үйүн сатып жиберип, өзү облус борборуна, же башка жакка баса беришине ушул акча маселеси да себеп болууда.

Канткен менен бири үйүн сатып, бир алып жаткан эки өлкө жарандарынын ортосунда эч кандай юридикалык документ түзүлбөйт, ага мыйзам да жол бербейт. Андыктан үй кыргыз жаранынын атында эле кала берип, анда жашап жаткан тажик жарандары кокус бийлик тараптан текшерүүлөр болуп калса "ижарада турабыз" деп коюшат экен.

Облустук бийликтин өкүлү Салижан Хамрабаев эмки маселе ошол үйлөрдү кайтаруу үчүн өкмөттүк деңгээлде, мыйзам чегинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында гана ишке ашчудай деп белгилейт:

- Мурда Тажикстан жарандарына сатылып калган үйлөрдү сатып алуу маселесинде оор маселеге туш келдик. Анткени, алар каттоого алынбаган жана Кыргыз Респубикасынын жарандарынын атында эле турат. Бирок кошуналар жашап жатканын көрдүк. Бүгүн облус жетекчилигинин демилгеси менен кошуна мамлекеттин тийиштүү министрликтерине кат жөнөттүк. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары бир пикирге келгенден кийин чогуу маселе чечишибиш керек. Мыйзам чегинде иш жүргүзүшүбүз керек.

Айылдагы абалдын оордугунан ушинтип үй-жайын тажик атуулуна сатып жиберген тургундардын бири - Самидин Каримовдун үйүн 1 млн. 350 миң сомго мамлекет кайра сатып алып, милиция бөлүмчөсүнө берген. Ал көнгөн турагын сатпай коюуга айла калбаганын айтат:

- Канча арызданып бийликке кайрылганбыз. Маселе чечилбегенден кийин анан айла жок биз да үйдү Тажикстан атуулуна сатканбыз. Эми мына, өкмөт аракети башталды. Ушундай кылса Таш-Тумшукту сактап калып, элге да дем болот. Калгандар да эми сатпайт ушундай кылса. Мурда эле ушинтиш керек болчу.

Баткен облусунда жалпысынан 150дөй там Тажикстан атуулдарына соодаланып кеткен. Азыркыдай аракеттен улам аймак тургундары эми мурдакы сатылган тамдардын да кайра кайтарылышынан үмүттөнүп турушат.

Мындай көйгөй Баткендин чек арадагы бир топ айылдарында бар. Айрым байкоочулар Кыргызстан бул маселеге эчак эле чекит койсо болмоктугун, эми да эртелеп чечпесе кийин чоң проблемага айланаарын айтууда. Алардын пикиринде, азыр бул үйлөр Кыргызстандын эсебинде болгону менен ушинтип отурса кийинчерээк  бул жерлер да талаштуу деген аймактардын катарын толукташы мүмкүн.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери болсо созулгандан созулууда. Маселе талаштуу делген жерлерге келгени такалып, ордунан жылбай турат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Искен
23.12.2011 16:40
Капырай, башчылардын баштары бурулуп, иштебей калганго... 150 түтүндүн жерине төлөп 150 млн сомду коротуп не кылабыз? Ушуну көтөрүп чыккан аткаминерлерди - чыккынчы деп атып салса болот!!! Кыргыз элинин байлыгын булар жыйнабай жана өстүрбөй - коротуп жатышат!!!! Эй мен болсом - бул акчага мен чек араны темир тор менен жаап салмакмын! Анан тажик жээ өзү жоголмок, жээ кыргыз болуп калмак!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.12.2011 17:28
Баткендин таш тумшук айылында тажик кыргыз аралаш жашайт.бир уй кыргыздыкы болсо кошунасы тажик.чек ара кайсы жерден болунот эки эл тен билбейт.кун откон сайын тажик эли кыргыздарды кысып келе жатат.мурда еле чара коруш керек эле чондор уйлорду сата электенмурда

кимден: У каяктан: КЗ
21.12.2011 12:17
Чек араны тактоону кечиктиргенибиз бизге гана зыян болут жатат туугандар. Жогоруда айтылган создорго кошуламын. Кошуналарыбыз биздин жерден уй алып жатканда рисковать этип жатканын билсе керек. Ошондуктан эч кандай толому жок эле уйлорду кайтарып алуу туура деп ойлоймун.

кимден: юрист эмес каяктан: бишкек
21.12.2011 10:00
мен дагы тҮшҮнбөй жатам. эмне бизде чет элдик жарандар кыймылсыз мүлк сатып алса болобу? эгер расмий документтер жок болсо, депортация жолу менен эле чечишпейби дейм да?! же кандай тоскоолдуктар бар, "адамгерчиликтен" башка?

кимден: Боке каяктан: Ат-Башы
21.12.2011 09:52
Сонун бизнес таап алгандарга каргыш!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.12.2011 22:45
сат,сат,сат,сат,саааат.!!! Ала Тоолу жерини сат,жонундагы терини сат,койнундагы питини сат,уй коруучу итини сат,Баарын сатып бутконсон кыргызым,колтугундун жунун сат!

кимден: И каяктан: и
19.12.2011 21:56
Чек араны тактай албаган мамлекет да мамилекетпи, жолдоштор? Эл башкарган эл жакшылары текей оттоп жатабы? Эгер бул маселени чече алышпаса Ажо-кожолор жоолук салынып, юбка кийип калсын.

кимден: Жолдошбек каяктан: Германия
19.12.2011 20:48
Турак-жай Тажикстандын жарандарына катталбагандан кийин алардан турак жайды сатып алып отурбай,Тажик жарандарын депортациялаш керек.Орто жерден бизнестин жаны турун ойлоп таппай.
Пикирге жооп

кимден: Таалай каяктан: РФ
21.12.2011 01:38
Туура айтасын, биздин кыйындар акчаны жок кылууга, списание кылууга ото эле эпчил келет эмеспи, эн эле жонокой нерсе атайын документи жок таджик ээлерине 1350000 сомдон беруу бул мамлекеттик акчаны калагандай сапырып ойной бергени го, чынында озубуздо деле уят калбады, попробуй сен таджикстандан таджиктин уйун алып анан ага сатканыны фиг с маслом башынын аман чыканына суйуносун эгерде чыгарса дагы уялбай кат жоноттук, тынчтык жолу менен чечебиз деп ачыгын эле айтбайсынбы тигини эпке келтир калганын экообуз болобуз деп эле жазганынды
Пикирге жооп

кимден: алымбек каяктан: маскөө
20.12.2011 21:15
Ой-тобоо ,биздин чиновниктердин ан-сезиминин томондугуно дагы бир жолу тан калдым.колунда турган бийлик механизмдерин колдоно албаган.мен билгенден чет олколуктор Кыргызстандын аймагынан кыймылсыз мулк ала турган болсо Юстиция министирлигинен уруксаат алат болуш керек.ал да бир кандай шарттар менен берилет.
миграция министри эшек такалап журобу "ижарада" жашаган кошуналарды кармап депортация кылбай.сатылган уйлорду Мамлекеттин эсебинен кайра сатып албай ,ошого корогон акчаны бир чек ара штаб-квартирасын ачса болот беле? Чек арачыларга шартын тузуп беришсе ким уйун сатмак эле жергиликтуу элден,акырындап кошуналар кысым жасаганы учун ушундай болуп жатат.

кимден: Бекжан каяктан: KG
19.12.2011 18:26
Биздин депутаттар, атка минээрлерибиз бийлик талашып болуштуруп буткучо, Кыргызстаныбызды болуп болуп, жулуп -жулуп кетишет гоо...

кимден: Белек каяктан: Жакын
19.12.2011 17:10
Менимче ал уйлорду канча сом болсо да алганыбыз жакшы, Эми калган уйлоду чиновниктердин служебный машинелерин сатып чек арадагы уйлорду Таджиктерден сатып алыш керек.
Кийинки маселе чондордун имараттарны ошол жерге кочуруп алып барыш керек. Алар озулоруно анданда кымбатка шаарлардын райондордун ортосунан акчасын чачып алып жатышат. Эгер бир чиновник ошол жерден жер сатып алса ошол кишини аким, губернаторлука корсотуш керек. Границада турган чиновниктер бир гана ушул маселенин устундо иштеш керек, аларда башка итак итак жумуш чок, окумот берген чок машинеде.даяар эмгек акы. статикалык отчет жургузгондон башка эчтеме жумшу жок.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине