Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:23

Саясат

Султанбай Айжигитов: Жемкорлуктун курмандыгы болдум

Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитовго “Баткен таңы” гезитинин мурдагы баш редакторунун жазган арызынын негизинде прокуратура иш козгогон. Дубан башчысы муну коррупция менен күрөшүү аракетине каршы чыккандардын кыянатчылыгы катары баалады.

Текст көлөмү - +
 - Сизге иш козголушуна эмне себеп болду?

- Иштин козголушун мен коррупциядан башталды деп ойлойм. Себеби биздин социалдык-экономикалык абалыбыз, элдин турмуш сапаты ушул деңгээлде турганыбыздын эң башкы себеби коррупциядан болууда. Ошондуктан мен бул жерде губернатор болуп, көп социалдык, экономикалык иштер менен бирге коррупцияга каршы күрөшүүнү катуу колго алдым. Ошол күрөштү күчөткөнүбүздүн натыйжасында мага иш козголуп жатат.

- Жемкорлук менен күрөшүп жатсаңыз анда буга облустук гезиттин баш редакторунун кандай тиешеси бар?

- “Баткен таңы” редакциясы өкмөттүк мекеме, ошол эле учурда редакция турган имарат да мамлекеттик болчу. Баш редактор Абдихалил Акматовдун үстүнөн 2010-жылдын январында арыз түшкөн. 6 миллион сомдук имаратты өзүнө жасалма документтерди жасап, мыйзамсыз жол менен 2,5 миллион сомго менчиктештирип алган. Ошондон кийин мага да гезиттин жамааты эле эмес, ардагерлер да кайрылышкан. Аны биз текшерткенбиз.

- Ошол редакциянын имараты боюнча соттук кароо болуп, мамлекетке кайтарылганын уккан элек.

- Имарат менчиктештирүү программасына кирбей, редактор алдап, “кирген” деп жамаатты жана облустук бийликти алдаган. Аны арзан менчиктештирип алган. Андан сырткары милиция дагы эки факты тапкан, Каржы полициясы бир факты тапты. Алар өзүнө менчиктештирип алган имаратты мамлекеттин 200 миң сомдук каражатынын эсебинен ремонттоп, анын да 90 миң сому далилдөөчү документтери жок болуп жатат. Ал имарат мамлекетке кайтарылгандан кийин ижарада турган мекемелерден 34 миң сомду жеке эсебине которткон. Бул атайылап эле мамлекеттин каражатын өзүнө сарптагандык.

- Эгер баш редакторго ушундай айыптар коюлуп жатса, анда эмне үчүн облустук прокурор сизге иш козгоду?

- Облустук прокурор мени таң калтырды. Эмнеге 90 миң сомду, 34 миң сомду далил жок деп санкция бербейт да, ал эми баш редактор арыз жазса эле дароо жума күнү кечинде иш козгоп, маалымат каражаттарына, “Азаттыкка” кабарлап жатат? Арыз болсо “ушундай мыйзам бузуп жатыпсыңар, оңдогула” деп бизге эскертүү жөнөтсө болмок. Алдын ала текшерүү жүргүзбөй эле иш козгоп жатпайбы. Биз Акматовду кайра иш ордуна келтирбей жатканыбыздын себеби бар. Биз Жогорку Сотко кайрылганбыз. Ал жерден бизге “райондук соттун чечими аткарууга алынбай турсун” деп жооп келген. Ошого таянганбыз.

Мага облус прокурору коррупция менен күрөшүүдө жардам бергендин ордуна кайра ал тарапта болуп, мага иш козгогону түшүнүксүз болуп жатат. Бул кандай көрүнүш?

Облпрокурор кимдин кызыкчылыгын коргоп жатат, мен кимдин кызыкчылыгын коргоп жатам? Менин эч кандай кызыкчылыгым жок. Болгону ошондой мамлекеттин, коомдун мүлкүнө кол салгандарды коомдон четтетейин дегем. Мен болгону өзүмө душман арттырып жатам.

- Сиздин баамыңызда жемкорлук менен күрөшүү кыйынбы?

- Мен өзүм сезип жатпайымбы канчалык кыйын экенин. Мен башканы эмес, Баткен облусун айтайын. Мен губернатор, координациялык кеңештин төрагасы болуп, баарынан талап кылып, жеке көзөмөлүмө алып, анан өткөрө албайм. Мени көзөмөлдөтүп, кайра мага каршы иштеп жатканына таң калам. Мен губернатор болуп, ушунчалык билимим, бийлигим, тажрыйбам менен, күч кызматтарынын бүт ишин жакшы билем, Улуттук коопсуздук кызматынан тарта прокуратура, соттук иштерге чеийн жакшы билсем да кыйналып жатам. Түз иштебегендерди четтетейин деп кыйналып жатам. Анан жөнөкөй киши эмне кылат? Алар эч бир чындыкка жете албайт да.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: дони каяктан: москов
20.01.2011 21:57
окуп корсом акматов менен айжигитовдун туугандары айтышыптыр баткенге Айбалаев ошол губернатор болуш керек тажиктирди кысып турат мен айбалаевдин тууганы эмесмин

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
20.01.2011 20:41
Менимче Акаев менен Бакиев убагындагы эле подковерный оюндар уланып жатат. Президент, Жогорку Кенеш, Учунчу граблиге Өкмөт дагы эле элди алдап жатышат. Эч кимиси элдин алдына чыгып чындыкты айтбай жатышат - баардык суроолор боюнча. Менимче алар коп нерселерди тушунбой жатышат. Мындай алмашулар мындан ары коп эле болот. Бул башталышы.

кимден: лейлектен
20.01.2011 16:00
Акматов,Бекназаровдой эле сен да элдин артына жамынып, чала журналист экенинди далилдеп жатса элге кафеден тамак берип алдап митингге чыгарасын.Лейлектиктер да сенин адам эмес экенине ишенип калышканын билбесен керек. гезиттин тиражын кобойттум деп калп суйлоп мактангандын кереги жок. Областтык чогулуштарда кайсы губернатор болбосун эч ким окубаган гезитинди айыл окмотторго зордоп саттырып жургонунду эл унутуп калды дейсинби? Андан коро эл озу сатып алып окуй турган кылыш керек эле гезитти. Твга,гезитке салым коштуп деп айтканын чындыкка жарашпай калды.Баткен кичинекей эле эл кимдин ким экенин озу таразалап алат.

кимден: Баткенчи
20.01.2011 15:54
Акматовдун былык иштерин эл билет. Баткендик жердештер, С.Айжигитовдун эл учун жасаган жумуштарын унутуп калдынарбы? Эл козуно кашкайып корунуп турбайбы? Аксайдагы Таштумшук айыл окмотуно мектепти тез арада бутуруп, ал жерде милиция болуму ачылганын,сугат суу жана иче турган таза суу боюнча "Теке секирик" чон долбоорун баштап эл учун жасап жаткан ак иштерин эмнеге корбой, бат эле унутуп каласынар?! Акматовдун былыктары буга чейин эле сотто каралып, айып тагылып,шермендеси чыгып жургонун баары билет.Тилекке каршы билгендер билмексен болуп жургондоруно куйосун. Баткен ТВны окмоттун токтому менен Шадиев ачкан. Шадиевдин да, Садировдун да тем более Акматовдун ТВга такыр тиешеси жок. Туптоп,аз да болсо эфирден элди корсотуп келе жаткан ТВнын коолективине чон рахмат! Иштебей эле "мен туптогонмун" деп кокурогун кага берсе боло берет экен да?
Акматов,эсин барда этегинди жыйып, балдарындын келечегин ойло.Эртен эрезеге жеткенде балдарына калк атасынын ким экенин эстетип коюшу ыктымал.Кудайдан коркуп, жалганды азыраак айтып жур. Жаканды карма! Бир куну сен жалган жалаа жаап ыйлаткан адамдардын кусуру урат.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.01.2011 21:15
Баткенчи: Мектеп малекеттин эсебинен курулган, С.Айжигитовдун кандай тиешеси бар.
Ай Баткенчилер куйдуросунор,силерге соз жок.

кимден: mekentay каяктан: japoniya
20.01.2011 15:00
Son Politik: E4 kandai demokratiya jok. Prokurorgo ustudon buiruk kelgen. Any atkarysh kerek. Blboso ishten kutulasyn.

кимден: Sion Politik каяктан: Россия
20.01.2011 12:08
Ал зми Губернаторду колдогондор алар ошонун кишиси, ал зми Акматовду колдогондор ошонун тууганы, Ушул ишти сотко жеткиргиле. Башкаларга пример болот. Сосуз бироосу чынчыл. Анан сот губернаторго ыктап кетпесин!!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.01.2011 21:16
Эң туура айтасын,кимди бийликтен алса тууган уругун алып чыкмай "мода" болуп кетти.

кимден: Slon Politik каяктан: Россия
20.01.2011 12:04
Мына ушундай болот демократия. Мурда кордунор беле губернаторго иш козгогон прокурорду? Эмнеден коркот губернатор эгерде ак болсо абройу которулот, жакшы пиар болот. Эгерде куноолуу болсо акысын алып кетет кызматтан. Чыныгы демократия сот прокурор дун коз каранды эместиги. Молодец прокурор!!! Журналистке да иш козгош кк. Ал да ак чыксын, далилдесин патриоттугун(озу айткандай) Туурабы туугандар, Туурабы серепчилер, туурабы Азаттык(демократияны аябай жакшы билгендер) Талкууга чон бамгалар менен алгыла!!!!

кимден: назгул
20.01.2011 11:54
Кадровая чехарда никогда не закончиться, не закончиться соц. проекты..

кимден: Кубаныч каяктан: Баткен
20.01.2011 11:07
Султанбай Айжигитовду толук колдоймун, А.Акматовдун ким экенин Баткен облусунун баары билет. Кудайдын алдында жооп беришин эстеп туруп иш кылуусун А.Акматовко кенеш берип кетээр элем.

кимден: Баткенчи каяктан: KG- Баткен
20.01.2011 10:54
Менин оюм боюнча бул жерде экөө тең бир бирине татыктуу тараптар ( орусча айтканда они друг друга стоят). Бирөөсү мен коррупция менен күрөшүп жатам деп уялбай айтып жатат, ошол эле мезгилде өзү Баткенде коррупция жана непотизмди таратып жатканы мене иши жок. Эгер ал коррупция менен күрөшүп жаткан болсо анда эмне үчүн бир тууган карындашын жан талашып, анын профессионалдык эч кандай заслугалары жок эле СДПК-нын списогуна кошуп, депуттатыка талапкер кылды? Так ушул кадамы СДПКнын шайлоодо Баткен областы боюнча эң начар орундарды алганына себеркер. Баткендиктер ага нааразы болушуп СДПКа үчүн добуш бергон жок. Ушуну СДПКнын партийный функционерлеры анализдеп койсо жакшы болоор эле келечектеги шайлоолор үчүн. Же болбосо губернатор болуп келген күнү эле бир тууган тайэжесин обл. Архивдин заведующии кылып дайындады? А. Акматов болсо стоит из себя невинную овечку. Имаратты ошол мезгилдеги Президенттик Адм. жетекчиси К. Жороевдин жардамы менен арзан, алдап приватташтырып алган. Бул жерде эч кандай коррупция менен күрөш же сөз эркиндиги жөнүндө сөз болгон жок - бул жөн гана жергиликтүү денгээлдеги кландардын коррупциялык разборкалары. Максат - передел собственности на местном уровне. Эң өкүнүчтүүсү -эл жөнүндө эч кимиси ойлогон жок. Элди ойлосо Айжигитов эмне үчүн нааразы мугалим менен врачтарды митингге чыгарбай жатат? Эмне үчүн көмүрдүн баасын ( 7500- 8000 сом) төмөндөтүүгө аракет жасаштыр өрдүна Сүлүктүдөгү шахтанын конфликтин ырбатып областта көмүрдүн дефицитин пайда кылып жатат? А. Акматов болсо буга чейин прокуратура кайрылбай эле, эми обл. прокурор Лейлектик дайындалгандан кийин "зашуршал"?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине