Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Аскер бөлүктөгү каргаша иликтене баштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктө октон жараат алган эки жоокердин бири эсине келбей каза болду.

Дарыгерлер кабыргасына ок тийген жоокердин абалы дурус экенин айтууда. Бир күндө бир эле бөлүктө, бирок эки башка убакытта жоокерлердин октон жарадар болушу күдүк ойлорго жем таштады. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

Ок атылган эки окуя тең Балыкчыдагы №20636 аскер бөлүгүндө 18-февралда болгон. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашкандай, биринчи окуя саат күндүзгү саат эки жарымга жакын катталып, куралдан ок атуу учурунда мөөнөттүү аскер кызматынын 21 жаштагы жоокери Билал Икрамовдун кабыргасына ок тийген. Ал Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Дарыгерлер учурда анын абалы дурус экенин айтышууда. Ал эми Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбеков алдын ала маалыматтарга таянып, эки учурга тең куралды туура эмес пайдалануу себеп болгонун билдирүүдө.

- Ушул эле күнү болжол менен саат 17.45 чамасында ок атуучу куралга кылдат мамиле кылууну билбегендиктен, мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы жоокери башынан жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруучу бөлүмүнө жеткирилген. Окуялар боюнча кызматтык териштирүү башталды.

Азыр Орусиядан татаал куралдар келүүдө. Жоокерлер аларды колдонууну билишпейт. Аны жасаба десе, дал ошону жасаган балдар да бар. Биз агрардык, чоко айдаган, малдын туягын санаган өлкө болуп техникадан такыр алыстап кеттик.
Токтогул Какчекеев

Башынан жараат алып реанимацияга түшкөн жоокер Дастан Мурат уулу өзүнө келе албай жатып үзүлүп кеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Балыкчы шаардык ооруканасынын башчысы Жумабек Молдокуловдун айтымында, жоокерге алгачкы жардам көрсөтүлүп, операция да жасалган.

- Биринчи келген жоокер Икрамов Билалдын акыбалы жакшы. Экинчи келген аскер Дастан Мурат уулунун башына ок тийген, анын айынан кан уюп, мээси жабыркаган. Жарааты оор болчу. Башына операция жасалып, бирок эсине келген жок.

Балыкчы аскер гарнизонунун прокуратурасы бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Учурда Кылмыш иши козголо элек, экспертиза жүргүзүлүүдө. Башкы штабдан тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери гана айтылып, окуянын чоо-жайы ачык айтылган жок.

Прокуратурадагы ишенимдүү булактар билдиргендей, каза болгон жоокер ошол күнү кайгуул күзөттө турган. Сүрөткө түшөбүз деп даярданып жаткан учурда жанында турган экинчи аскер кокустан атып алганы айтылууда. Жоокерлердин бири 21, мерт болгон Дастан Мурат уулу 19 жашта болгон. Алар былтыр жазында кызмат өтөөгө барышкан.

Кой-Таш аскер бөлүгү. 23-февраль, 2012
Кой-Таш аскер бөлүгү. 23-февраль, 2012

Адистер армияга барчу уландардын алдын ала даярдалбаганы, техникадан алыстыгы да ушундай окуяларга себепчи болууда дешет. Аскердик маселелер боюнча эксперт Токтогул Какчекеевдин айтымында, окуучу балдарды 9-класстан тартып көзөмөл тесттен өткөрүп туруу зарыл деп эсептейт.

- Мурда мектептерде аскерге даярдоо учурунда балдарды каттоого тургузуп, медициналык кароодон өткөрүп, шыктуусун шыктуу, начарын начар деп 9-класстан баштап көзөмөл жүргүзө баштаган. Азыр андай болбой калды. Айылдагы бейтапканаларда атайын адистешкен дарыгерлер, психолог, психиатрлар жетишсиз. Армияга даяр эмес, текшерилбеген балдар келип жатат. Терапевт карап "бир жылга чыдайсың" деп жөнөтө берет. Ошондуктан атайын комиссия жиберип, келечекте аскерге барат деген балдарды убагында тесттен өткөрүүгө убакыт жетти. Азыр Орусиядан татаал куралдар келүүдө. Жоокерлер аларды колдонууну билишпейт. Аны жасаба десе, дал ошону жасаган балдар да бар. Биз агрардык, соко айдаган, малдын туягын санаган өлкө болуп техникадан такыр алыстап кеттик.

Балыкчыдагы аскер бөлүктөрү бир катар чырлуу окуялары менен белгилүү. Буга чейин ушул окуя болгон №20636 аскер бөлүгүнүн имаратында өрт кырсыгы катталып, катардагы жоокер, 1992-жылы туулган Айтбек уулу Рахат каза болгон. Ал эми 2012-жылы аталган шаардагы аскер бөлүктөрдүн биринен жоокерлер качкан. Алар жетекчилери кордоп-кодулап, ур-токмокко алганын жана жалчы катары пайдаланганын айтып даттанып, Жалал-Абаддагы аскер прокуратурасына кайрылган болчу.

Армияда тартипти орнотуу, жаңы келген аскерлерди опузалаган көрүнүштөрдү кыскартуу аракети көрүлгөнү менен жоокерлердин бири-бирине ок чыгарган учурлары катталып жүрөт. Өткөн жылдын соңунда, 28-декабрда Улуттук гвардиянын 714-бөлүгүндөгү кароолдо турган аскер Аскар Мейкин уулу эки сержантты атып салган. Алган жаракаттан улам алардын бири ооруканада жан берген.

XS
SM
MD
LG