Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:19

Саясат

Бакиев командасы: Азырынча бирөө гана кармалды

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири делген Сергей Костюк Москвада кармалды.

Текст көлөмү - +
Баш прокуратура Костюкту экстрадиция кылуу тууралуу өтүнүчү менен орус тарапка кайрылуу жолдогону турат. Бирок буга чейин былтыркы 7-апрелдеги окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен мурунку бийлик сересинде отургандардын бирөө да экстрадициялана элек.

Максим Бакиевдин жакын шакирттеринин бири, 45 жаштагы Сергей Костюк ушул жылдын 8-июнунда Москвада кармалып, ал жерден сыртка чыкпоо кепилдиги алынган соң бошотулган.

ИИМдин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов Костюкка коюлуп жаткан айыптар тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:
Экстрадиция үчүн ал адамдардын күнөөсүн мыйзам жолунда далилдеш керек. Күч органдары, прокуратура, соттор эл аралык мыйзам принциптери менен иштегенди билбейт. Н.Токтакунов


- Костюк “АзияУниверсалБанкында” риск-менеджмент деген бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген. Мындан тышкары ушул банктын активдерин башкаруу комиссиясынын мүчөсү болгон. “Сергей Костюк тарабынан мамлекетке 20 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген” деген тергөөнүн көрсөтмөлөрү бар.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, Сергей Костюк мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин жеке финансисти болгон, мурунку өлкө башчынын үй-бүлөсүнүн капчыгына коррупциялык жолдор менен түшкөн каражаттарды өзү иштеген "АзияУниверсалБанк" аркылуу адалдап турган.

Анткен менен Костюк Орусиянын ММКлары аркылуу өзү тууралуу маалыматтарды четке кагып, Бакиевдерге андай деле жакын эмес экенин айтууда.                                           

Качкандардын тизмеси узун

Ал арада Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын Башкы прокуратурасына Костюкту экстрадициялоо боюнча документтерди камдап жаткандыгын жарыялады.

Башкы прокуратуранын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов Костюкка байланыштуу кылмыш иштеринин материалдары Башкы прокуратуранын кылмыш иштерин тергөө башкармалыгын өндүрүшүндө экенин “Азаттыкка” тастыктады. 

- Костюк боюнча биз тийиштүү чараларды баштадык. Орусиянын Баш прокуратурасына жакын арада экстрадиция жөнүндө кат жөнөтөбүз. Бирок бул киши жашаган жеринен, Москвадан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен жүрөт.

Ак үйдүн алдында окко учкандарды эскерүү, 12-апрель, 2010-жыл
Костюкка 2011-жылдын февраль айынан тарта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан алдамчылык айыбы коюлуп, издөө салынган.

Апрель окуясынан кийин мурунку бийлик өкүлдөрүнө жакын санаалаш ондогон адамдар өлкөдөн чыгып кетти.

Маалыматтар боюнча, экс-президент Курманбек Бакиев Беларуста, анын уулу Максим Бакиев Лондондо, иниси Жаныш Бакиев, дагы бир уулу Марат Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов менен Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов жакын тегеректе эле жүргөн имиш.

Бир жылдан ашыгыраак сыртта жүргөн бул адамдарды Кыргызстанга алып келүү аракеттеринен алигиче майнап чыга элек.

Эрк жетишсизби?

“Прецедент” шериктештик тобунун башчысы, адвокат Нурбек Токтакунов бул адамдарды алып келүүгө Кыргызстандын күч органдарынын дарамети жетпей жатат деп эсептейт:

- Экстрадиция үчүн ал адамдардын күнөөсүн мыйзам жолунда далилдеш керек. Бирок биздин күч органдары, прокуратура, соттор эл аралык мыйзам принциптери менен иштегенди билбейт. Ошол принциптерди сактап ишти караш керек, тергеш керек. Тилекке каршы биздин күч органдарыбыз антип иштей албай атат.

Байтемир Ибраев
Анткен менен мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев Кыргызстан күч органдары экстрадиция боюнча эл аралык укуктук келишим, тактап айтканда, Минск жана Кишинев конвенциялары алкагында иш алып барып жаткандыгын айтып, Беларус бул жаатта өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат дейт:

- Ушул эки конвенцияга катышы бар мамлекеттер менен гана экстрадиция тууралуу келишимдерибиз бар. Ал эми Түркия, Америка, Европа өлкөлөрү, ошол эле Британия менен бул туурасында келишимибиз жок. Биз бул мамлекеттерге жөн гана “үнүбүздү угушаар бекен” деп эле кайрылып жатабыз.

Буга чейин 7-апрелде Ак үй алдында жакындарын жоготкон адамдардан турган “Мекен шейиттери” кыймылы Бакиевди жана анын жакын санаалаштарын кайтарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен ШКУ жана ЖККУга мүчө өлкөлөргө кайрылуу жолдогон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.06.2011 10:24
Эх, Ушул бийлик эмнени кыйраты билбейм! Адамдын убалына эле калышты, Бакиев кетпегенде, Конгантиев таяк жебегенде буларга бербейт болчу! Бакиев келсе каршы эмесмин!

кимден: Student каяктан: Bishkek
16.06.2011 20:49
Ии селерге Бакиев кетип ушуларын кыйратып ийди.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.06.2011 20:31
Айла жок экен,Максимдин атасын сагынгандар деле бар турбайбы..
Ата Журт партиясы аман турса,ак боз ат минип,ак калпагын кийип Курманбек деле келип калат болуш керек

кимден: ilich каяктан: korea
16.06.2011 17:44
alyska barbai ele Kyrgyzstanda jyrgon ele bakiev4ilerdi kamap algyla4y kiwinin kylkysyn kelltiresiher da babanovtun janynda jyrot maksimdin dosu Ata jurt jyrot kynk etpei e4teke bolbogon nemedei bolup

кимден: Mankurt Adam каяктан: İstanbul
16.06.2011 13:00
Bulardın echkimisin alip kelishtin dele kajeti jok oshoncho adamdin akisi alardi alis dele jildirbayt bulardin attari Kyrgyz tarihina kara tamga menen cazildi cana tukum urugu da ati jönün almashtirat eldin kargishi uzatpayt andan korok munu azirki bashibizdagilar bilse...ushul caza da cetet biz uchun birok Allah kechirebi ani bilbeybiz...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.06.2011 10:36
AZAMATSYN MAKSIM! SEN KELBEI ELE KOI BIROK ATAN KELSE JKASHY BOLOT ELE!

кимден: Канат  каяктан: Европа
16.06.2011 01:53
Кызык, күлкүн келет окуп алып. Жанындагы төөнү көрбөй, башка мамлекеттен ийне издегенинер жакты.АТА ЖУРТпартиясы бүт эле Бакиевтин командасы да.

кимден: Кошой каяктан: РФ
16.06.2011 00:34
..Белгисиз маршурттун жургунчулору... Эч кандай далили жок! Жалган эле сойо-сат ушактардын негизинде асылуу-маска -шоу. Уурусу күч элди жыгат!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.06.2011 21:04
Булардын эч кимисин алып келе алышпайт.
Жакындарын жоготкондор,каражаты жетсе киллер жалдаганга аргасыз болушат го

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)