Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:19

Саясат

Депутаттык комиссия Бабановду актады, Байболовду тактады

Депутаттык комиссия мурдагы баш прокурордун бийлик адамдарынын чуулгандуу иштери жөнүндө маалыматына далил тапкан жок.

Кыргыз парламенти.
Текст көлөмү - +
Ал эми банк ячейкаларынан миллиондогон акчалардын алынышына жана Кубатбек Байболовдун баш прокурор кызматын пайдаланган фактысына Баш прокуратура укуктук баа берсин деген тыянакка келди.

Чуулгандуу фактылардын чын-бышыгы чыкпадыбы?

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов ачыкка чыгарган коомчулукту дүңгүрөткөн чуулгандуу фактылардын чын-бышыгын териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия өзүнүн тыянагын ишемби күнү жарыя кылды. Анда биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун мамлекетке 730 млн. сом салыкты төлөбөй койгону, ишкер Валерий Хондун мүлкүн тартып алганы жана сабаттырганы, “Альфа телеком” компаниясын рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жана орус инвесторлорунан 50 млн. доллар сураганы жөнүндөгү маалыматтар ырасталган жок деп айтылат.
Кызматынан убактылуу чегинген биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов

Аталган комиссия ошондой эле банк ячейкаларынан алынган миллиондогон акчаларды убактылуу өкмөт кандай жумшагандыгын Баш прокуратура укуктук жактан аныктасын деген тыянакка келген. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин адамдарды мыйзамсыз тыңшап жатканы жана бир млн. 600 миң долларды туура эмес жумшагандыгы жөнүндө, “Дастан” корпорациясынан жашыруун жабдуулар сатылып, акчасы социал-демократтардын шайлоо кампаниясына жумшалганы, президент Роза Отунбаеванын бир тууган сиңдисине болушуп соттун ишине кийлигишип жатканы, депутат К. Исаевге козголгон кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарга дагы далил табылган эмес.

Комиссия Кубатбек Байболовду баш прокурордун милдетин аткарып турган учурда саясий жана жеке максатка кызматын пайдаланып, “Алфа-телекомдогу уурдалган акчалар жөнүндө кылмыш ишин негизсиз кыскартып койгон деп ырастап, анын иш-аракеттеринде кызматтык кыянатчылык же коррупция бар-жок экенин Баш прокуратура текшерип чыгышы зарыл деп эсептейт. 

Депутаттык комиссия бир гана фактыны, Бажы комитетинин төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Россия жараны экени жөнүндө маалыматтын чын чыкканын ырастады.

Кубатбек Байболов өз кезегинде депутаттык комиссиянын отчетун шашып чыгарылган жана каралоо максатын көздөгөн жыйынтык деп сынга алууда.

- Бул комиссия мени каралоонун комиссиясы. Отуз жетинчи жылдын илебин мен тарыхчы катары абдан сезип атам. Бүткүл мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоо жолу менен мени жок кылуунун саясаты жүрүп жатат, - деди Байболов "Азаттыкка".

Маселени дагы бир депутаттык комиссия териштирүүдө

Кубатбек Байболов өзү билдирген чуулгандуу иштерди ырастаган документтерди "атамекенчи" депутат Өмүрбек Абдракманов жетектеген комиссияга бергенин, ошол комиссия бийлик төрүндөгү кыңыр иштер боюнча олуттуу далилдерди таап жатканын айтты. 
Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов

Байболовдун парламентте билдирген маалыматтарын текшерүү боюнча ЖКнын каржы жана бюджет, коррупцияга каршы күрөшүү комитеттери дагы өзүнчө комиссия түзүшкөн. Бул комитеттерди парламентте оппозицияда турган “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары жетектешет. Өмүрбек Абдракманов ушул эки комитет түзгөн комиссия жаңырган жумада Өмүрбек Бабановду чакырып маалымат алып, жыйынтыгын жуманын этегинде чыгарарын билдирди.

Кубатбек Байболовдун жубайы башы чырдан чыга элек “Мегаком” уюлдук операторунун ээси “Альфа-Телекомго” жалпы баасы 1 млн. 700 миң доллар турган үч кыймылсыз мүлк сатканы жөнүндө маалыматтар ачыкка чыккандан кийин президент моралдык-этикалык негизге таянып, аны баш прокурор кызматынан алган. Ошондо Кубатбек Байболов парламентке чакырылып, ошол жерде Коопсуздук комитети, Бабанов, Отунбаева жөнүндө чуулгандуу фактыларды ачыкка чыгарып, аны териштирип чара көрүүгө чакырган. Өмүрбек Бабанов премьер-министрге арыз жазып, ага коюлган күнөөлөр териштирилгичекти бир айга кызматын өткөрүп берген.

Ошентип СДПК фракциясынын мүчөсү Т. Туманов жетектеген комиссия чуулгандуу эчтеке таппаса, “атамекенчи” Ө. Абдракманов баштаган комиссия убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, биринчи вице-премьердин, коопсуздук комитетинин олуттуу күнөөлөрү бар деген жолдо баратат. Байкоочулардын баамында, бул жерде бийлик мунарасында президенттик шайлоо алдында күч алган саясий күрөш болуп жаткандыктан чуулгандуу иштердин бети ачуу оңой маселе болбойт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: ОРМОН каяктан: ХАН
19.05.2011 09:32
кыйратасын жакшы соз жакшы идея айтып жатам деп ойлоп атасын окшойт.Кыргыз жаны тынчып там-тум баса баштаганда дагы башаламан баштап мородерствага барган шумшуктордонсунго.Бабановду комиссия актады.Өкүм чыгарышты.Мыйзам м-н болду.Демек Бабанов ак.Эгер сен ишенбесен барып кайра сотко бер мыйзам турундо.Кыргызга ишенбесен европалык ага ишенбесен дуйнолук сотко бер.Олтуруп алып тынчыган элди башаламанга чакырбай.Эл журт бузар жалкоолор, неудачниктер,саткындар, аферистер,карьеристер,кримминалдар,кыргыздын тынчтыгын бузуп туруп алышты.Мындайларга да закон чыгарыш керек.Катту жаза чыгарыш керек.Анткени өлкөнүн биримдигине копсуздук келтирип атат.Демократиянында чеги бар.Биринчи элдин тынчтыгы.Мекендин коопсуздугу.АНАН БАРЫП ДЕМОКРАТИЯ.

кимден: Омурбек,бирокБабанов эмес каяктан: Кыргызстан
18.05.2011 20:26
Бийликтегилер оздорун актап атса Кыргызстан кантип алдыга жылат. Каралыгы корунуп калган Бабановго окшогондорду бийликтин колдоосуна карабастан тез арада бийликтен алынуусун катуу талап кылуубуз керек. Бабанов мырзанын карапайым кыргыздан айырмасы жок. Бабановдун устунон жогору турган бийликтердин таманы карапайым кыргыздын таманынан томон турса турушу мумкун, бирок жогору турбайт.

кимден: Тагай каяктан: Москва
18.05.2011 03:22
Т.Туманов баштаган комиссия эч нерсе таппаса анда "Атамекенчи" О.Абдрахманов баштаган комиссиянын текшеруу жыйынтыгын куто туралы. Жон эле Бабановго коо жаппайлы. Бирок азыркы депутаттарга эл ишенбейт, анткени алар добушту сатып алган акчалуулар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.05.2011 11:03
Акча эмнени кылбайт,сатылбаган адамды табыш кыйын болуп калды го.Ким ишенет К.Байболов жалаа жаап,жалган айткан деп,ушундай коломдуу саясатчы оз карьерасын садага чабып калп айтмак эмес,муну боркунордой эле коргуло! Коалиция ыдыраса жепутат болбой калабыс деп Ар Намыстын саткын депутаттары сатылып эле кетпедиби.Атамбаев тынбай айткан жыгач генерал отуруп эле калбадыбы.Эми бир ууч комиссия мучолорун колго алып коюш Атамбаев менен Бабановко кыйын бекен апчеси колдоп турганда.Эмнегедир К.Байболов унчукпайт же чындап эле аферистпи...деги эле азыркы бийлике ишенгиче ишенбей эле койгон артык болуп калды
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.05.2011 00:13
Эч бир комиссия казыр выбордун алдында сатылбайт коркот.Эгер Байболов оз авторитетин жоготкондон корксо анда комиссия булгангандан коркпойт экен да.Бабанов Атамбаев мүмкүн илгери илгери туура эмес иш кылса кылгандыр мумкун.Ал кезде таза саясатчы жок болгон.Байболов баш болуп булганган. казыр чындык м-н иштеп атат жаны өкмөт.

кимден: Ануарбий-оолия Казакбаев каяктан: Талас Жоон-Добо Оолиякана
17.05.2011 07:01
Ушундай болорун он ай мурун жазганмын мен. Мен жогорудан кабар алып турамын. Бирокто азыркы бийликтегилердин ондуу иш жургузууго кабилеттери жок. Аларды кобуносо иблистин кол астындагы жиндер колдоп, ошолордун буйругу менен иштешет.
Ишибиз онолбойт, бийиктегилерибиз Ошто касиеттуу Сулайман тоосунун этегиндеги Алтын ордодо олтурмайынча.Эл ошону кутуп олтурат. Жогорку кучтор бул ишти эч ким кутпогон кезде ишке ашырат. Ош Орто Азиянын эн чон жана кооз шаары болот. Бул жерде калык аралык уюмдардын имараттары, дунуй жузунун экономика, каражат, соода, алдынкы технология, илим, адабий, маданий ортолуктары орн алат. Кыргызта эн бай мамлекетердин бири болот. АКШ менен терезебиз тен болуп достош мамлекет болобуз Кыргыздын жери кенейет

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.05.2011 03:39
Баардыгы аппак,эч ким куноолу эмес,баардыгы таптаза!
Анда эмнеге эле аксайбыз? Качан бутка ишенимдуу турабыз,ар кимден колдоо кутпой!
Пикирге жооп

кимден: ОМОР
17.05.2011 09:38
Көтөрүлүш үчүн эл өзү да иштеш керек.Баарыбыз чот байдан бери карызга келген акчаны аңдып жүрсөк ким алды кайда кетти деп.Өмүрү көтөрүлбөйбүз.Калпычы,аферистерге,ууруларга,бандитерге ишенип ак адамдарды бироонун тилин угуп каралап турсак өмүрү көтөрүлбөбүз.Ак м-н караны ажырата албай ойдот кылып жүрө берсек ылайдан чыкпабыз.Эл коом өзүнө жараша бийлик тандайт.Казыркы биздин турмушубузга,корупцияга шайлоодо пара алып шайлаган эл өзү криминал эл өзү күнөөлү.Министр Жунусов айтып атпайбы аксакалдар келет жакшы наасат акыл айтат.Сүйүнүп каласың дейт.Анан эле эшике чыгар да-балам м-н уулумду же неберемди таможняга болбосо налоговойго орнотуп койчу дейт дейт.Аксакал андай колуман келбейт десем эле мени жаман көрүп ушак таратып киришет деп кайгырып атат.Мен буга толугу м-н ишенем.Кыргыздар минталитети дал ушундай.Мен союз учурунда жакшы жерде иштечүмүн.Кээде боорун ооруп ке бир кембагалга жардам берип которуп койсон,болбогон нерсеге да суранып келе берчи.Жок деп койсон бир замата сенден жаман дуйнодо жок болуп калат.Ал кезде токчулукта ушундай болсо кыргыз казыр билбейм чондорго ото оор экенине козум жетет.Эл өзү революцияда мородерлук кылышып атат.Шайлоодо бузук аферистерден акча алып шайлайт.Бул элдин өзү башында туруп корупцияга бисмилла дегенде эле жол ачып берип атпайбы.Ошол пара м-н шайланган инсан кандай иштейт өзңөр деле тушунсонор керек.ДЕМЕК ЭЛ ӨЗү КҮНӨӨЛҮ.ЭЛ ОЗУ ОНОЛУШ КЕРЕК.
Пикирге жооп

кимден: insan каяктан: Россия
17.05.2011 20:45
Омор мырзанын жазгандарына толугу менен кошулам, анткени ошол бийликтегилерди бийликке ким шайлады, эл өзү шайлабадыбы. Бирөө акчага кызыкты, бирөө тууганчылык, жердешчилик кылды. Бийлик башында тургандар "көктөн" түшкөн жок да, ошол эле кыргыз элинин кулундары, бирөөнүн агасы-иниси, жердеши, дос-жолдошу болуп атпайбы. Анан эле бийлик жаман, жаманды бийликке шайлаган эл ошол шайлоодун алдында арагын ичпей,акчасын албай, сен түндүк-түштүк, таластык-нарындык дебей принципке туруп кыргыздын чыгаан уулдарын шайлаганга кудурети жетеби, кеп мына ушунда. Ошол үчүн биринчи эл өзү оңолуш керек, ынтымакка келиш керек деп ойлойм. Мына ИИМдин министри жалаң таластыктарды чоң кызматтарга коюп жатат деп атышат, аны ошол таластык туугандар суранып атышат да, баламды, инимди кызматка ал деп. Бардык жерде ошол болуп атпайбы, коррупция, жердешчилик жок болмоюнча жашоо оңолбойт.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.05.2011 00:28
Бабанов күнөөлү эместиги кадимкидей эле билинди.Чолпонбайлык жигит Таласка барып билбей эле койдук.Албетте жаман дейт.Анткени кыкендин баары биздин чыккандан кийин биздин айыл баарынан жакшы жашаш керек деп ойлойт.Бабанов азамат экен бүтүн кыргызды бирдей коргон.Казыр шайлоо алдында коммисияны саатып алыш отто кыйын.Демек мин кыйкырсанар да Бабанов таза.Уверено менин кылмышым болсо тап деп жумушунан кеткен.Тиги эки жут бузар кошоматчы калпычыларды кесиш керек.Байболов м-н Жапаров жоп бериш керек.

кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
16.05.2011 20:05
Айланайын эл-журт, бири-бирибиздин жоорубузду чукуй бербей олкобуздун экономикасын которууну ойлонсок кандай болот? Кичине акылыбызга келбейлиби!
Пикирге жооп

кимден: esen каяктан: Aalam
20.05.2011 13:36
senin tonduksunbu? tondo kudamende degen uruu bar ele

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.05.2011 20:00
Парламентке коммерсант,кун карама,акчалуу кишилер депутат болуп келишти,бул кишилерден каяктагы чындыкты кутсо болот.Тапкан экен текшере турган комиссияны,бул жогортон эмнени буйруса ошону кайталай турган "попугайлар".Кыргызстанда бийлиги,акчасы бар кишилер эч качан соттолгон эмес и соттолбойт да О.Бабановдун келечеги Акай менен Бакайдай болуп безгин болот.

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск
16.05.2011 19:39
Чындыкты жашырып атсанар Кыргызстанда качан онугуу болмок эле. Кыргыз элинин шору, корор куну кыйын эле болду. Байкуш кыргыз элим, пешенебиз ушул экен да. Алладан тилейли, Алла Таала бир кун биздин унубузду угаарына ишенем.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)