Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Аскаров ачкачылык жарыялабайт


Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров 10-январга белгиленген ачкачылыктан баш тартты. Бул тууралуу 10-январда акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Мындан тышкары Аскаров акыйкатчы аркылуу укук коргоочуларга жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон. Ал кайрылууда өзүнүн күнөөсүз экендигин дагы бир ирет билдирген.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда Базар-Коргон районунда башаламандык уюштурган деген негизде 8 адам менен бирге айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аскровдун каты, 10-январь, 2012-жыл
Аскровдун каты, 10-январь, 2012-жыл
Азимжан Аскаров 9-январда жазган кайрылуусунда ачкачылык жарыялоого камынып жатканын билдирген. Бул анын соттор чыгарган өкүмгө каршы туруунун саясий кадамы болмок. Бирок акыйкатчы Турсунбек Акун аны ачкачылыктан баш тартууга ынандырганын айтты:

- Аны ынандырыш аябай оор болду. Ал киши “мен 10-январдан ачкачылык жарыялайм” деп катуу берилип алыптыр. Анан “өлүп калсам ичимди ачпай, сөөгүмдү балдарыма берип койгула” деп мага кат жазып жибериптир. Мен тынчсызданып, абактын жетекчилиги менен байланыштым. Абакка өз кызматкеримди жиберип, телефон аркылуу жарым саатча сүйлөшүп, аны ачкачылык кармабоого ишендирдим.

Акыйкатчынын айтымында, ачкачылыкты Аскаровдун ден соолугу көтөрө албайт.

Аскаровдун иши кайра каралабы?

Өткөн жылдын 21-декабрында Жогорку Сот Аскаровду өмүр бою эркинен ажырткан райондук жана облустук соттун чечимдерин күчүндө калтырган болчу. Аны менен чогуу дагы 8 адам сот жообуна тартылган. Жогорку Соттун чечимине макул болбогон Аскаров ачкачылык жарыялай тургандыгын айтып, жергиликтүү жана эл аралык коомчулукка кайрылган эле. Бирок айрым укук коргоочулар аны ачкачылыктан баш тартууга чакырышкан. Аскаров өзү 28-декабрда журналисттер менен жолукканда буларды билдирген болчу:

- 10-январда жарыялайм деп айткам. Бирок акыйкатчы келип жатат, башкалар да келүүдө. Эми ойлонуп көрөм го. Бирок мен алгачкы күндөрү “болду, бүттү” деп ойлогом.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун өкүмү акыркы чечим деп саналып, даттанууга жатпайт. Бирок акыйкатчы Акун Аскаровдун ишин кайра кароого мүмкүн деген ойдо.

- Аны жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп караса болот. Анткени тергөө иштери жогорку деңгээлде сапаттуу жүргөн эмес.

Аскаровду коргоо боюнча эл аралык комитет деп түзүлүп жатканын Турсунбек Акун кошумчалады. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова да ишти кайра тергөө зарыл деп эсептейт.

- Бул ишти бузуп кайра караганга жагдайлар көп. Анткени башынан эле бул иш туура эмес жүргөн.

Исмаилова 30-декабрда бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент менен жолуккан кезде бул маселени көтөрүшкөнүн белгиледи.

"Кылмышкер абакта отурушу керек"

Ошол эле кезде 2010-жылы июнь айында Базар-Коргондогу калабада жабыр тарткандар жана сот органдары Азимжан Аскаровду айыптуу деп санашууда. Алардын айтымында, Аскаров Базар-Коргондо улуттар ортосундагы массалык башаламандыкты, милиция кызматкерлерине кол салууну уюштурган.

Чынара Бечелова
Чынара Бечелова
Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, кандуу окуяда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Мыктыбек Сулаймановдун жакындары “Аскаров жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда” деген ойдо. Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова:

- Азыр заманыбызды деле түшүнбөй калдым. Анткени баары кылмышкерлердин сөзүн угушат, “кыйналып жатат, антип жатат” дейт. Ал камакта бекеринен отурган жок да. Ал кылмыш кылган, аны мойнуна коюшту. Райондук, облустук жана Жогорку Сотто да мойнуна коюшту. Кылмыш жасагандан кийин жазасын тартыш керек.

Өз кезегинде Жогорку Сот да Аскаровго байланыштуу мыйзамдуу жана адилет чечим кабыл алганын белгилеп келүүдө. Бир катар эл аралык уюмдар болсо Аскаровду тезинен бошотууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG