Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Акенеев: Азербайжандан кара май алууну караштырабыз


Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев Азербайжандан кара май ташып келүү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сиздердин ассоциация Азербайжандан Кыргызстанга кара май ташып келүү боюнча өкмөткө сунуш жөнөткөнү жатыптыр. Бул сунуш эмне себептен көтөрүлдү? Сиздер Орусия менен Казакстандан башка өлкөдөн май алуу жолдорун издеп жатасыздарбы?

Жумакадыр Акенеев: Биринчиден, быйыл апрель айында Түркиянын Анкара шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде Роза Отунбаева менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев сүйлөшүү жүргүзүп, ошол жерден Азербайжандан күйүүчү-майлоочу май алсак кандай болот деп сураганда Алиев макулдугун берген.

Кийин Өмүрбек Бабанов башында турган мамлекеттик делегация сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков барганда да ошол маселе көтөрүлүп, кийин "кандай болот, иликтегиле", деп өкмөткө тапшырма берилген. Анан "эсептеп карап чыккыла, сүйлөшүү жүргүзгүлө" деген тапшырма берилген.
300 миң тонна өлкө муктаждыгынын үчтөн бир бөлүгү десек болот. Биз 1 миллионго жакын күйүүчү-майлоочу май керектеп жатабыз.

Биз сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Азербайжанда күйүүчү-майлоочу майды тейлеген мамлекеттик компаниянын башчысы өкмөттүк деңгээлде вице-премьердей статусу бар адам экен. Биз үч айдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз.

Чындап келгенде Азербайжанда эки баа бар экен: өздөрү колдонгон баа жана экспорттук баа. Эгер кара майын өздөрү колдонгон баа менен бизге берсе, анда Азербайжандын кара майынын баасы, азыркы Орусиядан алып келген баадай, ошонун тегерегинде эле болот экен. Ал эми экспортко жөнөтчү баа менен берсе, анда Азербайжандан ташып келүүнүн кажети жок. Себеби ал ошол орто эсеп менен бизге Кыргызстанга келгенде бир литри 60 сом болот экен. Биз болсо азыр андан 40 пайыз ылдый алып жатабыз.

Ушундан улам биз өкмөткө өзүбүздүн сунушубузду бердик. Азербайжан тарап Кыргызстанга 300 миң тонна бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар деп айтты. Эми мындан аркы жумуштар өкмөт тараптан жасалышы керек. Мүмкүн расмий өкмөттүк делегация барып, кайра сүйлөшүү жүргүзөт.

Жаңы президент шайланды. Ал да аракетенсе, Азербайжанды бөлөк жактан да кара май алуу мүмкүнчүлүгү деп эсептесе болот.

“Азаттык”: Кара майды кантип ташыйын деп жатасыздар? Кыргызстан азыр күйүүчү-майлоочу майды Орусия менен Казакстандан алат. Анан бул өлкөлөр өзүнүн аймагы аркылуу атаандашынын кара майын ташууга макул болушабы? Ким эле өзүнүн аймагы аркылуу өткөрүүгө макул болсун?

Жумакадыр Акенеев: Үч тараптан алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Биринчиси, Түркмөнстан аркылуу - Түркмөнбашы шаарына чейин кеме менен келип, андан ары темир жол менен ташуу. Казакстан аркылуу - Атырау шаарына чейин кеме менен алып келип, андан ары темир менен жеткирүү. Үчүнчүсү Орусия аркылуу. Орусия менен ташыган жол 60 долларга кымбат болуп жатат. Биз ал жакка да кат жөнөтүп, сүйлөшүп жатабыз. Бирок бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Биз Казакстандан жана Түркмөнстандан да ташыганга мүмкүнчүлүк болбой жатат деп кат алдык.
Эгер кара майын өздөрү колдонгон баа менен бизге берсе, анда Азербайжандын кара майынын баасы, азыркы Орусиядан алып келген баадай, ошонун тегерегинде эле болот экен.

Биз азыр Орусиядан башка да мамлекеттерди издеп атабыз. Иран жакты да караштырып жатабыз. Себеби бизде үч-төрт жактан ташууга мүмкүнчүлүк болуш керек. Күйүүчү-майлоочу май экономиканын тагдырын чечет, ошондуктан биз бул ишти токтотпой жүргүзө беребиз.

“Азаттык”: Азербайжандан келген кара май өлкө муктаждыгынын канча пайызын жаап берет?

Жумакадыр Акенеев: 300 миң тонна өлкө муктаждыгынын үчтөн бир бөлүгү десек болот. Биз 1 миллионго жакын күйүүчү-майлоочу май керектеп жатабыз. Орусиядан эмдиги жылы 1 миллион 100 тонна алабыз деген сүйлөшүүлөр жүргөн. Эми Азербайжандан келген кара май сөзсүз түрдө бизге керектүү күйүүчү-майлоочу майларга болгон керектөөнү жаппайт. Бирок биз дагы башка жактардан да май алсак жакшы болот эле деп иш жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG