Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Той бата алуубу же мактануубу?


Кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард доллар акча чачат. Күз айы менен кошо тапкан ташыган акчасын сапырып, “ала тоодой эт, ала көлдөй чык кылып” өткөргөн тойлордун парады кызыды. "Азаттык+" бул сапар той чыгымдары жөнүндө сөз кылат.

Кыргызстанда кандай экономикалык абал болбосун той сезонуна тоскоол боло албай калды. Күз айы менен кошо тапкан-ташыган акчасын сапырып, “Ала-Тоодой эт, ала көлдөй чык кылып” өткөргөн тойлордун парады башталат.

Тойлор бата алуубу же мактануубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:39 0:00

Албетте ар ким өзү тапкан акчасын кайда чачып, эмне кыларын өзү билет. Бирок кызыгы, орточо айлык 10 миң сомду түзгөн, казынасы бөксө өлкөнүн эли той-ашта өчү бардай акча сарптаган адаты күчөп баратканын айтпай коюуга болбойт.

Тойлор бата алуубу же мактануубу? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:53 0:00

Учурда баш калаадагы тойканалардын күнү тууп жаткан кези. Бири-бирине атаандашкан ресторан-кафелер улам жаңы кызмат сунуштаса, ансыз да "той жарышка" түшкөндөргө жага бербей калды. Ал эмес, айрым банктар, кафе-ресторандар насыяга той өткөрүп берүүнү сунуштап жиберишет. Ошентип тойканаларда кышка чейин кезекке турушат.

Тойлор бата алуубу же мактануубу?(3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG