Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:12

“Азаттык” TV / Азаттык+ TV

Эл өкүлдөрү элден башкачабы?

Бул чыгарылышта кыргыз депутаттарынын көпчүлүккө белгисиз жактарын чагылдырдык.

Жүктөө
Текст көлөмү - +

Жүктөө
​​

Жүктөө
​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: deputattarga каяктан: biroodon
27.02.2012 03:46
Halif Umar ibn Al Hattabdyn omur bayanyn okuuunu sunush kylam deputattarga
.tigi kozu korbogon deputat ne internette oturgany basseinge bargany je mamlekettik unaada beker jurgonu uchun aylyk alaby?
tim ele ech nerse jakpayt go tigi eje deputattarga biroosu ashkanany jamandap,biroosu aylygym az dep mashynam eski dep, biroosu shamal balkondon kiret dep.
Tozokko tushuu korkunuchtuu barynan!!! ar bir kylganynar uchun joop beresiner ewe kak joop beresiner Allahtyn astynda.Allahtan korkkula! Deputattar .N Tuleev saga osobenno tiesheluu!!!
Пикирге жооп

кимден: kg каяктан: m.e.
27.02.2012 20:13
Kiteptin aty zhe internette bolso ssylka barby?

rahmat

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
25.02.2012 13:34
Жумушчуларды кыскартууну, каражатты үнөмдөөнү депутаттар өздөрүнөн баштап башкаларга үлгү көрсөтүшсө болмок. Биз үчүн 120 депутат жана аларга кызмат кылган кызматчылар көптүк кылат. Конституцияны жазгандар аз депутаттарды оңой сатып алат деген шылтоону айтышат. Азыркы парламеттегидей депутаттардан 120 эмес 1200 депутат болсо дагы оңой эле сатылышат. Себеби көпчүлүгү акчанын күчү менен келген бизнесмендер. Бизнесмендин кулк мүнөзү, кыял жоругу, жүрүм туруму пайда табуу үчүн калыптанган. Пайданын аркасынан кубалаган адам максатына жетүү үчүн пастыка, экижүздүүлүкө, алдамчылыка, кошоматчылыка, саткындыка бара берет. Эгерде бизнесмен өндүрүш менен алектенсе булар башка кулк мүнөздө болушат. Биздин бизнесмендердин көбү өндүрүш эмес алып сатуу менен убактылуу батыраак пайда табууну өздөштүрүп алышкан. Бизнесмендерди саясатка жолотпош үчүн депутаттык кол тийбестикти алып салыш керек. Машиналарды, таксиге жол кирелерди бербеш керек. Эл өкүлүмүн деп трибунадан элдин атынан сүйлөп жаткандан кийин эл менен аралашып жашоолору керек. Темир тор менен тосушуп, сакчылар менен кайтартышып, элден бөлүнүп алышкан. Коомдук транспортордун баасын билишпейт, анан кантип ушулар элдин көйгөйүн билишет. Бай мамлекет Германиянын депутаттары арданбай эле велосипед менен жүрүшөт. Биздин депутаттар мушташып урушкандарын чет өлкөнүн парламентиндеги мушташкандарды мисал кылышып, мындай окуялар боло берет, бул парламенттик башкаруунун көнүмүш адаты деп элди жооткотушат. А эмнеге алардын жакшы жактарын алышпайт. Биздин элдин кулк-мүнөзүндө саясатчылар элдин каймагы катары үлгүлүү адамдар болуш керек. Туура эмес кылгандарыбызды айтып бири бирибизди тарбиялап жатабыз, бул парламенттик башкаруунун үзүрү дешет. Эгерде ушул депутат болгучакты жашка чейин тарбия көрбөгөндөр, канча тарбияласаң дагы тарбия жетпейт. Машинасы бар бул аптаркат деп майда чүйдө менен алышып, өздөрүнүн камын ойлогондуктан, элдик чоң көйгөйлүү маселелерге баштары жетпей отурушат. Депутаттрдын баары эле жаман эмес арасында бар анча мынча жакшылары. Депутат Бекешев башка депутаттарга жана ден-соолугу чың бирок өкмөт багат деген жалкоо адамдарга дагы чоң үлгү көрсөтүптүр. Айтматова атасынын кадыры менен келип алып, ал депутат экенин эмдигиче түшүнө элек тура. Эгерде парламенттеги окуяларды ачыктык үчүн элге жеткирем десе журналист болуп иштеп күндүр, түндүр жаза берсин депутаттардын кылган кылыктарын, иштерин.

кимден: insan каяктан: Россия
24.02.2012 21:56
Эң сонун материал болуптур, азаматсыңар "Азаттыктын" журналисттери. Бирок, бир өтүнүч, депутаттардын жашоосун эле эмес, кылган иштери жөнүндө да берүүлөрдү уюштурсаңар. Анткени, мурун автобус, троллейбуста эле жүргөн депутаттар, кийин депутат болгондон кийин баарын унутуп калган сыяктуу. Депутат болгон жакшы экен деген мырза, каяктан кантип кошулуп калды экен, депутат болгонуна эле сүйүнүп жүргөндөй. Шириндин айткандары жакты, бирок кыргыз тилин үйрөнгөнгө аракет кылыш керек, 6 айда кыргызча билип алган япон жигитинче жокпу. Ушундай жаңыча ой жүгүрткөн, креативдүү Ширин, Дастан сыяктуу жаштар келсе бийликке, коомубуз тазарып, оңолобуз го. "Үмүтсүз бир гана шайтан" дечү беле...

кимден: tixbar каяктан: Москва
24.02.2012 14:11
Азаматсыңар Азаттык+!
Берүүнүн сапаты өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн ашса ашат, кем калышпайт. Бул жерде негизги белгилеп кетчү нерсе берүүнү даярдагандар кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн сөз менен эмес иш жүзүндө көрсөтүшүп койушкандыгында. Иштериңиздерге ийгилик.
Эми наалыгансыган депутаттардын жашоо шартына альтернатива катарында Айдаркен шаарчасынын этаж үйлөрүндөгү жашоону даярдап көрсөтсөңүздөр мыкты болгону турат. Шаарчада котельная жок. Аны чоңдор тымызын сатып жиберген соң, сатып алган киши фундаментине чейин бузуп алып кеткен. Газды ар кандай себептер менен беришпейт. Светти күнүнө саат 23:00 төн 6:00 га чейин пландуу өчүрүшөт. Эми элестетип көргүлөчү кандай жашоо экенин.
Жаш балдары менен ушул үйлөрдө жашагандар өзүнчө эле баатырлар.

кимден: Сайкал каяктан: Бишкек
23.02.2012 20:09
Азаттык+ алга! мунунар кыска болуп калыптыр, но сонун даярдаптырсынар. Кийинкиде президент Атамбаев, Бабановторду чыгарбайсынарбы? Эмне учун жаштар-жаштар дебатып эле кайра баягы эле кишилер бийликке келип калды? ушуну сурагылачы.

кимден: MADINA каяктан: Italia
23.02.2012 19:55
Shirin Aitmatovani kygyzcha syilobogonyn sindabai ele koisok,sebebi kyrgyzcha tili buudai kuurgan deputattarga karaganda el ychyn dep kyiyp jangan,kompetentyy deputat.Patriot bolush ychyn sozsyz ele kyrgyzcha syiloshtyn keregi jok.kyrgyzcha sairap,birok ichip-jep,alip-jutup jyrgondordy kordyk jakshi ele.
Пикирге жооп

кимден: Жони каяктан: Москва
25.02.2012 19:58
Мадина сен адашасын ушул даражага жетип бирок эне тилин билбеген туура эмас. Патриот деген соз биринчи эне тилинен башталат. Кырыгзча сайрагандардын баары эле жеп ичкен эмес. Орусча сайрап деле жеп ичип кеткенднр бар. Ойлоп кор орустардын госдумасында иштеп бир орусча бир башка элдин тилинде интервью берип жатканын.
Пикирге жооп

кимден: Эркинай каяктан: Ош
24.02.2012 17:07
Мен бул ойго толук кошулам. Калпакты башына кийип алып, кыргызчаны нукура сулоп коюп, кылгылыктын баарын кылып жатышпайбы. Буга окшогондорду псевдокыргыздар деп койсо болот. Билбейм, силер кандай ойлойсунар, акыркы кездерди ак калпак улуттук баш кийим эмей эле, улутчулдуктун символу кобуроок айланып бараткандай, аны кийип алып оздорунун улутчулдук сезимине басым жасагандай туюулат мага.
Пикирге жооп

кимден: kg каяктан: chet olko
26.02.2012 06:54
Ene tilin bilbegen - esi zhogun anyktayt,
ene tilin suybogon - elin suyup zharytpayt.

кимден: malik каяктан: bish
23.02.2012 19:52
тим эле королдордой болуп жашашат экенго булар. Дагын уялбай оздорун байкуш кылып корсотконго аракет жасагандарычы..... жада калса жолкиренин канча экенин билбейтко... Биз бул жакта кундо эртели кеч нан м-н чайдан башка нерсе жегенге акчабыз жок. Свет очот,газ жок...

кимден: aske каяктан: msk
23.02.2012 18:00
Бул корсотууну коруп биз абдан бай олкодо жашайбыз деген ой кетет экен...служебный машина,KG номер.жардамчы.квартира.кол тийбестик жб...

кимден: Бишкек
23.02.2012 11:33
Саламатсынарбы Азаттык+ ун жааматы, азаттык депутаттарды бере берип тажаган жоксунарбы менин ойумча депутаттар силерден тажаган го депутаттардын корнуктуу уйун тарта албаганынарга караганда.

кимден: Конуш каяктан: Батир
23.02.2012 09:58
Жеке оюмча, Эл окулдору - коомдун кузгусу. Озунун куйругун
тиштеген тулкугуо окшоп жатабыз.
Коом озун-озу тазалоонун аракетинде, оор жана кыйын мезгилдерди откоруп жатат.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)