Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:12

Мултимедиа / Интернет эрөөл

"Интернет эрөөлдө" Актан Арым Кубат болду

Кинорежиссер Актан Арым Кубат "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна жооп берди.

Текст көлөмү - +
"Бешкемпир", "Маймыл", "Свет аке" сыяктуу тасмалары менен бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган кинорежиссер кино дүйнөсүнө, чыгармачылыгына байланыштуу окурмандардын суроолоруна жооп берди. 

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор жарыяланбайт.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова, кинорежиссер Нурбек Эген, муфтий Чубак ажы Жалилов, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев келишкен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Канат каяктан: Москва
22.02.2012 17:15
Сиздин кинолоруңузда кайгылуу жактары көп. Комедия тартпайсызбы? Биздин жашоо аябай комедиялуу го. Кыргыздардын юмору башкача, башкалар түшүнбөй да калышы мүмкүн
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 17:25
Байкасаңыз, менин кинолорумда комедиялык сюжеттер бар. Турмуш комедия болгон күндө да комедия тарткан болбойт го. Бирок мен окуяны жүз пайыз олуттуу кылгым келбейт. Айрым учурларда тамаша аркылуу ойду жеткиргенге туура келет.

кимден: Чолпон каяктан: Алматы
22.02.2012 17:01
Актан агай, кээ бир кыргыз режиссер, операторлор Казакстанга келип иштеп "мен казакмын" деп сүйлөп атышат теледен. Намыстанып кетет экенсиң. Алар Кыргызстанда туулуп өскөн да. Кайсыл жерден акча табышса, ошол жердин сөзүн сүйлөп, мекенин жерип кете беришеби? Сиз деле эбак кетип калып толтура акча тапмаксыз. Кеткен жоксуз да, эл түшүнбөй урушса да болбой Кыргызстанда эле жүрөсүз
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 17:27
Ким антип айтканын билбейм, уккан да жокмун. Мен билгенден баары эле кыргызбыз деп эле жүрүшөт. Эми жыргаганынан кеткен да жок алар. Канткен менен Борбор Азияда кыргыз киночуларына өзгөчө сый-урмат бар.

кимден: Кайрат каяктан: Кыргызстан
22.02.2012 16:43
Бир да суроого туз жооп берген жоксуз. Калп эле ыйламыш болгонунуз такыр жаккан жок. Намыс ойготом тиги бул дештин кереги жок. Озунуз бир башкача философ болсонуз, кыргыз элин да андай корбонузда.
Айтматовту мисал келтирбениз, ал адамдын чыгармалары аалам жеткиес, озунуздун бир кара-курсакты тойгузчу, денгээли пас, порно-эротикалык фильмди, классикалык чыгармага тенебениз. Сизге мисал келтирчу Мотуеч, Доктор апас, "зима не будет". Ушулар жонундо фильм тартпайсызбы, комедия кылып. А "Свет акенин" тупку мааниси эмне учун тартканынызды айткан жоксуз.

кимден: Айылдык кыз каяктан: Вена
22.02.2012 16:40
Актан агай, көпчүлүк көрөрмандар сиздин чыгармачылыгыңызды түшүнө турган деңгээлге жете элек. Эч нерсеге көңүл бурбай чыгармачылыгыңызды уланта бериңиз! Сизге ийгилик каалайм! Өмүрүңүздүн эң башкы чыгармасы эмне жөнүндө болот?
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 16:52
Рахмат сизге. Сиз айткан чыгарма эмне жөнүндө болоорун мен азыр айта албайм, аны билбейм дагы. Балким буга чейин сиз айткан өмүрүмдөгү башкы чыгарманы тартып койгондурмун. Эми аны убакыт көрсөтөт.

кимден: Болочок
22.02.2012 16:39
Рахмат жообунузга, Цифравой насительге (флеш карта) кино тартса тасманын сапаты жакшы болобу же болбосо мини DV касетагабы
жана ошондой эле кайсыл арзанырак камера сатып алсам болот маркасын айтып коесузбу сапаты да жакшырак.
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 16:51
Мен сизге туура эмес маалымат берип коюшум мүмкүн. "Ой-Арт", "Селкинчек" студияларына менин атымдан келип, сурасаңыз ошол жердеги балдар так кеңеш берет.

кимден: аман каяктан: бишкек
22.02.2012 16:30
свет аке кинону кайдан тапсак болот жана интернеттен унунуз угулбай жатат
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 16:35
Жакын арада дискке чыгат.

кимден: Болочок
22.02.2012 16:18
Саламатсызбы, сиз менен чогуу кино тартсак болобу менде жакшы идеялар бар кино тартайын дейм кандай кылышты билбейм, сиз менен байланышсам болобу?
Откон кунду элестеткенди кантип кино аркалуу чагылдырса болот жана элестетип мечтайтеткенди бир убакта?
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 16:23
Өзүмдүн чыгармаларымды элестетип, кыялданып тартам. "Свет аке" гана өзгөчөлөнүп калды. "Бешкемпир", "Маймыл" автобиографиялык тасмалар. Бул жаңы баштап жаткан режиссерлор үчүн жакшы деп ойлойм.

Мен менен бирге кино тартууга эмнеге болбосун? Менин даректерим бир топ сайттарда бар. Бир номурумду 10 жылдан бери өзгөртпөй келем. Киностудияга келсеңиз да дарегимди табасыз. Колдон келишинче жардам бергенге аракет жасайм.

Мастер класстарым жок, бирок ошолорду эң биринчи болуп мен ачкам. Мен өзүмдү мугалим деп эсептебейм.

кимден: Назира Айдарова каяктан: Каракол
22.02.2012 16:14
"Бешкемпирде" балаңыз тартылган эле. Ал актер болдубу? Актер болууга талантым бар, же жок экенин кантип билсем болот? Рахмат
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 16:15
1. Уулум актер болгон жок. Анын себеби бар, ал эми көп сөз. Ал азыр кино тартып, ушул чөйрөдө аракеттенип жатат. Бир кыска метраждуу көркөм, бир даректүү тасма тартты. Азыр эми модага айланган коммерциялык фильм тартсамбы деп атат, каршы болгонум жок.

2. Биринчи кадамды театралдык кружоктордон баштасаңыз болот. Азыр чакан студияларда кастингдер көп болот, ошолорго катышып, өзүңүздү сынап көрсөңүз болот.

кимден: Акмат каяктан: Бишкек
22.02.2012 15:50
Сиз өзүңүз дүйнөлүк кинодон кайсы фильмди жактырасыз, кыргыз киносунанчы?
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 16:29
Дүйнөлүк классикадан айтсам, Курасованын "Жети самурай", Феллининин "Сегиз жарым" тасмалары. Кыргыз киносунан Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" жагат. Клара Юсупжанованын даректүү тасмалары жагат.

кимден: Карындаш
22.02.2012 15:37
Актан байке, бул жерде ар кандай заказ менен жазгандар, анан өздөрүн "таза кандуу" эсептеп, бой көтөргөндө толтура. алардын сөзүнө терикпеңиз, алар жылда канча, кандай кино көрөт болду экен?? Сиздин кинолорду мен Берлинден, Парижден көргөм. Свет аке, өзүңүз айткандай, кыргызды намыстанта турган кино, коррупцияга баткан чоң курсактар кыздарды күндө сауна алып барып ит кылып атса эчтеке эмес экен, ал эми андайды көздү чукуп көрсөтсө, расса намыстанат экенбиз. Муну кур намыс деп кабыл алышыбыз керек. Кыргыздар тазаланууга муктажбыз. Свет аке ошол "тазалоочу", ички дүйнөбүздү тазалоочу фильм деп эсептейм.
Пикирге жооп

кимден: Актан Арым Кубат
22.02.2012 15:43
Рахмат сизге!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)