Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:10

Блог-Миңсанат

Менин оюм сеникинен кыйын

Текст көлөмү - +
Кичине кезде талашып-тартышуу аябай жеңил эле, мисалы: "Менин атам күчтүү", десе, бирөө каршы чыгып: "Меники сеникинен күчтүү" дейт элек. Андан соң "күпкүчтүү", "өлө күпкүчтүү", "укмуш өлө күчтүү"...  деген талаш-тартыш тажаганча уланчу. Же "калыс" адамдардан - көчөдө жөн эле өтүп бараткан адамбы, же үйдө казан башында тамак даярдаган ападанбы сураар элек. 

Кийинчирээк тамгалар менен үйрөндүк ойду, пикирди калтырып таратууну. Математика аркылуу көп нерселер такталып чыга келди. Тарых, физика, химия... Андан соң тереңдетилген тарых же ар башка адистикти окуп - биз билбеген миллиондогон нерселер, же андан да көп кубулуштар бар экенин аңдап билдик.

Бирок бүгүн "чоңойбой" бала бойдон калган миңдеген адам бар экенин байкадык. Социалдык тармак же жаңылык алдында жазылган комменттер аркылуу. Негедир бул адамдар алиппени окуп бүтүп эле эсеп-кысабын  карабай, тарыхын, илимий далилин окубай туруп эле дароо башка нерсеге "адистешкендей" элес катырат.

Ата-апа тууралуу эмес, бул ирет кызыл чеке болуп талашканы: кээде саясатчы, кээде дин, кээде кайсы бир пикир. "Менин диним сеникинен кыйын", "ишенбегениң - акылсыздыгың" - баягы биз бала кезде айткан жумшагыраак сөздөр эми ачуураак, ороюраак чыгат.

Сөз эркиндиги эч талашсыз керек нерсе, бирок анын алдында ой кенендиги деген нерсе да зарыл беле же...

Аян Осмонов
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бишкек каяктан: Бишкек
20.02.2012 09:31
Кыргыздар ансыз деле көп жерде өзүбүздүн ойду айта албай, кысынып, уялып, туура болсо да "туура эмес болуп калат гооо" деген шек менен четте калып кетебиз. Жок жерден эле "сен пикириңди билдирбе, сеники туура, оюң кенен болушу керек" деп үйрөтө берүүнүн эмне кереги бар? Кыжырды гана келтиресиңер да!
Ким өзүнүкүн туура деп эсептесе, айта берсин, жаза берсин, интернеттеги орунду да аяйсыңарбы эми? Башка элде деле көрүп атабыз, ким кандай ойлорун айтып атканын. Мына, сен деле өзүңдү өзүң жазгандай "укмуш акылдуу, ой мейкиндигиң укмуш кенен" эсептеп жазыптырсың, "Азаттык" чыгарып койду. Мисалы мага таптакыр жаккан жок, "Фейсбуктан" же дагы башка жактан бирөөнүн пикирин окуп алып, сен кандай жипкирсең, мен да так ошондой абалда калдым.
Таарынба!
Пикирге жооп

кимден: Soulflower
21.02.2012 09:03
:-) "Ким өзүнүкүн туура деп эсептесе, айта берсин, жаза берсин, интернеттеги орунду да аяйсыңарбы эми?" дейсиз дагы, Аян Осмоного кыжырыңызды келтиресиз. Ал киши деле өз оюн жазды да...

кимден: belgisiz каяктан: belgisiz
19.02.2012 12:18
avtoru kim bul blogdun?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)