Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Кыргыз авиакомпаниялары банкрот коркунучунда


Air Bishkek авиакомпаниясынын учагындагы стюардесса. Нарын шаары, 16-июль, 2013.
Air Bishkek авиакомпаниясынын учагындагы стюардесса. Нарын шаары, 16-июль, 2013.

Жергиликтүү авиакомпаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай, банкроттук абалга кептелгени айтылууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов 7-мартта парламентте айтып чыкты. Депутат чет өлкөлүк авиакомпанияларды жергиликтүүлөрдү базардан сүрүп чыгаруу максатында билет баасын кыйла арзандатып, башкача айтканда, демпинг саясатын жүргүзүүдө деп айыптады. Бирок билеттин арзандаганы карапайым жүргүнчүлөргө жакшы болгонун белгилеп, муну атаандаштыктын көрсөткүчү катары да баалагандар да жок эмес.

Арзан учууга алып келген атаандаштык

Депутат Дастан Бекешов кыргыз өкмөтү жергиликтүү авиа компанияларды колдошу керек деп эсептейт. Анын айтымында, чет өлкөлүк компаниялар кыргызстандык авиаторлорлорду сүрүп чыгаруу саясатын баштады:

- Биздин авиакомпанияларга абдан жаман болуп жатат. Анткени алардын жыштыгын алып, чет өлкөлүк компанияларга берип жатпайбы. Алар билет баасын төмөндөтүп сатууда. Мисалы “Пегасус” Бишкек-Ош каттамында билеттерди миң сомдон сатып жатат. Бул албетте жөнөкөй жарандарга жакшы. Бирок булардын саясаты биздин компанияларды банкрот кылуу. Биздин компаниялар банкрот болгондон кийин, билет баасын кайра эле көтөрөт.

Ушул тушта кыйынчылыкка туш болуп жаткан жергиликтүү компаниялардын бири “Тез жет”. Аталган компания негизинен Баткен менен Ошко каттайт. “Тез жеттин” жетекчиси Алик Аскаров Монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты күчөтүү агенттиги баа саясатын жөнгө салышы керек деген пикирде:

- Мурун Баткенге жумасына 5 жолу учат элек. Жүргүнчүлөрдүн 70-80 пайызы тажик жарандары болчу. Чек ара жабылгандан бери жумасына кээде бир, кээде эки каттап калдык. Баткенде, Исфанада, Сүлүктүдө да Ош-Бишкек билетин миң сомдон сатып жатпайбы. Анан маршрутка менен Ошко чейин келип, Оштон учуп кетип жатышат. Эгер ушундай көрүнүш улана берсе Баткендеги каттамды жабабыз. Монополияга каршы кызмат иштеши керек. Билеттин так баасын аныкташы керек. болбосо өзүн актабаган 750 сомго Ошко кантип учуп атат, мен билбейм.

Кыргызстанда авиа билеттердин баасы “Пегасус” компаниясы келгенден тарта кыйла арзандады. Бейрасмий маалыматка караганда, аталган компаниянын артында Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков турат. Турсунбеков “Азаттыкка” “Пегасуста” үлүшү бар деген маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты, бирок элди арзан ташыган компания колдоого арзыйт деп белгиледи:

- Кыргызстандагы авиакомпаниялардын таржымалдарын, кожоюну ким экенин карап чыккыла. Ошого жараша баа берсеңер болот. Кыргызстанга келип, Кыргызстандын элине пайдасы тийип жаткан бардык нерсеге жардам беришибиз керек. Кыргызстандын компаниясы болсо, салыгын Кыргызстанга төлөсө, элди арзан ташып жатса анын эмнеси жаман?

Айтмакчы жогорку бийликтегилерди айрым авиакомпанияларды тымызын колдойт деген доомат буга чейин да айтылган. Былтыр Эркин Алымбеков “Ата Мекен” фракциясынын депутаты болуп турганда "Скай Бишкек" компаниясында премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кызынын үлүшү болгонун, өкмөт башчынын “Эйр Бишкекке” да тиешеси бардыгын айтып чыккан. Премьер өз кезегинде бул компанияларды тымызын колдойт, кирешелүү каттамдардын баары берилген деген дооматты жокко чыгарган.

Ачык асман саясаты

“Пегасус” Кыргызстанга Жарандык авиация департаментинин мурунку башчысы, азыр Кыргызстан авиаторлор ассоциациясынын кеңешинин төрагасы Акылбек Жумабаевдин тушунда келген. Жумабаев чет өлкөлүк авиакомпанияларга айтылган дооматты негизсиз деп эсептейт:

- Эгерде башка мамлекеттин авиакомпаниялары биздин компанияларга атаандаш болуп атса, алардын баасы ылдый болуп жатса биздин авиа компаниялар ошол атаандаштыкка туруштук бериши керек. Туруштук бериш үчүн компаниялардын өзү, акционерлери, менеджерлери компаниянын натыйжалуулугун жогорулатышыбыз керек деген суроонун негизинде иштеши керек.

Авиация маселелери боюнча экпсперт Кайрат Итибаев болсо өкмөттүн колдоосу жок жергиликтүү компаниялардын өнүгүп, атаандаштыкка туруштук беришинен күмөн саноодо. Ал коңшу Өзбекстан менен Казакстандын тажрыйбасын мисалга тартты:

- Өзбекстанда Совет доорундагыдай эле колдоо бар. Жүргүнчүлөрду ташыган бир гана авиакомпаниясы бар. Алар аэропортту да, аэронавигацияны да башкарат. 90-жылдардын башында заманбап учактарды алууга чоң каражат бөлүнүп берилген. Казакстанда “Эйр Астанага” болсо өкмөт 80 миллион доллар бөлүп берген. Компаниянын 49 пайыз акциясы англиялык инвесторлорго берилген. Азыркы күндө 26 учагы бар, атаандаштыкка туруштук берүүгө мүмкүнчүлүгү чоң. Кыргызстанда болсо базар өзү кичинекей. Өлкөнүн ичинде атаандаштык жагдай түзөбүз деп өзүбүздүн авиаторлорду талкалап салып жатабыз. Бул туура эмес саясат. Ошондуктан өкмөт эл аралык, же болбосо регионалдык деңгээлде атаандаштык жүргүзө ала тургандай шарт түзүп, колдошу керек.

Соңку жылдары кыргыз бийликтери ачык асман саясатына, башкача айтканда Кыргызстандын аймагы аркылуу учуп-конууну каалаган бардык авиакомпанияларга уруксат берүүгө ыктап келет. Муну колдогондор да, каршы чыккандар да арбын.

XS
SM
MD
LG