Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:07

Саясат

А.Айдаралиев: Садыркулов бийликти кулатууга киришкен

Текст көлөмү - +
Мурдагы бийлик тушунда Кыргызстандан чет өлкөгө баш калкалап кетүүгө аргасыз болгон эркин журналист Асыран Айдаралиев ушу тапта Хельсинки шаарында жашайт. Ал ыраматылык Медет Садыркулов менен кызматташып, маркумдун жашоосундагы соңку айлары анын жанында болгондордон.

А.Айдаралиев: Окуя болоордон 2 күн мурун жолугуп, ал кишиден алган коркунучтуу интервьюм бар болчу. Аны жарыялайын десем, ал киши “кое тур” деп уруксат бербей койгон. Ошондо анын артынан түшүп, коркутуп жатышканын айткан. Садыркуловдун оозун жабыш үчүн аны бийликке кайра алып баруу, же жок кылуу керек болгон. Аны ким коркутуп жатканын ачык айткан эмес, анан мен сурасам, “ошону билбейсиңерби, Жаныш Бакиев менин элдешкис душманым. Мен ага эч кандай душмандык кылбайм, бирок ал мени душман кылып алды. Эгерде мага бир нерсе, кокустук болсо, өмүрүмө коркунуч туулса ал - Жаныш”, деп айткан.

«Азаттык»: Бир өлкөнүн президенти, анын үй-бүлөсү, жалпы эле бир өлкөнүн расмий бийлигине ушунчалык коркунуч туудурган М.Садыркуловдо эмне сырдуу күч бар эле?

А.Айдаралиев: Бакиевдин баласынын, үй-бүлөсүнүн кылып жаткан иштеринен көп маалыматы бар болчу. “Ал киши [К.Бакиев] кетет”, деп айткан. Кандай жол менен анын бийликтен кетирүү тууралуу ал Алматыга барып-келип, оппозияциялык лидерлер менен байланышып, даярданып аткан.

Ал стратегиялык планын түзүп, жакында элге сенсация боло турган нерселердин баарын даярдап, “Бакиевди бийликтен кетиребиз”, деп аткан. Ага баш-отун сайып киришип алган. Бул тууралуу Бакиевдин үй-бүлөсү, туугандары толук маалымат алса керек. Алар ал кишинин эртерээк көзүн тазалабаса болбоорун түшүнгөн. «Ак жол» партиясын түзгөндө дагы Садыркуловдун тизмеси менен келген адамдар да бар болчу. Бул кишини колдой турган, жактап кете турган адамдар көп болчу. Ошол себептен ал кишиден коркушкан.

«Азаттык»: М.Садыркулов өзү эмнеге ишенип жүрдү эле, сиз ушуга кызыгып сурап көрдүңүз беле?
Садыркуловдун оозун жабыш үчүн аны бийликке кайра алып баруу, же жок кылуу керек болгон.


А.Айдаралиев: Ал өзү деле күткөн эмес ушундай болуп кетээрин. Мен “артыңыздан аңдып жүрсө, коркунуч болуп атса коркпойсузбу”, деген суроо берсем, “Коркпойм” деп койгон. Анын жан сакчылары бар болчу, акыркы күнү кетип атканда жан сакчыларын эмнеге таштап койгонун билбейм. Ал коркутуп, же бир нерсени жасайт деп ойлогон, бирок өлүмгө, мыкаачылыкка барат деп ойлогон эмес. Андай болорун эч ким күткөн эмес. Казакстанда, Орусияда өтө күчтүү, тажрыйбалуу колдой турган саясатчылар бар болчу. Кыргызстанда деле кадрдык маселеси боюнча көп адамдар менен байланышы бар эле. Баары колдоп кетмек.

«Азаттык»: Бийликтен кеткенден кийин "М.Садыркулов Кыргызстанда ошол кездеги оппозициялык күчтөрдү, таасирдүү оппозициялык саясатчылардын баарынын башын бириктире баштаган. Өлкөнүн сыртынан, ошол эле Казакстандан, Орусиядан финансылык каржылоону өз мойнуна алган", деген маалыматтар чыккан, ушул чынбы?

А.Айдаралиев: “Бардыгы даяр болот” деп айтып аткан. Гезит чыгарганга каражат, баары болоорун айткан. “Эл митингден тажап бүттү, эми митинге чыкпайт”, деп айтсам “Элди пайдаланбайбыз, элди алдап, көтөрбөй эле башка күчтөрдү пайдаланабыз, акча табылып калды”, деген. Билбейм кандай жол менен табаарын, бирок ошого ишенип, көзү жетип, даярданып аткан.
Эгерде мага бир нерсе, кокустук болсо, өмүрүмө коркунуч туулса ал - Жаныш”, деп айткан.


«Азаттык»: Медет Садыркулов Кыргызстандын саясий тарыхында талаштуу саясий ишмер катары кала берет да. Чын эле ал өлкөнү, элди сүйчү беле, же саясий оюндардын чебери беле?

А.Айдаралиев: Бул кишинин элге жасайын деген жакшынакай максат, иштери бар болчу. Бул киши мурда деле кетип калмак, ал кандайдыр бир убакытты күтүп отурду. Оппозиция менен мамилеси укмуштай жакшы болчу. “Биз митинг-пикеттер менен эч нерсеге жетише албайбыз, бардыгынын акырындык менен жолун табышыбыз керек”, деп күтүп жүргөн.

Өкүнүчтүүсү - өзү түзүп, күтүп жүрүп, акыркы жыйынтык чыгаарда, өзү даярдаган долбоорлорунун курмандыгы болуп калды.


Медет Садыркулов менен эки шеригинин сөөктөрү табылган жерден тартылган видео баян. 19-март, 2009-ж. MiT, SA.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: P-R каяктан: Бишкек
25.09.2011 11:04
Мунун баары пиар. Айдаралиев чет олкодо журсо эмнеден коркуп 2009 жылдан бери чындыкты айтпай журду? Журналист экендиги деле кумон. Эптеп септеп эле Кыргызстандан качкан неме болушу керек. Эмесе бийлик алмашканына 1,5 жыл болду эменег чындыкты айтып Кыргызстанга келбейт. Чет элде жатып алып кыргыздарды тиги бул дегендин озу туура эмес. Чыныгы патриот болсон келбейсинбы Кыргызстанга. Кыргызстандын кыргыздардын тагдырына кайдыгер эле адам коруносун. 1000 деген км. алыста туруп алып бул мындай деген, тигил тигиндей деген деп кыргыздарды кайраштырбай. Чыныгы патриоттор ыйлабай, чет элге качпай эле олбой кыргыздын тагдырын тен болушуп кыргызстанда журушот. Андай ушак создорунду токтот Айдаралиев. Баатыр болсон куйругунду кыпчып, оз теринды ойлоп чет олкого качып кетпей кыргыздар менен бирге болуп тагдырын тен кормоксун.

кимден: колян
19.09.2011 11:44
Короче говоря кыргызы ким элге канча кылды эмне кылды дегенин политиктердин санабайм.Политик кылыш керек.Ал анын иши тамагы.Вот 86 курман болгон адамдарды мен баатыр деп эсептейм.Кыргызым деп Бакиевтерди жалангычтарды кулатты баштарын байлап.Бул эрдик!!!!!!!!!!!!!!!!!!!! ........................

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.09.2011 10:04
Скрипкина эмес Г.Куликова экен.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.09.2011 20:10
Асыран бул айткандарын мурда эле ммкга, гезиттерге чыккан.Эч жаны нерсе жок...Азаттык андан коро Г.Скрипкинадан интервью алсанар дурус болот эле....

кимден: жениш каяктан: москва
16.09.2011 22:52
Бейишин берсин. Мүмкүн ою ишке ашып калса апрель, июнь окуялары болбой калар беле,
же бул саясаттын сасык оюндары болушу ыктымал.
Бул жагы жакшы болуп кетсе экен деп алладан тилейм.

кимден: Болот каяктан: Бишкек
16.09.2011 16:08
Асыран мырзанын айтканына карасак, Садыркулов Элли ойлогон Адам экен да. Андай болсо 2007- жылкы парламенттик шайлоодо Ак жол партиясын Бакиевге токуп берип, ал аз келгенсип, Ата Мекендин добуштарын уурдап, СДПК ны "оппозиция" кылып олтургузганын кандайча тушунсок болот?! Ушул Эле Отунбаева олтурбады беле парламентте, бир унун чыгарып койду беле Садыркуловдун олуму боюнча?! Же Атамбаев бир ооз ачтыбы?! Эх, туугандар, олуп калгандан кийин баатыр кылбай, тируу кезинде жасаган ишине карата баа берсек жакшы болмок.
Пикирге жооп

кимден: АСЫРАН каяктан: Хельсинки
17.09.2011 02:01
Бүгүн эң башкы маселе ал маркумдарды көкөлөтүп же аларды баатыр кылыш эмес.
Көздөрүн май басып, адам деген атын унутуп, бийлигин сактап калыш үчүн менменсиген кыргыздын уулдарын чалгы чапкандай кырып киришкен бакиевдердин эл журт алдындагы жоопкерчилигинде болуп жатапайбы Болот тууганым.
"Бакиевдин бийлигинде иштеп, жасаган иштеримдин баары алардын "айбалтасына" айланып кеткенине ызаланып, ошол кетирген одоно кемчилигимди оңдойм, тез арада буларды кетиребиз" дегени, ошон үчүн өмүрү менен коштошкону элди ойлогон, анүчүн башын сайган кадамы деп баалашыбыз керек.
Пендебиз да, ким жаңылбайт, ким?
Андан да кечээки менен бүгүнкүнү салыштыруу чекилик болуп калат.
Пикирге жооп

кимден: Азат каяктан: Бишкек
21.09.2011 21:27
Алмаз алар дагы жинди, чыккынчылар, хамелиондор, акмактар эл бузарлар дагы эмне десем? Ошолор эле азыр Атамбаевдин окмотундо иштеп жатбайбы алды кыйын болуп депутат болуп олтурбайбы? Ажо болом деп тилинен бал тамкызып жатбайбы? Губернатор болуп жатбайбы баары акмактар.Садыркулов дагы (жер жамандап барбасын) ошолордун бири болгон. 90 баланы Аксыдагы 8 баланы накта баатыр деп ойлойм калаганы жон эле соз.
Пикирге жооп

кимден: Алмаз каяктан: Токмок
20.09.2011 17:22
Азат . каркыра Садыркуловтун планы экенин билет экенсин молодец .сага суроом бар . ким жогорку кенеште бул планды откоруп берген ? Бул пландын банышда ким турган ? Бакиевтер .депутаттар эмне жиндиби жер сатткан планды колдошкон?
Пикирге жооп

кимден: Азат каяктан: Бишкек
18.09.2011 09:25
Садыркулов деле "ласточка" болгон эмес Асыран байке? Бакиев системаны тузуп берген шылуундар менен иштешти уйроткон так ошол киши болгон,олгон жамандабайт дейт бирок тарых учун айтышыбыз керек.Акаевке 500мин долларды мыйзамсыз элдин ырыскызын берип жок кылган ал убакта ал акча азыркы 10 мл барабар эле, буга кандай дейсиз? Ал олсо оз кызыкчылыгынын курмандыгы болду интерес учун олду,эл жер сатылды деп олгон жок Казактарга Каркыраны так ушул киши планын жазып берген же мен калп айтамбы Асыран байке? Анан чыккынчыларды деле асманга теней берген акылга сыйбайт бул жон эле катардагы кылмыш деп ойлойм.

кимден: kuba каяктан: amerika
16.09.2011 14:15
Kayda jattin ele bul nersenin baarin bilsen.
Korkok turbaysinbi.

кимден: Вера
16.09.2011 13:18
Асыран мырза эми ойгондубу? Бийликтин алмашканы качан? Мындай маалыматы бар болсо мурда эмнеге билдирбеди? Же президенттик шайлоонун келээрин күтүп отурдубу.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине