Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Көлөкөдө "көктөгөн" радикализм


Киркук провинциясында согушкерлерге ок ачкан күрд пешмергалары. 18-март, 2015-жыл.
Киркук провинциясында согушкерлерге ок ачкан күрд пешмергалары. 18-март, 2015-жыл.

Радикализмдин таасири кулач жайган учурда ага каршы күрөштүн деңгээли канчалык деңгээлде болууда?

Эксперттер азыркы жагдайда коомчулуктун ислам дини, радикализм жөнүндө маалыматынын аздыгы ар кандай агымдардын жайылышына шарт түзүп жатканын айтышууда.

Адаттан тыш билдирүүлөрү менен коомчулукка белгилүү Нурлан Мотуев 25-мартта маалымат жыйын өткөрүп, “Ислам мамлекети” террордук тобун колдой турганын, согуш жүрүп жактан Сирияга тартынбай барарын маалымдаган болчу. Радикалдык исламды минтип колдоп чыккан Мотуевге байланыштуу Коопсуздук кызматы кандайдыр бир маалымат берүүнү каалаган жок.

Анткен менен таанымал кишилердин минтип радикализмди пропаганда кылуусуна жол берилип жатканына тынчсыздангандар аз эмес. Илимпоз, дин иштери боюнча адис Назира Курбанова бул тууралуу мындай деди:

- УКМКнын атайын бөлүмү бар, коопсуздук боюнча комиссия бар ушуга окшогон органдар иштеши керек. Мисалы, муфтият ушундай билдирүүлөрдөн кийин "Ислам мамлекети" тобун кабыл албайбыз деп айтып чыгышы керек эле.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкери. Ракка, Ирак. 2014-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкери. Ракка, Ирак. 2014-жыл.

Дин иштери боюнча комиссия бул өндүү ар кандай билдирүүлөргө эксперттик топ баа берерин маалымдап, бирок акыркы көрүнүш боюнча көз карашын ачык айткан жок. Коомчулукта Мотуевдин билдирүүсүнө көңүл бурууга арзыбаган “сандырак сөз” деп кол шилтегендер да бар.

Ошол эле учурда китеп басуу менен ишкерлик кылган Жаныбек Жанызак 25-мартта Бишкекке караштуу Кара-Жыгач конушундагы үйүн милиция тинткенин айтып чыкты. Анын үйүнө барган бир кичи автобус милиция кызматкерлери тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун китептерин басып чыгарып жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн билдиришкен.

Жаныбек Жанызактын айтымында, үйүнөн эч нерсе табылган эмес. Жеке ишкер жөнү жок текшерген милицияга нааразы болууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат бөлүмү бул тууралуу кийинчерээк маалымат беришерин айтышты.

Ушундай көрүнүштөрдү мисалга тарткан адистер экстремизм менен радикализмге каршы күрөш чабал жүрүп жатат деген тыянакка келишүүдө. Коопсуздук маселелери боюнча адис Артур Медетбековдун айтымында, күрөшкө тиешелүү кызматтардын күчү жетпей калууда:

- Жалпылап айтканда, күч органдары жогорку деңгээлде иш жүргүзө албай жатат. Эми буга бардык тармак, коомчулук, жер-жерлердеги бийлик кошо жардамдашуусу керек.

Кобани шаары. Сирия. 2014-жыл.
Кобани шаары. Сирия. 2014-жыл.

Ал ортодо Коомдук биринчи каналдын экстремизм тууралуу репортажы социалдык түйүндөрдө сынга кабылды. 26-март күнү кеткен репортажда кабарчы “Ислам динин жек көрсөтүп жаткан “Ислам мамлекети” уюму америкалык долбоор” деп айткан. Телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков “журналисттин сабатсыздыгы үчүн бүгүн эфирден расмий кечирим суроого аргасызбыз” деп Твиттер баракчасына жазды. Карыпбеков кабарчыга чара колдонуларын кошумчалады.

Диний серепчи Эмил Жээнбеков интернет, телерадио, гезит чоң күчкө ээ болуп турган мезгилде экстремизмди чагылдырууда өтө кылдат болуу керектигин белгилейт.

- Бул жерде журналисттердин жоопкерчилиги аябай керек болуп турат. Кээ бир учурда журналисттер билип-билбей айрым күчтөрдүн куралына айланып калды. Бүгүнкү күндө радикализм, экстремизм маселесин так билип албасак болбойт.

Ушул жылдын 13-февралында Кыргызстанда соттун чечими менен “Ислам мамлекети” уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындай тыюу салынган ондон ашуун радикалдык уюмдун ичинен "Хизб ут-Тахрирдин” тамыр жайганы айтылып жүрөт. Бирок соңку кездеги окуялардан улам “Ислам мамлекети” террордук уюмунун коркунучу артууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG