Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Министр Равшанбек Сабиров камалды


Тажик диаспорасы социалдык өнүгүү министри Равшанбек Сабировдун кармалышы боюнча президентке 6-июлда ачык кат жолдогону жатышат. Ал эми Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы өз партиялышынын кармалышынын мыйзамдуулугун жакын арада карай турганы белгилүү болду.

Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун жардамчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, учурда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отурганын аталган мекеменин маалымат кызматы 5-июлда кабарлаган.

Министрдин жардамчысы акчаны Сабировдун түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча алганын, ага чейин да 5 миң доллар пара алганын тергөөчүгө айтканы кабарланган эле. Сөз УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлүндө:

- Тергөөнүн жүрүшүндө министрдин жардамчысы өзүнүн жетекчисинин тапшырмасы менен чет элдик компаниянын өкүлүнөн эки жолу акча алганын айтып берген. 30-июнда 5 миң доллар алып, министрге берген. Ал эми 4-июлда 10 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Бул акча Кыргызстандан бала асырап алуу маселелери менен алектенген чет өлкөлүк компанияга ишке уруксат берүү үчүн талап кылынган деп айтылууда.

- Тергөөнүн маалыматы боюнча министрдин жардамчысы чет элдик компаниядан 20 миң доллар талап кылган. Аталган факты боюнча 30-июнда Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган кылмышка министрдин тиешеси бар экени тууралуу кармалган адамдын көрсөтмөлөрүн тергөө-ыкчам тобу текшерип жатат. Соттун санкциясы менен министрдин иштеген жана жашаган жерлеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети козголгон кылмыш иштин негизинде социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировду кылмышка шектүү катары 5-июлда кечки саат алтыларда камакка алды. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалууда.

Сабировдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев эгер министрдин күнөөсү далилденбесе, 48 сааттан кийин бошотуларын “Азаттыкка” билдирди.

- Мен эртең мененден баштап эле Сабиров менен жүрдүм. Мунун бардыгы абдан тез болуп атканы суроо жаратууда. Менин бул күнү 3 соттук процессим бар эле. Ошого карабай суракка катыш деп атайын машине менен УКМКга алып барышты. Эгер барбай калсам УКМК өзүнүн адвокатын киргизе берерин айтышты. Азыр мен тергөө иштерине байланыштуу айрым маселелерди ачыктабай турайын.

Равшанбек Сабиров 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” фракциясынан депутат болуп шайланып, былтыр коалициялык көпчүлүктүн атынан министр болуп дайындалган.

Эми фракциялаштары Сабировдун кармалышынын мыйзамдуулугун жакын арада талкуулаганы жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Калмаматов “Азаттыкка” билдирди:.

- Депутаттар бири-бири менен байланышып, ошол эле фракция лидери менен акылдашып, жакынкы күндөрү УКМКнын корруцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана Сабировдун катышуусу менен фракциянын кезексиз жыйынын өткөрөлү деп ниет кылып жатабыз. Сабировдун кармалышынын мыйзамдуу- мыйзамсызын билбейбиз. Бирок биздин фракция министр болобу, депутат болобу бардыгы мыйзам алдында жооп бериши керек деген принципти карманабыз.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы тажик диаспорасы Сабировдун кармалышы боюнча президентке ачык кат жолдогону жатат. Бул тууралуу Сабировдун эжеси Барно Сабирова “Азаттыкка” кабарлады. Диаспорасынын вице-президенти Кадыр Мурубатов азырынча кат даярдалып жатканын, анын мазмуну тууралуу айтуу эрте экенин билдирди.
XS
SM
MD
LG