Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Лондондо Максим Бакиев кармалды


12-октябрда эртең менен Британиянын укук коргоо органдары Кыргызстан жана АКШнын өтүнүчү боюнча Максим Бакиевди кармады. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков экс-президенттин уулунун кармалышы боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосунда жарандарды экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок болгондуктан, Британ тарап кармалган Максим Бакиевди АКШга өткөрүп берүүнү карап жатканы кабарланды. АКШнын мыйзамдарына ылайык М.Бакиевге тагылган күнөө далилденсе, ал узак мөөнөт абакка кесилет.

2010-жылы элдик толкундоолордон кийин Беларус борбору Минскиге кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин экинчи уулу Макcим Бакиевге оор кылмыштар жасаган деген айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Сапар мырза, Максим Бакиев качан жана кандай жагдайда кармалды?

- 12-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Британиянын Ички иштер министрлигинин атынан расмий кат келди. Ал катта 2012-жылдын 12-октябрында кыргыз жана америкалык тараптардын талабы боюнча Британиянын укук коргоо кызматтары оор кылмыш жасаганы үчүн Бакиев Максим Курманбекович камакка алынды деп айтылат. Британия менен Кыргызстандын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу болбогондуктан, азыркы учурда британ тарап Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо маселесин коюп жатат. АКШ болсо Максим Бакиевге күнөө коюп, эркинен ажыратылсын деп жатат.

- АКШ Максим Бакиевге эмне күнөө тагып, эмне үчүн издеп жатты эле?

- Тышкы иштер министрлигиндеги баштапкы маалыматтарга караганда, сөз баалуу кагаздар менен коз бойомочулук кылуу, башка экономикалык кылмыштар жөнүндө жүрүп жатат. Америкалыктар да өздөрүнүн атайын иштерин жүргүзүп жаткан. Алар кыргыз тарап менен иштерди жүргүзүп, анан тиешелүү чараларды көргөн. Ошол иштин жыйынтыгы чыгып жатат.

- Максим Бакиев АКШга өткөрүлсө, анда Кыргызстан өзүнө экстрадициялоо өтүнүчү менен кайрылабы? Эки өлкө ортосунда экстрадициялоо тууралуу келишим барбы?

- Сөзсүз кайрылабыз. Биз Кошмо Штаттар менен атайын келишимдин долбоорун жазып чыгуубуз керек. Ал келишимдин долбоору жактырылып, күчүнө кирмейинче бир аз убакыт өтүп кетет го деген ойдобуз. Бирок азыркы учурда тиешелүү жыйынтык бар. Ал - Максим Бакиевдин камакка алынышы.

- Демек британ тарап АКШ кайрылгандан кийин гана кармап жатабы?

- Британияга Кыргызстан да, АКШда кайрылган.

- Эгер Максим Бакиев Британиядан АКШ өткөрүлсө, ал койо берилбейт деген кепилдик барбы?

- Максим Бакиевдин иши эл аралык процессуалдык нормалар менен кетүүдө. Британ тарап эске алганына караганда, АКШ Бакиевге Кыргызстан сыяктуу эле оор күнөөлөрдү коюуда.

- Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Максим Бакиев кармалып, кайра койо берилиптир, алтургай кечирим сурашыптыр деген маалыматтар да чыгып жатат?

- Андай маалымат бизде жок. Бизде бир гана расмий маалымат бар. Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги жиберген кат. Андыктан биз расмий маалыматка гана таяна алабыз.

XS
SM
MD
LG