Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Аравандагы мушташтын чоо-жайы иликтенүүдө


Мушташ тууралуу милициянын маалыматы.
Мушташ тууралуу милициянын маалыматы.

Араван районунда сүмөлөк кайнаткан үйдөгү мушташтын кесепетинен беш бала ооруканага түшүп, тогузуна кылмыш иши козголду.

Сүмөлөк кайнаткан тарап “Аллаху акбар” деп кыйкырган бейтааныш балдардын чуусунан чочулап калганын айтышууда. Ал эми жергиликтүү милиция окуя диний ишенимден эмес, жаштар арасындагы кызганычтан улам чыккан деп түшүндүрүүдө.

9-мартта Араван районунун Жаңы-Абад айылында 11-класстын окуучулары бир үйгө чогулуп, ата-энелери менен бирге сүмөлөк кайнаткан. Айылдын участкалык милициясы аларга келип, музыканы түнкү 11ден кийин өчүрүүнү эскерткенин айтууда. Бирок үйдүн кожойкеси Рано Самиева мушташ саат 11ге жетпей эле чыкканын айтты:

- Бир окуучубуз дарбазаны ачканда жыйырма чакты бала кирип келди. Дароо эле короодогу алты баланы төпөштөп киришти. “Аллаху акбар, силер каапырсыңар” деп биздин балдарды уруп жатышты. Эсим чыгып кыйкыра берипмин. Кошуналар чыкканда качып жөнөштү. Экөөн кармап алып, мамыга байлап коюшкан экен. Милицияны чакырып, ал балдарды өткөрүп бердик.

Мушташтан кийин 11-класстын үч окуучусу, бастырып келген тараптан эки бала жеңил жаракаттары менен ооруканага жаткырылган. Укук коргоо органдары чырдын чыгышына кызга болгон кызганыч себеп болгонун айтууда. Ал эми таяк жеп, ооруканада жаткан балдар мушташта кыз тууралуу сөз болбогонун ырасташты.

- Дарбазаны катуу каккылашты. Досум барып ачканда эле “Аллаху акбар, каапырлар” деп кирип келишти. “Музыканы өчүргүлө, каапырларга өлүм” дешип, досумду тепкилей баштаганда тополоң чыкты. Ызы-чуудан улам эл сыртка чыкканда качып жөнөштү. Экөөн кармап калдык. Бирөөнөн “эмнеге келдиңер?” деп сурасак, “силер каапырсыңар, өлсөк шейит кетебиз” дешти. Кыз тууралуу сөз болгон жок.

Үйдүн ээси Узакбай Самиев короосунда болгон мушташты аравандыктардын ашкере динге ыктоосу менен байланыштырып, аймактагы абалдан чочулап жатканын айтты:

- Ал балдар кыздардын артынан келген эмес. Анткени бул кыздар аларды тааныбайт экен. Бул диний көз караштан эле чыкты. Биз чочулап калдык. Мамлекет бизге ушуну чечип бериши керек. Буларды бирөө көзөмөл кылбаса, эртең тополоң чыкпайт деп ким кепилдик берет?

Адатта айылдардагы ар кандай жамааттар уюштурган сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү ыр-бий менен коштолуп тынч өтөт. Жаңы-Абад айылынын башчысы Абдыманап Калыков мушташта айтылган диний чакырыктын себебин укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек деген пикирде:

- Мындай окуя болору түшүбүзгө да кирген эмес. Бул балдар айылдан 20 чакырым алыс Аравандын борборунан келишиптир. Биз аларды тааныбасак, алар бул үйдү кайдан таап келишти? Бастырып кирип, “Алла акбар” деп кыйкырганы бизге түшүнүксүз болуп жатат. Ошондуктан мыйзам чегинде аныктап бергиле деп дароо милицияга кайрылдык. Мунун артында бирөө тургандай. “Аллаху акбар, каапырсыңар, музыканы өчүр" деген сөз ашыкча да.

Сүмөлөктөгү мушташ чоңдордун кийлигишүүсү менен дароо токтогон. Жергиликтүү тургундар тополоңдон кийин "туткунга" түшүп калган эки баланы милицияга өткөрүп берген. Окуя боюнча 18-23 жаштагы 9 бала кармалып, аларга бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында жаткан балдардын ичинен диний чакырык жасаган жигит өз аракетин түшүндүрө албай койду.

- Махамаджан деген досум сүйлөшкөн кызыма барып келели деген. Ошол сүмөлөк болуп жаткан айыл тарапта бирөөгө 3 миң сом бересе экен. "Акчаны берип, анан сүйгөн кызыма да жолуга келели" деген. Биз аны менен бирге сүмөлөк көрүп келебиз деп барганбыз. Анан уруш чыгып кетти. Мушташ учурунда каапыр деген сөздү кокустан айтып алдым. Сүмөлөккө каршылыгым жок. Ата-бабабыздан калган салт экенин билем.

Бирок жергиликтүү милиция сүмөлөктөгү мушташка диний көз караштар себеп болгон деген пикирден алыс. Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев балдар диний чакырыкты мода көрсө керек деди:

- Мушташ чыгарган жигиттердин биринин сүйлөшкөн кызы сүмөлөккө барып калган. Алар ошол кызды чакырышканда үйдөгүлөр аны жалгыз чыгара албасын айтып кагып койгон. Чырдын баары ошондон башталган. Эшикти каккылап, "Аллаху акбар" деп кыйкыргандарын моюнга алышты. Эмнеге андай дедиң деп сурасак, жөн эле дешет. Негизи "Аллаху акбар" деп сүйлөө жаштар арасында мода боло баштады. Кыздар менен сүйлөшкөндө айрым диний агымдарга таандык чакырыктарды колдонуп сүйлөшсөң, жагасың деген түшүнүк бар экен. Эми бул балдар ар бир аракети боюнча жооп беришет.

Милициянын маалыматында, мушташ чыгарган балдардын өздөрү да, жакындары да радикалдык агымдардын катарында катталган эмес.

Акыркы кезде Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына Борбор Азиянын жаштары азгырылып жатканы айтылууда. Буга байланыштуу аймактагы коопсуздук маселесине көңүл буруу маселеси көтөрүлө баштады.

XS
SM
MD
LG