Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Жарандыгы жок аравандык келиндер


Араванда Өзбекстандан Кыргызстанга турмушка чыгып, бирок паспорт ала албай жүргөн 450дөй аял бар.

Алардын алды 15 жылдан бери, арты 5 жылдан бери кыргыз жарандыгына ээ боло албай келишет. Бийликтер болсо муну жергиликтүү деңгээлде чечүүгө мүмкүн болбой жатканын айтып, алакан жаят.

Мындан 20 жыл мурда Кыргызстанга турмушка чыккан Гүлнара Балтабаева эмдигиче жашап жаткан өлкөсүнүн жараны боло элек. Жолдошу экөө бул жерде үй-жай күтүп, эки балалуу болушса да, ушул күнгө чейин Өзбекстандын паспорту менен жүрөт. Канча жолу кылган аракеттеринен эч бир майнап чыккан эмес:

- Канча жыл болсо да Өзбек ССРинин паспорту менен жүрөм. Кыргызстан жаңы паспортко өткөн мезгилде алмаштыра албай калгам. Мен азыр же Кыргызстандын жараны эмес, же Өзбекстандын жараны эмес болуп ортодо калгам. Бир канча жолу документ тапшырсам да, кыргыз паспортун ала албай койдум.

Гүлнора Балтабаева
Гүлнора Балтабаева
Балтабаева паспорттун азабын дурус эле тартканын айтат. Балдарына жөлөкпул алганды мындай кой, кадимки жарандык укуктары да тепселип келет. Документ болбогондуктан өз туулган жерине өтүп, жакындары менен байланышуу да мүмкүн эмес:

- Балдарыма жөлөкпул ала албайм, шайлоого болсо дээрлик катышпайм. Өзбекстанда турган ата-энем менен дегеле учураша албайм. Эл азыр жок дегенде «Достук» посту аркылуу айланып өтүп келишет. Ал эми менде паспорт жок болгондуктан ал жерден да өткөрүшпөйт. Чек арада туруп алып 50 метр аралыкта кыйкырып, ал-акыбал сурашып, кайра кете беребиз.

Балтабаева сыяктуу Кыргызстанга келин болуп түшүп, паспорт ала элек жарандардын саны Араван районунда 450нү түзөт. Алардын алды беш-алтыдан, арты эки-үчтөн балалуу болуп калышкан. Жергиликтүү бийликтердин жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен паспорт алгандар азырынча саналуу эле.

Замира Ташалиева
Замира Ташалиева
«Тынчтыкка данакер аялдар түйүнү» да аялдардын бул көйгөйүн көңүл борборуна алып чыгышкан. Уюмдун райондук лидери Замира Ташалиева "Азаттыкка" мындай деди:

- Бул аялдардын балдары чоңоюп, анча-мынчасы үйлөнүп калды. Аялдардын өздөрүндө болсо паспорт жок. Ар биринде үчтөн-төрттөн бала бар деп эсептегенде да, 1000ден ашык бала пособие ала албай атат. Аялдар болсо, эки жакка ээн-эркин чыга албайт, шайлоолорго катышууга укугу жок. Ошентип аялдар өтө кыйналып жатат.

Ал эми жергиликтүү бийликтер болсо аялдардын жарандык алуу маселеси парламенттик деңгээлде чечилип жатканын айтышат. Араван районунун акиминин орун басары Жамила Абылкасымова мындай дейт:

- Бул маселе эмне үчүн буга чейин чечилбей келгенин билбейм. Бирок эми акырындап чечип атабыз десем болот. Былтыркы жылдан бери биз өкмөткө, президентке жана депутаттарга кайрылып, келиндерге паспорт алып берүү боюнча көп иштерди жасадык. Азырынча ошол 450 аялдын 153ү документин тапшырып, паспорт алуу алдында турат. Төртөө колдоруна паспортун алышты. Калганы деле кийинки жылдардан алып калат деп үмүт кылып отурабыз.

Маселе кайра-кайра көтөрүлүп, жыл башында Жогорку Кеңеш «Жарандык алуу тууралуу» токтомго атайын өзгөртүү да киргизген. Бирок дагы деле Кыргызстанга турмушка чыгып, биротоло жашап калган аялдардын паспорт алуусу кыйынга турууда дешет адистер.

Тескерисинче ушундай эле маселе Өзбекстанга келин болуп түшкөн Кыргызстандын кыздарында да бар. Бирок былтыр Өзбекстан жарандыгы жок бир топ келиндерин очор-бачар болуп калганына, үй-бүлө, бала-чакасына карабай туруп төркүнүнө - Кыргызстандын чек арасына чыгарып салган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG