Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Апрел. Тарых жасагандарга эстелик


16-ноябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде былтыркы апрель окуясында курман болгондорго күмбөз ачылып, эскерүү иш-чарасына Кыргызстандын бийлик башындагылар катышты.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1938-жылы репрессиянын курмандыктары эскерилип, былтыркы апрель окуясында курман болгондорго атап күмбөз ачылды.

Эскерүү жыйында сүйлөгөн президент Роза Отунбаева апрель ыңкылабы менен Кыргызстанда жаңы доор башталганын, дал кыргыз революциясы дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү жекебасар бийликтердин ойрон болушуна из салганын белгилеп, орус премьер-министри Владимир Путиндин сөзүн мисалга тартты:

- Путин айтмакчы, быйыл Араб өлкөлөрүндө, андан кийин дүйнөнүн башка булуң-бурчтарындагы чоң өзгөрүүлөрдүн, социалдык кыйынчылыктардын башатында Кыргызстан турганы талаша алгыс факт. Биздин революция менен жаңы доордун мезгили башталды.

Кыргыз бийликтери экономикалык оор кырдаалга карабастан, коррупциялашкан мурдагы бийликти кулатуу үчүн жанын берген апрель каармандарына эстелик комплексин куруп, жарадарлар жана курман болгондордун жакындарын турак-жай менен камсыз кылып жатышат.

Жакында аяктаган президенттик шайлоодо жеңген премьер-министр Алмазбек Атамбаев апрель баатырлары Кыргызстандын жаңы тарыхына жол ачканын белгиледи:

- 7-апрелде каза болгон биздин баатырлар өлүмү менен бизге жол көрсөтүп берди. Бул - демократия жолу. Кыргызстанда мындан ары эч качан деспотизм болбойт! 2010-жылдын 7-апрели "бир адам колуна чексиз бийлик топтой албайт" деген түшүнүктү бүтүндөй планетага далилдеп койду.

Атамбаев кан-жанын берген адамдар тилек кылган реформаларды аягына чыгарууга сөз берди.

Парламент төрагасы Акматбек Келдибеков былтыркы кандуу окуялардан соң эл да, журт башчылары да биримдикти туу тутуп жашоосу керектигин айтты:

- Каргашалуу апрель жана июнь окуяларынан кийин эл биримдиги менен журт бүтүндүгү канчалык маанилүү экендигине, канчалык аяр мамиле талап кылаарына дагы бир ирет ынандык.

"Ата-Бейитке" сөөгү коюлган апрель окуясында каза болгон 83 адамдын ысымы кара ташка чегерилип, бир адамга “белгисиз жаран” деп жазылды.

Үстүндө түндүк орнотулган үч бурчтук түрүндөгү эстелик-комплекстин бийиктиги 8, туурасы 7 метр. Ал кызыл мармар таштан жасалган.

Эстелик комплекстин курулушуна жалпы эсеби 20 миллион 800 миң сом сарпталганы маалымдалды.

"Ата-Бейит" эстелик комплексинен сүрөт баян:




  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG