Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Дарыгерлер жаңылдыбы же кылмышты жашыруубу?


Бишкекте өткөн педофилияга каршы акция
Бишкекте өткөн педофилияга каршы акция

Өгөй атасы тарабынан зордукталды делген эже-сиңди тууралуу маалымат берген Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын дарыгерлеринин жоопкерчилиги каралат.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза аталган оорукананын дарыгерлери кыздарга койгон диагнозду жокко чыгарды. Милициянын айтымында, Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын дарыгерлери кыздардын зордукталышы боюнча укук коргоочуларга туура эмес маалымат берген. Эми Башкы прокуратура тарабынан дарыгерлерге юридикалык баа берилет. Чүй облусттук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Нурбек Токтосунов:

- Учурда ишти Башкы прокуратурага өткөрүп бердик. Азыр түзүлгөн комиссия карап чыгат. Анан дарыгерлерге юридикалык баа берилет.

Ал эми дарыгерлер ооруканага түшкөн эки кыздын тең жыныстык органдары жабыркаганы аныкталганын айтышууда. Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков мындай деди:

- Бизге ал кыздар медициналык жардамга муктаж болуп түшкөн. Дарыгерлер көргөнүн айтып, жазып беришкен. Бирок, негедир кийинки соттук-медициналык экспертиза менен биздин жыйынтык туура келбей калды. Азыр эч нерсе деп айта албайм. Дарыгерлер көргөнүн жазып берет.

Деген менен Республикалык соттук-медициналык экспертиза аталган оорукананын дарыгерлеринин бүтүмүн туура эмес деген чечим чыгарган. Аталган мекеменин өкүлү Данияр Кошоков алардын кызматкерлери жаңылышы мүмкүн эмес экенин айтууда:

- Эми биздин кызматкерлер үчүн ал күнүмдүк иш. Ал эми тигил жактагы дарыгерлер жаракаты бар деп коюшкан экен. Биз текшерип чыктык, эч кандай белгилери жок болуп чыкты.

Минтип эки тарап өз жүйөсүн келтирип, ортодо талаш күчөдү. Эми үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылды делген эже-сиңдинин иши боюнча экспертизаны атайын комиссия жүргүзмөй болду. Башкы прокуратура, Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтери, акыйкатчы биригип, кыздарга атайын психологиялык, медициналык көз карандысыз текшерүү жүргүзгөндөн кийин дарыгерлердин бүтүмү боюнча жыйынтык чыгарылат.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жыйынтык жакынкы күндөрү чыгаарын билдирди.

- Бул иш талаштуу болуп калды. Азыр министрликтен комиссия түзүлдү. Эми карап чыгат. Кайра соттук-медициналык экспертиза өткөрүлөт. Анан коомчулукка кабарлайбыз.

Эки кызмат бири-биринин бүтүмүнөн шек санап жаткан кабар коомчулукта ар кандай талкууланып, бүдөмүк ойлорду жаратты. Ал эми укук коргоочулар кыздардын азыркы абалына тынчсызданып, зордукчул жазасыз калып жатканына каршы акция өткөрүштү.

Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова кызыктар тараптардын кылмышты жашыруу аракети болуп жатышы ыктымал дейт:

- Биз тынчсызданып жатабыз. Кичинекей кыздарды кайра эле кордук көргөн үй-бүлөгө алып барып коюшту. Жок дегенде дарылатып чыгарыш керек да. Дарыгерлер туурасын эле айтып берген. Шектүү адам дагы эле эркиндикте жүрөт. Биздеги укук органдары туура эмес иштеп жатканын көрүп жатабыз.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

Ал эми кыздардын энеси "Биринчисинде мен өзүм кармап алгам. Кызымдан сурасам ал үч жылдан бери күйөөмдүн зордуктоосуна кабылып жүргөнүн айтты. Милицияга арыз жазсам, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү аны чыгарып жиберди" деп, "Азаттыкка" айтып берген болчу. Учурда кыздардын энеси Чуңкурчак жайлоосунда болгондуктан өзү менен кайра байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Милициянын маалыматында аталган кыздардын кичүүсү өгөй атасы менен апасынын колунда. Ал эми улуусу өгөй атасынын туугандарыныкында жашап жатат. Алар милиция жана социалдык кызматкерлеринин көзөмөлүндө экенин күч органдарынан кабарлашты.

14-май күнү социалдык коргоо кызматкерлери 10 жана 6 жаштагы кыздарды өгөй атасы зордуктады деген шек менен Бишкек шаарындагы балдардын №3 клиникалык тез жардам ооруканасына алып барган. Аларды текшерген доктурлар зордуктоо болгонун тастыктаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG