Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Коркмазовду кайтардык деген куру сөзбү?


Видео камеранын көрсөткөн мөөнөтүнө ылайык 5-сентябрь күнү саат 20:15те Коркмазов оорукананын алдында телефон менен сүйлөшүп, эч кандай кайтаруусуз эле ээн-эркин эле басып жүргөнүн көрүүгө болот.
Видео камеранын көрсөткөн мөөнөтүнө ылайык 5-сентябрь күнү саат 20:15те Коркмазов оорукананын алдында телефон менен сүйлөшүп, эч кандай кайтаруусуз эле ээн-эркин эле басып жүргөнүн көрүүгө болот.

Паракорчулукка шектелип камакка алынган депутат Хажимурат Коркмазов ээн-эркин эле жүрөт делинген видеосу коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Интернетте 10-сентябрда пайда болгон тасма Улуттук кардиология борборунун көзөмөл камерасына тартылган. Видео камеранын көрсөткөн мөөнөтүнө ылайык, 5-сентябрда саат 20:15те Коркмазов оорукананын алдында телефон менен сүйлөшүп, эч кандай кайтаруусуз эле ээн-эркин эле басып жүргөнүн көрүүгө болот.

Ал эми Башкы прокуратура депутат ден соолугуна байланыштуу ооруканага күч кызматкерлеринин кайтаруусунда барган деп ишендирүүдө. Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Тагаев:

- Ал 1- сентябрда Улуттук кардиология борборуна жаткырылган экен. Ал жерде УКМКнын кызматкерлеринин кайтаруусунда жатат. Бул камакта деп эсептелинет. Азыр ал дарыгерлердин маалымат катынын негизинде УКМКнын абагында жаткан жок, бирок ден соолугу оңолсо, камакка алынат. Ал эми видео жөнүндө билебиз, текшерип чыктык. Ал оорукананын оозунда сүйлөшүп турган экен. Анын жанында УКМКнын кызматкерлери бар болчу. Болгону көрүнбөй калыптыр.

Улуттук кардиология борбору менен видеонун чоо-жайын билүү максатында байланыша алган жокпуз. Ал эми Хажимурат Коркмазовдун жактоочусу Кайрат Загибаев муну кызыкдар тараптын атайын депутатты каралоо үчүн жасалган чагымы катары баалады:

- Коркмазовдун дарыгери милициянын кайтаруусунда кан тапшырып кел деп ар кайсы жакка жиберет да. Менин оюмча атайын ошол видеону тартып алышкан же ооруканадан сатып алып, чагым кылып жатышат. Коркмазов эркиндикте эмес, кайтарып жүргөн кызматкерлер бар. Анын ден соолугу начар, дарыланыш керек. Журналисттер видеого кошуп жазып чыгышты. Коркмазов өзү тартиптүү адам, ал эч жакка качпайт.

Деген менен коомчулукта Коркмазов эркиндикте эле жүрөт деп, тартип коргоо органдарынын билдирүүсүнөн күмөн санагандар арбын. Анын үстүнө кечки саат сегизде анализ тапшырган деген жүйө дагы шектүү угулат. Коркмазов кылмыш иши менен эски дарты кошо козголуп, ден соолук шылтоосу менен убактылуу эркиндик сураган жалгыз депутат эмес. Жаш саясатчы Адил Турдукулов:

- Ал камакта болуш керек эле да. Ал эми видеодо коридордо эркин басып жүрөт. Эми коомчулук видео болбосо деле, ал камалбай эле эркиндикте жүргөнүн түшүнүп турат. Жасалма справка менен же түрмө системасындагы жогорку адамдар менен сүйлөшүп алган учурлар кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Алар түрмөдө деле кадимкидей эркин жүрөт. Мындай адамдарга мыйзам иштебейт.

3-августта Бишкек шаардык соту депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган эле. 1-сентябрда Жогорку Сот шаардык соттун чечимин өзгөртүп, аны 15-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ушул жылдын 15-июль күнү Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылып, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган. Кийин ал пара алууга Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин да катышы бар деп шектелип, ал 22-июлда УКМКнын тергөө абагына камалган.

Учурда Нарымбаевге жана Коркмазовго козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилди. Нарымбаевге жемкорлук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Коркмазовго пара алуу айыбы коюлду. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG