Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Ак-Сууда кара тумоого каршы чара көрүлүүдө


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун айрым жерлеринде кара тумоого байланыштуу карантин жарыяланды. Жапайы жаныбарлар кеңири байырлаган Эңилчек капчыгайында 22 киши эмделди.

Жакында каза болгон 15 жаштагы өспүрүмдөн алынган анализдин алдын ала жыйынтыктары анын кара тумоого кириптер болгонун көрсөткөн.

Каракол шаарындагы карантиндик жана өтө кооптуу илдеттер бөлүм башчысы Равшан Маймулов Ысык-Көл облусу кара тумоо илдетинин табигый очогу бар аймак экенин эске салды. Анын айтымында, жыл сайын жайлоого чыгаар алдында малчынын үй-бүлөсүнө же болбосо туристтерге дартка каршы эмдөө өткөрүлөт. Каза тапкан Темирбек Исакуновдун үй-бүлөсү эмдөө албай эле тоого маалы менен чыгып кеткен.

- Тумоо Кашка-Суу өрөөнүнүн Оттук жайлоосунан чыккан. Бул үй-бүлө эмдөөдөн өтпөй, өздөрү тоого маалы менен чыгып кетишкен. Негизинен апрелден баштап, майдын аягына чейин тоого кеткен малчы болобу, турист болобу, айтор бардыгына эмдөө жүргүзүлөт. Бул эмдөө 15 күндөн кийин таасир этет. Бул бала деле каза болмок эмес. Кара тумоонун бубон түрү адам ооруну алып жүргөн суурду кармалаганда гана жугат. Азырынча кандай жолдор менен жукканы белгисиз. Кара тумоону кемирүүчүлөрдөн башка майда чымындар, кененин айрым түрлөрү да алып жүрөт. Көпчүлүгүнө ошолордон жугат, ошондуктан суурдун этин жегенге болбойт, этин, терисин кармаганга да болбойт.

Учурда Эңилчек айыл округунун Кашка-Суу капчыгайына инфекционист, эпидемиолог дарыгерлерден турган топ санитардык агартуу иштерин өткөрүү, илдет мандеми барларды жана маркум Темирбек Исакунов менен байланышта болгон адамдардын температурасын өлчөө үчүн үйлөрдү кыдырып чыгууга жиберилди дейт Саламаттык сактоо министрлигинин Ак-Суу районундагы координатору Эркин Урманаев.

- Учурда бардыгы болуп 129 киши көзөмөлгө алынды. Дарыгерлер ар бир үйдү кыдырып, текшерип жатат. Температураларын текшерип жатат, учурда абалдары жакшы. Каза тапкан бала түшкөндө хирургия бөлүмүнө келген. Ал бөлүмдө 40 оорулуу бар болчу. Учурда райондук ооруканада карантин жарыяланды. Райондук оорукананын инфекция бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасында карым-катнашта болгондор да бар.

Асанаалы Ишенбиев
Асанаалы Ишенбиев
Эңилчек айыл округунун Кашка-Суу капчыгайында, Оттук айылында, Сары-Жаз сырт зоонасында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында, Ак-Суу райондук аймактык ооруканасында, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында 25-августтан 30-августка чейин карантин жарыяланды. Андан сырткары 1,5 жана 10 жаштагы балдар да тиешелүү алдын алуу үчүн дары-дармектерин ичип жатышат. Анткени алар оорулуу менен байланышта болгон. Азыр ооруканага тамак-аш да киргизүү кыйын болуп калды. Асанаалы Ишенбиев оорулуу тууганын көргөнү келиптир:

- Бул жакта эжемдин баласынын колу сынып, ооруканада баласы менен жатат. Бул жакка үч күндөн бери киргизбейт. Тамак бербей жатат. Сактаныш керек да. Жугуштуу оору деп угуп, бетибизге маска кийип жүрөбүз. Ооруканадагыларга тамак бул жерден берилип жатат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетованын кабары боюнча, облуста эпидемияга жана эпизоотикалык абал боюнча 13 кишиден турган атайын комиссия иштеп жатат. Жергиликтүү тургун Асылкүл Миназарова эл сарсанаа болуп турганын айтат:

- Карантин кылганы туура эле. Оорунун жабык түрү дегенинен санаам тынып калды. Бул оорунун жугушуна экология кызматкерлери күнөөлүү деп ойлойм. Себеби Союз учурунда бардык жаныбарларды текшерип, тийиштүү дары-дармектерди колдонуп турушчу. Азыр болсо андай эмес. Элдин ден соолугу биринчи орунда болуш керек. Өзүм Сары-Камыш айылынан ооруканага көрүнөйүн деп келгем. Баарыбыз эле бала-чакадан коркот экенбиз. Малыбыз жайлоого чыгат. Ар кандай угуп жаткам. Азыр ооруканада карантин жарыяланганын көрдүм.

Каза болгон өспүрүмгө кара тумоо суурдан жуккан болушу мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат. Ошондон улам Исакуновдордун үйүн тинтип, суурдун териси же башка калдыктары бар-жогун аныкташмакчы.

Өткөн жылы жай айында Ак-Суу районундагы Эңилчек жайлоосундагы суурлар кара тумоо илдетине чалдыкканы белгилүү болгон. Буга байланыштуу аталган жаныбарга аң уулоого тыюу салынган.

Кара тумоону кемирүүчүлөрдөн башка майда чымындар, кененин айрым түрлөрү да алып жүрөт. Кара тумоо менен ооруган малдын терисин иштетүүдө, этин жегенде жана сүтүн ичүүдө жуктуруу коркунучу бар.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG