Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Атамбаев "Элдик парламентти" сындады


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүн белгилөөнүн алкагында көп балалуу аялдарды жана чет өлкөдө ийгилик жараткан жаштардын апаларын сыйлап жатып адаттагыдай эле саясий билдирүү жасады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен жетиден ашык баланы чоңойткон 1902 аял “Баатыр эне”, алты баланы өстүргөн 437 аял “Эне Даңкы” төш белгилери менен сыйланды. Бул иш-чарада мамлекет башчы куттуктоо менен кошо саясий билдирүү да жасады. Президент 12-май күнү камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүн сындап, мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланарын эскертти.

- Мен эмне үчүн “Энелер күнүндө” ушул билдирүүнү жасап жатам? Себеби өлкө элинин эмес, өз айылынан керектүү добуш алууга көзү жетпегендер бүгүн бийликти күч менен басып алууну көздөп жатышат. Баягы эле баатыр энелерди алдыга салып, аларды пайдаланып, бийликти талашканы турушат. Биз сыйлаган энелер чыккынчылардын саясий куралына айланып калбасын деп айтып жатам. Мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланат. Антпесе булар эсирип кетишти. Буларды абак аябай сагынып, күтүп аткан.

Энелерди куттуктоо
Энелерди куттуктоо

12-майда интернетте “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Төрөбай Кулубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов катышкан телефондук сүйлөшүү делген аудиотасма тараган. Ал тасмаларда бийликти күч менен тартып алуунун, ага керектүү куралдардын бары, бийлик алынгандан кийин кандай кадамдар жасалары тууралуу сөз болгон. “Элдик парламенттин” ошол эле күнкү форумунда президентти мөөнөтүнөн мурда кетүүсүн талап кылышары ачык айтылган. Президент Алмазбек Атамбаев кармалгандар менен кошо “Элдик парламенттин” форумуна баргандардын дарегине да бир топ сын узатты.

- “Элдик парламенттин” форумунда кимдер гана болгон жок. Талгарбеков баш болгон акаевчилер, Калматов баш болгон бакиевчилер, Мотуев баш болгон “игилчилер” жана грантка келген акчаларын актап жаткан Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова баштаган бейөкмөтчүлөр катышты. Ал жерде “Элдик парламентпиз” дегендер артыбызда чет өлкөлүк жашыруун кызматтардын генералдары, полковниктери турат деп, алардан акча келгенине өз ара мактанып атышат. Булардын аты бирөө эле – чыккынчылар. Өз мекенинин саткындары.

Аты аталган укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова президенттин бул билдирүүсүнөн кийин ага кайрылуу жолдошту. Алар дүйшөмбүгө чейин жооп күтүшөрүн, эгер мамлекет башчы кайрылууга көңүлкош мамиле кылса сотко кайрыларын айтышты.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Укук коргоочулар муну менен катар мамлекеттик төңкөрүш жасоого камынган деп айыпталып, кармалган “Элдик парламенттин” өкүлдөрү менен эч кандай тилектештиги жоктугун билдиришти. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова:

- Президент болобу, жөнөкөй адам болобу бирөөнү айыптоодон мурун далилдерди текшерүү керек. Бул биздин конституциялык укугубуз. Экинчиден, ар бир адамдын тууган-уругу, куда-сөөгү болорун да ойлонуш керек. Тиякка барып коюптур деп эле 300дөй адам катышкан жыйындан эки укук коргоочуну көрө салгандай болуп, айыптаган туура эмес. Биз укук коргоочубуз. Биз жарандык коомдун өкүлү катары оппозиция же бийлик эмне кылып жатканына байкоо салып, ага жараша пикир билдирип турабыз.

Айрым талдоочулар болсо саясий аракеттердин жандануусун Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аяктап баратышы жана геосаясий кызыкчылыктардын ачыкка чыгуусу менен түшүндүрүшүүдө.

Саясий серепчи Марс Сариев Акаев жана Бакиевдин тушундагы эски элита тышкы күчтөрдү пайдаланып болсо да бийликке келүү мүдөөсүн ачыкка чыгарды деп эсептейт.

- Кыргызстанда тышкы күчтөрдүн ар кандай долбоорлору иштейт. Муну моюнга алуу керек. Ошол эле батыштын, ошол эле Орусиянын ар кандай максаттары бар. Бирок азыр кармалган “Элдик парламенттин” мүчөлөрүндө бийликти алып коюуга жарамдуу дарамет деле жок. Алар саясаттан качан эле сүрүлүп чыгып калышкан. Азыр алардын активдешүүсү саясий жандануунун алдындагы жараян. Эгерде бул жараян чындап ишке кирсе, бийликте жүргөн бир топ чиновниктер жүзүн өзгөртүп, карама-каршы жээкке өтө качары турган иш. Анда саясий абал чындап өзгөрөт. Анткени азыр Орусия, Беларуста жүргөн мурдагы эки президенттин кызыкчылыктары бир жерден чыгып жаткандай. Бирок укук коргоочу Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова кайсы бир саясий күчтүн буйругун аткарып жатат деп эсептебейм.

Бул арада “Элдик парламенттин” кармалган мүчөлөрүнүн баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту эки ай абакта калсын деп чечкени маалым болду. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Кулубаев, Марат Султанов 12-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калды.

Биринчи Май райондук сотунда кечээ 13-майда кармалган Нурлан Мотуевдин дагы иши каралууда. Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев 12-майда өткөн "Элдик парламенттин" жыйынында өлкөгө шарият мыйзамдарын киргизип, Кыргызстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук тобунун можахеддериндей жашоого үндөгөнү айтылган.

Президент энелерди куттуктады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

XS
SM
MD
LG