Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Милиция өспүрүмдү кыйнады деп шектелүүдө


Акыйкатчы институтуна 15 миң арыз түшсө, алардын 60% жабык жайлардагы кыйноолорго байланыштуу болгон
Акыйкатчы институтуна 15 миң арыз түшсө, алардын 60% жабык жайлардагы кыйноолорго байланыштуу болгон

Ала-Бука райондук прокуратурасы кыйноолорго байланыштуу аймактагы ички иштер бөлүмүнө кылмыш ишин козгоду.

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондун Биринчи май айылынын тургуну, 15 жаштагы Сталбек Алыбек уулун мал уурулукка шектүү катары сегиз күн мыйзамсыз кармашып, өз алдыларынча сурак жүргүзүшкөн. Мындан сырткары шектүү деп кармалган эки жаранга милиция тарабынан зомбулук жасалган дейт акыйкатчынын Жалал-Абадагы өкүлү Алима Аманова:

- Жашы жете элек өспүрүмдү шектүү катары 8 күн кармашып, 5 сааттан сурак жүргүзүшкөн. Мыйзам боюнча алар педагогдордун катышуусунда суралышы керек болчу. Бул жерде мыйзам одоно түрдө бузулган. Ал эми Шайназаровду кармаган соң катуу уруп, ээсин оодарышып, Ала-Букадагы эмес, Таш-Көмүр шаарындагы убактылуу кармоочу жайга алып келишип, 8 күн ушул жерде кармашкан. Каракойчиевди болсо Бишкек шаарынан кармашып, жолдо алып келатып жылаңачтап, сабашып, карга тургузушкан. Булардын баарын алар өз көрсөтмөлөрүндө айтып беришти.

Буга байланыштуу Акыйкатчы аппараты ишти көзөмөлгө алуу менен прокуратурадан чара көрүүнү өтүнгөн. Азыркы учурда райондук көзөмөл органы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон, бирок тергөө иштерине байланыштуу облустук прокуратура бул багытта маалымат берүүнү каалаган жок.

Облустук ички иштер башкармалыгы болсо кылмышка шектүүлөргө карата эч кандай кыйноолор болбогонун билдирүүдө. Мекеменин басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев ич ара текшерүүлөрдө дооматтар аныкталган жок деп айтты.

- Акыйкатчынын көзөмөлү алдында, прокуратура тарабынан жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын ишине биз кийлигише албайбыз. Ал эми облустук ИИБнын алдындагы көзөмөл органы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзгөн учурда эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Ал эми Шайназаров менен Каракойчиевди кармоодо 94-берене менен прокуратура тарабынан уруксаттын негизинде гана кармалып, кыйноолор болгон эмес.

Мал уурулукка шектелген жогорудагы үч жарандын кылмыш ишин прокуратура кайрадан тергөөгө жөнөттү. Бирок кыйноого кабылган деген Шайназаров менен Каракойчиев үч айдан ашык убакыттан бери камакта кармалууда. Акыйкатчынын өкүлү Алима Аманова көпчүлүк учурларда прокуратура тарабынан кыйноолорго байланыштуу чечкиндүү чаралар кабыл алынбастыгын билдирди:

- Ала-Бука тараптан соңку учурда бизге кыйноолорго байланыштуу көп арыз-даттануулар түшүп жатат. Өспүрүмдү суракка алуу боюнча факты аркылуу прокуратура иш козгоду. Ал эми эки жаранга кыйноо боюнча азыр териштирүү жүрүп жатат. Анан прокуратура кылмыш ишин кайра тергөөгө чакыртып алды. Көпчүлүк учурда алар тарабынан чечкиндүү чара көрүлбөгөндүктөн ал иштер узарып, кылмышка шектүүлөр айлап-жылдап камакта кармалып жатышат. Прокуратура булардын баарына караш керек.

Соңку кездери кызмат абалынан пайдаланган кыйноо фактылары арбын орун алып жатканын Кыйноолорго каршы улуттук борбор билдирет. Борбор тарабынан өткөн жыл ичинде 503 жолу жабык жайларга текшерүүлөр жүргүзүп, көпчүлүк жайларда кыйноолор орун алгандыгын аныкташкан. Борбордун директору Бакыт Рыскулов буларды айтты:

- Кыйноолор өлкө аймагында кеңири, абал өтө оор десем да болот. Мамлекеттик кызматкер же башкасы кызмат абалынан пайдаланып же башка учурларда кыйноого алган фактылар арбын. Алдыга жылыш болбой жатат. Мамлекеттик кызматкерлер өз кызматкерлерине талапты күчөтүп, кыйноолорду болтурбоочу талап койгондо гана абал өзгөрүшү мүмкүн. КЖКде кыйноого алуу жана кызмат абалынан пайдалануу деген беренелер бар. Көпчүлүк кыйноо учурларында алар кызмат абалынан пайдалануу беренелерине алмаштырылып жатат.

Облуста адам укугун коргоо багытында иш алып барган “Адилеттик” уюму өткөн жылдагы билдирүүсүндө Ала-Букадагы убактылуу кармоочу жайда кыйноолор көп орун алып жатканын билдирген. Ал эми эски жылда Акыйкатчы институтуна 15 миң арыз түшсө, алардын 60% жабык жайлардагы кыйноолорго байланыштуу болгон.

XS
SM
MD
LG