Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Ала-Букада чатакташкандар элдешти


"Шах-Фазил" деп аталган сыйынуучу жайдын кире бериши
"Шах-Фазил" деп аталган сыйынуучу жайдын кире бериши
Аймакта ымалага келүү иш-чаралары өтүп, тараптар элдешкени менен күнөөлүү деп камалган эки окуучу үйүнө чыгарыла элек.

16-майда Сафед-Булан айылындагы сыйынуучу жерге Сары-Талаа айылынан зыяратка келген мектеп окуучулары менен жергиликтүү жаштар арасында мушташ чыгып, аймакта эки күн бою абал курч болгону кабарланган эле. Ал ортодо социалдык тармактардын колдонуучулары аймактагы абалды кооптуу деп сыпаттап, ал тургай эки айылдын жашоочулары бири-бирин барымтага алып жатканын жазышкан.

Журналисттер тобу барганыбызда Ала-Букадагы базар-дүкөндөр кадыресе иштеп жатканын, үрөй учурарлык абал жок экенин көрдүк. Чынында мушташ чыккандан кийин үч күн бою коомдук тартип катуу көзөмөлгө алынган.

Чыр орун алган Сафед-Булан айылындагы “Шах Фазил” эстелик комплексине зыяратка келгендер эч кандай тоскоолдуксуз зыярат кылып жатканына күбө болдук. Чырга байланыштуу бул айылга кыргыз тектүү зыяратчылар келбей калганы айтылган эле. Биз барган учурда эки жеңил унаада, эки кичи автобуста келген зыяратчылардын баары кыргыз улутундагылар болду.

Музей-комплекстин жанында соода кылган Нигора аттуу айым чыр болгондон кийин үч күнгө чейин бул жерге эч ким келбегенин айтты:

- Соодабыз жакшына эле болуп турган. Мазарга зыяратка келгендер менен ушул жердеги балдардын ортосундагы тополоңдон улам элдин баары ызы-чуу түшүп, зыяратка адам келбей койду. Үч күн бою дээрлик эч ким деле келбеди. Эми гана заяратчылардын саны көбөйө баштады.

Сафед-Булан айылында өткөн жумада болгон мушташ мазарда кезек талаштан чыккан. Сары-Талаа айылындагы Орозалиев мектебинен зыяратка келген окуучулар менен жергиликтүү жаштардын мушташы андан ары Арафат деп аталган тоодо уланган. Ортого улуулар аралашып, чыр ырбай баштаганда жергиликтүү бийлик менен ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери облустан кошумча күчтөрдү чакырганы айтылган эле. Анткени мектеп окуучуларынын ортосундагы жаңжал улут аралык мүнөзгө өтө баштаган болчу.

Сафед-Булан айылынын 66 жаштагы тургуну Шокиржон Абдупаттаев окуучулардын мушташына чоңдор аралашып, окуя саясатташып кетти деген пикирин ортого салды:

- Мунун баары тарбияга такалат. Эгер кай бир тарап бир сөздөн калса, ушундай жаңжал чыкпайт болчу. Биз жаш кезибизде деле мушташтар болуп турган. Бирок урушуп, анын эртеси жарашып кете берчү элек. Чоңдорубузду ортого салган эмеспиз. Бирөөнүн үстүнөн арызданмай, милицияга бермей деген адаттар уят саналчу. Менин оюмча, мунун баарына демократия деген түшүнүк себеп болуп жатат. Ушул демократия деген сөз биздин элге оорчулук жаратууда. Ага таянып, ар ким каалаганын жасайт, туура эмес жасап жатканын айтсаң, демократия дейт. Биз демократияга даяр эмес экенбиз. Биздин элге баягы СССР учурундагы принцип жарашчудай.

Чырга кириптер болгон Сафед-Булан жана Сары-Талаа айылынын тургундары бирдей бул мушташка улут аралык боёк сүртүп, элге жарыялады деп, журналисттерге жана телевизордон чыгып сүйлөп жаткан саясатчыларга, укук коргоочуларга нааразы. Өспүрүмдөрдүн жаңжалын саясатташтыруу менен жалпы өлкөдө улут аралык жектөө сезими курчуду деген пикирди Сары-Талаа айылынын тургуну Алчынбек Эшалиев билдирди:

- Алар балдар да. Мектептин окуучусу саясат дегенди түшүнмөк беле? Ал улут аралык маселени да түшүнбөйт. Идеология эмне экенин да билбейт. Бул жаңжалда улуттук маселе жок болчу. Балдардын жаңжалын чоңдор эле ырбатып алды. Ушул маселе Кыргызстандагы негизги көйгөй болуп турат. Тарбия жаатында Кыргызстанда идеологиянын жоктугу ушуга себеп болууда.

Чатакташуудан улам Ала-Букадагы күч түзүмдөрүнүн эки күндүк катуу көзөмөлүнүн таасириби, же 20-май күнү өткөн элдешүүнүн натыйжасыбы, айтор, айыл жаштары бул темада журналисттерге ой айтууну каалабайт. Дээрлик баары “бул маселени козгоодон эмне пайда?” деген жооп узатып жатышты.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Бийчиевдин айтымында, чатак чыккан учурда аны ырбатып жибербөө максатында аймакка кошумча күчтөр чакырылганы чын. Жетекчи азыр аймакта баары ордуна түштү деп ишендирет.

Бийчиев билдиргендей, учурда 16-май күнкү жаңжалга күнөөлүү деген кине менен Сафед-Булан айылындагы эки өспүрүм камакта отурат. Бири сегизинчи, экинчиси 11-класстын окуучусу. Чатакташкан айылдардын жашоочулары жарашканы менен, балдар үйүнө чыгарыла элек. Алар бир ай ичинде соттун чечими менен гана бошотулат.

Ал эми айрымдар камакта отурган эки баланын бир айылдан болушу туура эмес деген ойду карманышат. Микрофонго сүйлөп берүүнү каалабаган айыл тургунунун оюнча, күнөөлүүлөр эки тараптан тең бар. Ал чыккан чатак үчүн бир эле тараптын өкүлдөрүн камакка алуу натуура чечим деген ойдо.

Камактагы балдардын биринин атасы Хакимжан Шарипов балдар кай бир кишилердин куралы болду деп эсептейт. Ал киши баласы камалгандан бери кан басымы түшпөй жатканын айтат. 11-классты бүтүрүп жаткан баласы акыркы коңгуроо майрамына чейин эркиндикке чыкса экен деп тилеп отурат:

- 2010-жылдагы окуя биз үчүн жетиштүү сабак болду. Андай апааттын кайталанышын каалабайбыз. Бирок ошондой калабанын болушун тилеген адамдар дагы эле бар. Алардын алдоосуна чоңдор учпайбыз, себеби кандуу калаба эмне экенин жакшы билип калдык. Жаштарды алдап коюу оңой. Балдар урушса, ага чоңдор аралашат, ошентип чыр чыгарабыз деген арам ойлуулардын иши болушу мүмкүн. Менин балам жакында эле сокур ичегисин алдырган. Үйгө чыгарып жиберсе жакшы болмок. Качан чакырса, уулумду суракка алып барам деп, өзүм кепилдик бермекмин...

Сафед-Булан айылындагы чырга байланыштуу Билим берүү министрлигинин өкүлү катышкан райондук администрациянын жыйынында чатактын чыгышына окуучуларды экскурсияга алып чыккан мугалимдер күнөөлүү деген тыянак чыгарылган. Бирок ал мугалимдерге кандай чара көрүлгөндүгү айтыла элек.

Аймакта учурдагы абал туруктуудай эле сезилет. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын долбоору боюнча “Ынтымак жарчылары” иштеп жатат. Жергиликтүү кыргыз жана өзбек тектүү 24 ыктыярчы эл арасында ымаланы бекемдөө жаатында түшүндүрүү иштерин улантууда.

XS
SM
MD
LG