Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Эл Аксы окуясын эскерүүдө


Аксы окусында курман болгондорго тургузулган эстелик
Аксы окусында курман болгондорго тургузулган эстелик

Мындан 14 жыл мурда Аксынын Боспиек айылында бийликке нааразы болуп митингге чыккан элге ок атылган. Атылган октон беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала окко учкан.

Алмазбек Атамбаев бүгүн Аксы районун Боспиек айылында кандуу окуянын 14 жылдыгын эскерүүгө катышып, анда каза болгон жарандар өлкөнүн эркиндиги, келечеги үчүн өмүрүн бергенин, ал эркиндикке шек келтирүүгө жол бербөө керектигин билдирди. Ошондой эле Аксы окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жасады.

- Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган. Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликтин орношуна карай жол дал ушул жерден башталган. Аксыдан башталган. Боспиектен башталган.

Президент 2002-жылдын 17-мартын, 2005-жылдын 24-мартын жана 2010-жылдын 7-апрелин кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолунун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү деп атады.

- Бир оор жолдун үч ашуусу. Ошондуктан бул күндөр мамлекет тарабынан расмий белгиленген күндөрдүн катарында сөзсүз орун алышы керек. Антпесек болбойт. Анткени, Аксы окуялары болбогондо, Март жана Апрель революциялары болбогондо, Кыргызстандын келечеги бүдөмүк болмок. Бул күндөр кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири.

Аксыдагы жыйынга катышкан жергиликтүүлөр бул күнгө чейин дагы эле окуяга саясий баа берилбей келе жатканын белгилешти. Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына 500гө чукул жаран катышууда.

Атамбаев Аксы окуясынын 14 жылдыгын утурлай кечээ Ошко сапар менен барган.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчынын демилгеси менен Кербенде бүгүн 400 адамга сый-тамак да берилмекчи.

Бүгүн Бишкектеги Медиа форумдун имаратында да Аксы окуясынын 14 жылдыгы жана 2010-жылдагы оппозициянын курултайынын алты жылдыгы эскерилерин “Айкɵл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен “Азаттыкка” кабарлашты.

Бишкекте Аксы окуясын эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Маалыматка караганда, эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргызстандагы азыркы абал да талкууланат. Уюштуруучулар бийликти өткөндү унутпай, Аксы окуясынын себептерин эстеп жүрүүгө чакырышат. Талкуунун соңунда өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай реформалар керектиги сунушталган резолюция кабыл алынат.

2002-жылы 17-мартта ошол кездеги эл өкүлү Азимбек Бекназаровдун камалышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы болгон эл район борбору Кербенге жөө жүрүшкө чыгышкан. Боспиек айылына кире бериште тартип коргоо органдары аларды токтотуп, атылган октон беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, жалпысынан кандуу окуяда алты адам окко учкан. Мындан тышкары ондогон адамдар октон жараат алып, уруп-сабалган.

Аксы окуясын эскерүү. Аксы району. 17-март, 2016-жыл

XS
SM
MD
LG