Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстан - ВИЧ/СПИД тез тараган өлкө


Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД жана кургак учук илдеттери тез тараган жети өлкөнүн катарына киргенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 1-сентбярга карата Кыргызстанда ВИЧ/СПИД дартына чалдыккандардын расмий саны 3700дөн ашты.

СПИД Кыргызстанда биринчи жолу 1987-жылы Африка өлкөсүнөн келген студенттен аныкталган.

Алгачкы жылдары бул дарт чет элдик жарандардан гана аныкталып келсе, 1996-жылы биринчи жолу кыргызстандык жаран катталган. Эми бул оору кеңири жайылып баратканын адистер өздөрү да белгилешет.

“СПИД” бирикмесинин дарыгери Эркин Тостоковдун белгилешинче, ВИЧ/СПИД Кыргызстанда пайда болгон жылдан бери ушул ооруну алып жүргөн 501 адам каза болгон.

ВИЧ инфекциясы адамга үч жол менен: жыныстык катнашуу, энеден балага жана кан аркылуу жугат.

Эркин Тостоковдун айтымында, буга чейин баңгизат колдонуучулар арасында ийне аркылуу жуктуруп алгандар көп болсо, учурда жыныстык катнаш аркылуу жуктургандардын саны көбөйүүдө.

Ошондой эле ВИЧ/СПИДге кабылган аялдардын саны өскөн, 260дан ашуун бала да бар. 80 балага энесинен жукса, калганына ооруканада жуккан.

- Негизи баңгизат колдонгондордун арасында өсүүдө. Андан сырткары ички жана тышкы миграциянын да салымы чоң. Себеби акыркы убакта мигранттардын арасында да көп чыгып атат. Экинчиден, аялдардын арасында көбөйүүдө. Булар баңгизат колдонгондордун аялы же жыныстык өнөктөшү болгондор. Тилекке каршы 264 бала бар. Булардын көбү Ош облусунда Ноокат, Кара-Суу райондорунда ооруканада жуктургандар.

2010-жылга чейин ВИЧ/СПИД илдетин жуктургандардын саны боюнча Ош шаары биринчи орунда болуп келген.

Бүгүнкү күнү Чүй облусу ооруну жуктургандардын саны боюнча алдыда турат.

Эркин Тостоковдун айтымында, Кыргызстанга 2005-жылдан тартып ВИЧке каршы дарылар келе баштаган.

Учурда тогуз түрдүү дары колдонулат. Андан тышкары ВИЧ менен байланыштуу болгон ооруларга каршы 100гө жакын дары-дармек колдонулуп, акысыз берилет.

Республикалык “СПИД” бирикмесинен алынган маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул убактысына караганда, быйыл ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алгандардын саны дээрлик 600гө көбөйгөн.

Ошентип аталган дарт менен расмий катталгандардын саны Кыргызстан боюнча 3704 кишиге жетти. Алардын 74 пайызын эркектер, 26 пайызын аялдар түзөт.

Адистер ВИЧ/СПИДге кабылгандардын болжолдуу саны 10 миңден ашат деп белгилешүүдө.


Граффити VS СПИД
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

XS
SM
MD
LG