Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:01

Эл үнү / Коом

Укук коргоочулар Айдаркендеги окуяны айыпташты

Айдаркенде банктын кассирин өлтүрдү деп шектелген жарандын жакындары шаарчадан күч менен чыгарылган. Укук коргоочулар кабатырланган билдирүү таратты.

Текст көлөмү - +
Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши бул окуяга кабартырланган билдирүү таратышты. Алар мындай мыйзамсыз аракетке жол берген бийлик өкүлдөрүн сынга алышты. Айдаркендин тургундары менен бийлик өкүлдөрү укук коргоочулардын дооматын негизсиз деп аташууда.

26-январда РСК банктын Айдаркендеги бөлүмүндө кассир болуп иштеген Камила Абдыкаарова аттуу келин банкты тоногону кирген адамдын колунан мерт болгон. Анын эртеси күнү эле бул кылмышка шектүү делген адам кармалып, ал жергиликтүү тажик тектүү жаран – Жонибек Махмадов болуп чыккан. 28-январда Камила Абдыкаарова жерге берилген соң анын жакындары маркумдун өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдын туугандарын - төрт үй-бүлөнүн шаарчадан чыгып кетишин талап кылган. Мындан соң төрт үй-бүлө Айдаркенден чыгып, белгисиз тарапка бет алышкан.

Маркум РСК банкта иштечү
​​Мына ушул окуяны айыптап, Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши билдирүү менен чыкты. Алар шаарчадан төрт үй-бүлөнүн күч менен чыгарылышын мыйзамсыз деп атап, бул аракеттерди токтотпогон жергиликтүү бийликти сынга алышууда.

Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү “Ачык позиция” коомдук фондунун төрагасы Дмитрий Кабактын айтымында, мындай окуянын орун алышы Кыргызстандагы мыйзамдардын иштебей жатканынан кабар берет:

- Кандай гана мыйзам бузуу болбосун, бийлик чукулунан өз мамилесин билдирип, чара көрүшү керек. Эгер тиешелүү чаралар көрүлбөй жатса, демек мыйзамдар аткарылбай жатат. Окуя болгон соң тергөө иштери башталбай, карапайым калк өз укуктарын күч аркылуу коргоого аракет кыла баштаганы эле бизде мыйзам иштебей, бийлик өз милдетин аткара албай, мыйзам аткарылбай жатканын далилдейт.

Укук коргоочулардын пикиринде, Айдаркендеги окуя этникалык азчылыктарга карата басымдын жаңы ыкмасына айланып, мындан ары да кайталанышы толук мүмкүн.
 
Жергиликтүүлөр макул эмес

Анткен менен Айдаркендин тургундары укук коргоочулардын этникалык азчылыктарга басым жасалып, мыйзамсыз басмырлоого кабылышты деген жүйөсүнө макул эмес. Бул шаарчадагы тажик улутундагы диаспорасынын башчысы Кожохан Мурзаевдин айтымында, кассирди өлтүрдү делген адамдын жакындары кыргыздардын кысымына кабылбастан, жакынын жоготкон тараптын ачуусу басылганча шаарчадан чыга турууну оң көрүшкөн:

- Маркум жерге берилген соң жаштар келип, талап кылышты. Анда аким, губернатордун орун басары бар эле. Ошондо деле алардын аракети мыйзамсыз экенин, кылмыш кылган бала жазасын өзү тартышы керектигин айтышкан. Биз ошондо кеңешип, 4 үй-бүлө шаардан чыга турсун, каза болгон адамдын жакындарына убакыт өтсүн деп чыгарып койдук. Бизди кыргыздар эч кууган жок, биз кыргыздар менен кылымдардан бери ынтымакта эле жашап келебиз.

​​Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган окуядан соң Айдаркенде кооптуу жагдай түзүлгөн, бирок азыр абал калыбына келип калды. Ошентсе да маселе жаңыдан жайгарыла баштаганда укук коргоочулардын аны кайрадан козгошу, маселени ырбашына жол ачышы мүмкүн деп чочулагандар да жок эмес. Алардын бири - Айдаркендин тургуну Толубай Салиев:

- Эми укук коргоочулар окуяны алдын-алууга аракет кылып жатышса керек. Ошентсе да алар кыргыз менен тажик урушу болушу мүмкүн деген жыйынтыкка эртерээк келип жатышат. Себеби андай деле чоң уруш болгон жок.

Укук коргоочулар өз билдирүүсүндө шаарчадагы мыйзамдын сакталышын камсыздай албаган бийлик өкүлдөрүн да сынга алышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү укук коргоочулардын сыны негизсиз деп эсептешет.

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саиджан Эратовдун айтымында, шаарчадан чыгып кеткен жарандардын кайтып келүүсүнө жана коопсуздугун сакталышына бардык шарттар түзүлдү:

- Айдаркенде төрт үй-бүлө өз ыктыяры менен көчүп кетти. Аны бийликтен, же башка жактан бирөө барып, "көчүп, чыгып кет" деген эч ким болгон жок. Бул убактылуу чара, алар коопсуздугунан коркуп жатышкандай. Алар кайра кайтып келишет, алардын кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз болобу, тажик болобу, өзбек болобу алар биздин жаран, аларды чыгып кет дегенге эч кимдин укугу жок. Ал эми укук коргоочулар Айдаркенде жашаса, абал кандай экенин түшүнмөк.

Айдаркендеги окуя Баткендеги улуттар аралык араздашууга байланышкан алгачкы окуя эмес. Өткөн жылдын соңунда облустун аймагындагы Андарак айылында кыргыздар менен тажиктер ортосунда араздашуу болуп, бир нече үй өрттөлгөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Батырбек каяктан: Айдаркен
12.02.2012 22:19
Ушул укук коргоочулар бирөөнүн арам тамагын ашаганча, кыргыздын табагын жалашпайбы. Ушул арам тамактардыкы өттү. Алардын кызын бирөө-жарым союп кеткенде билет элем, эмне деп сайрашарын, уяты жоктор десе.

кимден: Nursultan каяктан: Bishkek
10.02.2012 12:08
Oy, uwul ukuk korgoochularyn da adamby??? Alardy oyuna koyson Kudaydy waytandy beyiwten kuup, kysym korsotup jatasyn dep Kudaydy kunooloyt)))

кимден: Искендер каяктан: Кара-Кулжа
06.02.2012 13:05
Укук коргоочулар дегеле кыргыздын таламын талаша беришпейт. Мисалы азыркыга чейин чырдап журушот, абактагы озбектер кыйноого дуушар болуп жатат деп. Абакка адам жыргаш учун барбайт да. Абакка тушкон кыргыз жыргап сурак берип жаткандай ойлошобу же? Баардыгы эле ушундай кыйноого туш болот улутуна карабай. Башка олколорду деле карагыла, уруп согуп суракка алуу алардын деле практикасында болуп эле келет. Укук коргоочулар мындай кадамы менен этникалык араздашууну кучотуп жатышат.
Ошондо коро олтурулгон кассир кыздын укугун да кошо коргобойсунарбы!

кимден: ulutman
05.02.2012 22:34
Биздин укук коргоочулар качан фактыларга таянып иш тутушат экен.Миш мишти угуп алып ошону чын кылышка аракет кылгандан башка эчтемкеге жарабайтурган болушту!

кимден: нукура кыргыз каяктан: москва
05.02.2012 22:21
укук коргоочулар эмнеге башка улуттун укугун коргоп кыргыздардын укугун коргошпойт бийлик элдин укугун коргой албаса эл оз укугун озу коргоп алат

кимден: aidarkenchi каяктан: gresya
05.02.2012 15:50
al kylmyshkerdın uy bulolorunun shaarchadan chygaryluusu menımche tuura emes sebebı al jerde kunooluu uy bulo emes kylmyshty kylgan adam,anyn uy bulosun shaarchadan chygaruu demek bul ,janagy bala ech kandai jaza albasyn ushunu menen basylyp ketet degen oydo kylyngangoo.

кимден: Кеша каяктан: Бишкек
05.02.2012 14:21
Уважаемый Дмитрий Кабак толко что народ забывает прощетшие трагедии, вы опять поднимаете эти вапрос не зная действительно там что быль, глава таджикского диаспара Кожожан Мурзаев и жители временно так решили чтобы не произошло ни какие трагедии, скоро все они приедут дамой. Я думаю это провилная решения! Уважаемый великий народ! киргизи, таджики, узбеки, русские, казаки, дунгани, татары, корейци, уйгуры, лезгини и все жители КЫРГЫЗСТАНА уважайте друг-другу, УВАЖЕНИЕ- это первый шаг на дружбы, миру и багатству! ! !

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2012 12:40
Ooba tyyra aitasyn,posle pojar degendei.ukuk koroochu bologondon kuiun,aldyn albaiby,any emi chukulap sasytpai, ushul sozdu aituuga argasyz boldym.

кимден: Аскер каяктан: KG
05.02.2012 11:43
Замирдин сөзүнө кошулам. Укук коргоочулар ошондой эле кыйын экен окуя болгон учурда Айдаркенге келип аралашып көрүп анан ушуга окшогон ойлорун айтса жарашмак.

кимден: Рысбек каяктан: карасуу
05.02.2012 11:33
Укукчулар ар бир салган скандалы үчүн грант алышат четтен, андай кылышпаса ачка калышпайбы!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу