Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:00

Эл үнү / Коом

Тынаев: Ветеринары жок жерди ылаң басат

Кыргызстандагы ветеринарлардын жетишсиздиги, дыйканчылыктын айрым маселелери боюнча айыл чарба министри Сапарбек Тынаев маек курду.

Текст көлөмү - +
- Кыргызстандын аймактарында мал догдурлардын жетишсиз экени айтылып келет. Буга чейинки өкмөт, министрлер ветеринардык тармакты реформалайбыз, жеке ветеринардык кызматтарды ачабыз дегени менен малдын ылаңдары чыкканда бул убадалар кандай аткарылганы көрүнүп калууда. Сиз министр катары мал догдурлардын маселесин чече аласызбы? Ал үчүн эмне керек?

- Айыл чарба министрлиги эки-үч жылдан бери ветеринардык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чоң иштерди алып барып жатат. Бул иштерге атайын инвестиция тартылган. Бүткүл дүйнөлүк банктын атайын долбоору бар. Евробиримдик да кошумча каржылап жатат.

Азыркы күндө алты чоң оору боюнча стратегия иштелип чыгууда. Анын негизинде шарп, бруцеллёз, эхинококкоз өңдүү алты оору боюнча стратегияны бекиткени жатабыз. Ошол алты ооруга бул жылдан баштап, вакциналарды сатып берип жатабыз. Маселен, эки жарым миллион долларга вакцина сатып алабыз.

- Ал эми мал догдурлардын маселесин кантип чечесиздер?

​​- Азыр биз жеке ветеринардык кызматтарды өнүктүрүшүбүз керек. Бул боюнча миң ветеринарга атайын препараттарды сатып берип жатабыз. Аларды окутуп жатабыз. Бара-бара мамлекеттик ветеринардык кызмат көрсөтүү жеке адамдарга өтүшү керек.

Кызматкерлердин санын азайтуу боюнча мамлекеттик саясат болуп жатат. Ошого жараша 20 пайызга кыскарып жатат. Бирок биз ветеринарлардын сапаттык жагына көп көңүл бөлөлү деп жатабыз. Аларды окутуп, райондордо оору чыккан жерлерди тазалоо үчүн атайын машинелердин сатып бердик.

- Кыргызстанда канча мал догдуру бар, өлкөдөгү малдын санын эске алганда канча мал догдуру иштеши керек?

- Мал догдурлардын саны 5-6 миңдин тегерегинде болушу керек эле. Азыр мамлекеттик 681 мал догдур калып жатат. Андан тышкары 1,5 миң жеке менчик ветеринардык кызматтар бар. Ошол жеке ветеринарларды өнүктүрүү керек. Мына Агрардык университет менен келишип, ветеринардык кесипке окуган адистер көбөйүп жатат.

- Айыл чарба министрлигинин дарегине сын айтылып жатат. Бизге Германияда иштеп жаткан, кесиби боюнча мал догдур Бактияр аттуу “Азаттыктын” окурманы кат жазып, Кыргызстанда деги мал чарбасына көңүл бурулабы деп суроо узатыптыр. Азыр айрым аймактарда тоют жетишсиздигинен жут болуу коркунучу айтылып жатат? Аларга эмне себептен көңүл бурулбайт?

​​- Баягы Совет маалындай мамлекет тоют даярдашы керек деген жок да. Ар ким өзүнүн алына жараша тоютту камдап алышы керек. Албетте Алайда, Чаткалда, тоолуу райондордо кар басып калган учурлар болуп жатат. Аларга мүмкүн болушунча жардам берип, маалымат жеткирип жатабыз. Ал жер кароосуз калган жок. Азыр тоютту Чүйдөн, Оштон ташып жатышат.

- Айдап себүүнү алсак, быйыл күздүк эгин былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла аз айдалып калганы айтылууда. Мунун кесепети эмне болот?

- Биз эми жазында себебиз. Азыр программа кабыл алдык.Өкмөттө жазында себиле турган өсүмдүктөрдүн түзүмү бекиди. 50 миллион сомдук үрөөндү сатып алып, кайра дыйкандарга берүү боюнча токтом кабыл алынды. Андан тышкары бир миллиард сом кредиттик ресурс каралды. Анын жарымы талаачылыкка жумшалмакчы.

- Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Керимбек каяктан: Атбашы
05.02.2012 21:28
Бу айыл чарба министрлиги качан нормаллно иштеп баштайт?.Былтыр мынча гуздук буудай сепкенбиз,эми жасда мынча сепкен жатабыз дейт.Кузундо болсо кампабызда эгин коп же аз дейт.болду,башка эчтеке жок.Же министрликте иштегендер оздору эле бужундоп бирдемелерди кылымыш болуп калын элге жетпей жатат.
Элге деген эн керектуу маалыматтарды силер беришинер керек да.Мал доктур дейсинер мейли айылдарда мал доктур жок дейли,аны окумат орнотуп койгончо ле малдын бары оорудан кырылып калмай болду.Же элдин бары экно кок менен ооруп чыкмайынча кыймылдабайсынербы?.Гезит,радиотилевидение дегенден коп коп материал жазып берип,айылдарга таркатып жок дегенде ошол журналистер аркылуу элдин ан сезимине жеткирип,муну мындай,тигини тигиндей кылгыла десенер бир аз жылыш болмок.Деле бир жерден укпайсын андайды.Айыл ичи карангы бойдон,малдын оорусун эмдей турган дары жок, же вакцина жок.Уйдун бары шарп, кара сан болуп жыгылып атат.Азыр эми окмот арзан кредит берет дегенди коп чыгара баштадынар,анынар жакшы.мал ооуралрынан кантип айыктруу керек деген темада коп жазып,корсотпойсунорбу.Силердин журналисттер менен иштешчу турган кызматкерлеринер боопше эч нерсе билбейт болуш керек.Иштегиле да нармаллно.

кимден: Самат каяктан: Екатеринбург
05.02.2012 18:07
Кыргызстанда ветеринардык багытта окутуп жаткан окуу жайларды азайтып, окуу сапатын жогорулатуу керек. Айыл чарба университинин окуу базасын карасак азыр оор абалда корсотмо куралдар эскилиги жетип, эн боналдуу болгон микроскоптордун жоктугу. Практикалык сааттардын аздыгы жана натыйжасыздыгы, студенттердин билиминин томондуулугу ото окунучтуу. Бул деген мугалимдердин професионалдыгынын жоктугу окуп аткан студенттердин окуусуна толук эмес таасирин тийгизип келе жатканы анык болуп жатканын эак эле билинип турат. Жалал -Абад мамлекеттик университетиндеги ветеринардык медицина кафедрасынын окутутуу принциптери тушунуксуз. 1 канндидат наук, 2 мугалим(ветеринардык багытта), 2 мугалим (зоотехния жана агрардык багыттагы) мугалимдер иштешеп келе жатышат. Жакын арада ветеринария Кыргызстанда жакшы нукка бурулушу кумон. Ошондуктан айыл чарба министрин окуу процессин караштырышын суранат элем.

кимден: Baktijar каяктан: Germany
03.02.2012 22:54
Assalomu aleikum Kyrgyz eli.
Bizdin Aiyl charba Ministirin men ech kachan tushunboim.
Miliondogon akchany jumshap jatabyz deit anysy tegele korunboit.
Chet elden Vaksynalar kelet, alar elge jetpeit. satylyp ketet. Raionduk Vet vrachtar ga da jetpeit baarysy borbordon ele jogolup ketet, anan kichine uchun aimaktarga berip koiushup, anan oshogo mildet kylyshat. Biz eldi beker Vaksyna menen kansyzdap jatabyz dep.
Kyrgyzstanda Veterinardyk kyzmattyn akybaly otto ele okunuchtu joon ele janagy Malsoiuluchu jerlerge baryp korsonor bolot. Al jerde bir vet kyzmatkeri bar al Etti jon ele karap koiup pechatty basat et stuuga ketet echkandai teksheruu don otpoi ele. Al teksheruudon otpoi kalgan etti elder oilonboi ele satyp alyp jep jatat. Kudaiym ozu ele saktap jatat Kyrgyz elin. 2011 Jyly Burtseliozgo karshy vaksyna kylyshty; al vaksyna Galandiadan Kyrgyzdarga jardam katary kelgen ele anyn jarymy kaiaka ketti bir kudai bilet. Maldardy emdedi eptep septep anan oshogo da bir koigo 7 somdon alyshty. Vet kyzmatkerlerdin ozunun ishin jakshy bilbegendiginen dagy bizdin Mal charbabyz onukpoi jatat
Vet Kyzmatkerlerge jana alardyn Chondoruna Aitaturgan sozum: Urmattu kesipteshter kara paiym eldi dagy kichine oilogula, albette siler alardy oiloisunar birok alardyn Densoolugun emes alardyn akchasyn elen oiloisunar.
Azyrky mezgilde Kyrgyzstanda Mal dogdur desen kopchuluk kulushot,
Mal dogdurlar jonundo koptogon Anegdottor chygyp ketken. Bul nerselerdi ozunor dele bilsener kerek. Oshonduktan ozunordun Naamynarga Tatyktuu bolgula. Soz bar " MEDITSINA LECHIT CHELOVEKA; VETERINARIA LECHIT CHELOVECHESTVU" Bar bolgula Kesipteshter!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу