Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 02:59

Журтташтар

Памир кыргыздары көчөбү?

Кыргызстанда ооганстандык кыргыздарды түпкү мекенине, же болбосо башка ыңгайлуу бир жайга көчүрүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Мындай кадам зарылбы жана ага түрткү болгон жагдайлар кайсылар?

Текст көлөмү - +
Кыргыз өкмөтүнүн ооган кыргыздарды мекенине алып келгенге мүмкүнчүлүгү жетеби? Буга дипломатиялык башка эрежелер жол береби? "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Чүй университетинин ректору, профессор, филолог Сулайман Кайыпов жана өкмөттүн социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдуманап Муратов.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Жакында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун качкындар комиссарлыгынын өкүлү менен жолукканда шарты каттаал Кичи Памирди жердеген кыргыздардын чакан тобун Ооганстандын жашоого ыңгайлуураак башка жагына, же Кыргызстанга көчүрүүгө көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылган экен. Бул маселе балким штаб квартирада көтөрүлүшү мүмкүн экен.

Мындан тышкары жакында кыргыз өкмөтү вице-премьер-министр деңгээлинде өкмөттүк комиссия түзүптүр. Бул да Кичи Памир кыргыздарын көчүрүп келүү, башка жакка жайгаштыруу маселесине байланыштуу экен. Бул демилгелердин келип чыгышына эмне себеп болду? Бул маселе азыр кандай жүрүп жатат?

Абдуманап Муратов: Оогандын Кичи Памир тоолорунда жашаган кыргыз боордошторубуз бар. Жалпы эсеп менен алганда 2 миңдей киши жашайт экен.

​​Аларды Кыргызстанга алып келеби, же башка жерге көчүрөбү деген маселе көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу биздин депутаттар тарабынан жакында эле айтылган. Андан тышкары президент Алмазбек Атамбаев Түркияга барганда ал жерде Ван деген жерде жашаган кыргыздар менен жолугушуулар болгон. Алар да өзүнүн тарыхый мекенине кайтсак деген каалоолорун айтышкан экен.

Ошолор боюнча азыркы убакта өкмөт тарабынан атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп жатат. Бул комиссия кыргыздарга жардам берүү максатын көздөйт. Азыр комиссия түзүлүп жатат. Бул комиссиянын курамына өкмөттүк, бейөкмөт, кызыкдар уюмдардын бардыгы кирип, бул иштерди аткарат.

"Азаттык": Башка бир топ саясатчылар айтып атышат, Памир кыргыздарынын абалы, жашоо тиричилиги, саламаттыгы начар, медицина жетишсиз, эрте карып кетет экен деген сыяктуулар канчалык жөндүү? Аларга чын эле Кыргызстандан жардам керек болуп жүрбөсүн, балким Кыргызстан кыргыздарга жардам берүү аркылуу кандайдыр бир колдоо көрсөтүү керектир?

​​Сулайман Кайыпов: Мен аларды барып көргөм, көп жылдан бери изилдеп жүрөм, 20дан ашык алар тууралуу китеп жазгам.

Аларга жардам бериш керек. Биринчиден, өзүлөрү да турмушун таштап жиберишкен. Мурдагы Рахманкул хандыгы убагындай тыкыйган турмуш жок. Алар өздөрү "эгер бейиш бар болсо, Памирдин топурагынын алдында" деп айтышат.

Ооганстандагы апийим деген балекет ошол жерге кирип отуруп, турмуштары, ден соолуктары начарлап кеткен. Эгер кыргыздар чындап эле боору ооруп, колунан келип атса, аларга мектеп, оорукана куруп береби, башка жардамдарды береби, Ооганстандын жетекчилери менен байланышып, ал маселени чечиш керек. Алар жөн эле жайылып жаткан мал эмес да, алар бир өлкөнүн жарандары.

Анан бул жерден эки кыргыз топтолуп алып, "көчүрүп келебиз" дегени туура эмес. Көчүрүп келе албайт. Анын укуктук, мамлекеттик, саясий жактары бар. Келгенден кийин физикалык, маданий адаптациясы бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Men каяктан: Chet el
13.02.2012 04:39
1. Alarga jardam berip koldoo korsotup, kytzygdarga jolok taiak bolushubuz kerek, eger jok andai emes desenizder, anda kyrgyzdyktan taigan bolosuz!
2. Alarga bir jolu gum jardam korsotuu azdyk kylat, demek alyp kelip Kyrgyzstanga integrasialoo kerek: ooba bilem, alar al jakta tuulup osup, taryhyn oshol jerge bailanyshtyryshat, jada kalsa jashoogo bolgon koz karashy airymalanat, birok bul adaptasia 1 chi gana muunga kyiynyrak bolot, kiyinki muun bolso tolugu menen KG ga bailanat, bul Integrasia ilimiy bagytynda zakon chenemduuluk.
3. Alardy alyp kelip bizdin Tajikstan Ozbekstan j.b. olkolor menen chek ara jerlerden ketip Rossiaga birotolo jarandyk alyp ketken jurttashtarybyzdyn orduna alyp kelip oturuktashtyruu zaryl. Antkeni chek ara jerdi eelep jashabasa, ar taraptanbasyp ele kelatat. Al emi bizdin tunduktogu tuugandarga tushtuktogu bul maseleler kyzytyrbait! (eger men janylyshkan bolsom, objektivduu maalymat berip koisonor bolot)#
4. Anan dagy eger kimde kim airykcha tunduktogu kyrgyzdar alyp keluu oto mashakattuu anan dagy kop akcha talap kyla turgan jaraian desenizder, andai estetip keteyin. Uluu Urmattuu Tunguch Akaichiktin zamanynda jadagalsa Avstraliadan 3000$ (al ubakta oto kuchtuu akcha ele) ar bir koi bashyna berip samoletko salyp anan dagy alardyn expertterine bizge koidu kantip bagat ekenin uirotuugo dagy kop akcha berip alyp kelbedik bele!!! Anan koilor emne bolgonun aitpai ele koioiun, expertteri bizge Kengurunu kantip bagat degen semiz kitepterdi tashtap ketishken ele (kenguru degen sozdu koi dep dele ozgortposton). Kyskasy, kyrgyz kyrgyzga kuiboso aram olot. Aman ele bololu boordoshtor.

кимден: Самат каяктан: ysyranov1987@mail.ru
07.02.2012 16:02
Алардын турмушун теледен коруп боорум ооруду. Аларга жардам бериш керек. Кочурсо кочуруп кочурбосо ошол жактан шарт тузгонго жардам бериш керек.

кимден: Самат каяктан: ysyranov1987@mail.ru
07.02.2012 15:59
Сулайман байке эн туура айтат. Алып келуу учун алардын укуктук жактарын дагы чечип алыш керек. Анан алып келуу учун акча каражаттары табылат.

кимден: Kuban каяктан: Bishkek
03.02.2012 11:24
Менимче баарын бир кочуруп келуу мамлекетке кыйынга турат го. Билинбеген менен коп каражат кетсе керек. Аларды кочуруп келип эле таштап койбой биринчи аралыкта материалдык жактан кароого алуу (уй салуу, тамак менен камсыздоо, медициналык ж.б.) керек да. Эгер мамлекет аралык суйлошуу жургузуп туруп алардан биринчи жок дегенде 50 уй-було кочуруп келсе,алар отурукташса анан калганын кочуруп келууго мумкунчулук тузулот беле. Биринчи кочуп келгендер дагы калгандарына келгенде адаптацияга жардам берет эле. Кочуруп кетем десен эле Афган окмоту алып кете бер дебесе керек.

кимден: Baktijar каяктан: Ravensburg. Germany.
03.02.2012 04:28
Assalomu aleikum Kyrgyz elim.
Men Kaiypov myrzany 100% koldoim, sebebi kich Pamirlik Kyrgyzdaryn Jashoosunan mende da kichine maalymat bar. Tajikstandagy Toolu badahshan Oblusunda Murgap degen Raion bar, aljerde 75% Kyrgyzdar jashait. Alardyn jashoosu chyndygynda kichine tataal bizge salyshtyryp karaganda birok alar bizdin jerge kelip jashai alyshpait, sebebi alar aljerde Kylymdardan beri jashap kelishet. Alardy biz Kyrgyzstanga alyp keleturgan bolsok alar Kyrgyzstandan tez ele kaityp ketip kalyshat sebebi alar jashoogo bolgon koz karashy, jana Madaniaty bashka.
Egerde bizdin ATKA MIEERLER ushunchalyk ele alarga boor oorup jatyshsa alarga gumenitardyk jardam arkyluu jardam berishsin. Koldorunan kelse Kyrgyzstandan aljakka darygerlerdi, Mugalimderdi, Psiholoktordu jonotushsun alar baryp alarga jardam berishsin.
Men bir Kichi Pamirlik Kishi menen suiloshup olturup oshol kishiden suragan elem. "Kyrgyzstanga kelip jashat beleniz dep." Al aitkan ele Kyrgyzstanga baryp jashasam jakshy bolot ele birok Murgapta (Murgap Tooluu Badahshan Oblusundagy Kyrgyz Raionu) men kete albaim dep.
Sebebi alardyn kindik kany togulgo jeri Oshol kichi Pamir. Alardyn ata babalary oshol jerde jashap oshol jerde jerge berilgen ataa soogu oshol jerge komulgon, alar al nerseni ech kachan tashtabait.
Egerde Biz alarga jardam bereli desek alarga Birinchiden Okuu kuraldaryn, Mugalimderdi, Vrachtardy jonotushubuz kerek. Egerde biz alarga ushunchalyk ele jardam bergibiz kelip jatsa anda biz oshol jakka baryp jardam berishibiz kerek. Janagy ushul Maseleni kotorgon ATKA
MINERLERge aitoorum kolunardan kelgen nerseni kylsanar! eger ushul maseleni al jaktagy Kyrgyz boordoshtor ukkanbolso albette alarda umuttonot. Kyrgyzstanda kichine jardam bolot eken dep. Men bilem siler ertege ele unutup kalasynar bul maseleni.

кимден: Бакыт каяктан: Европа
03.02.2012 03:41
Памирлик кыргыз бир туугандарымдын жашоо турмуштарын, кандай татаал шарттарда жашоо сүрүшкөнүн угуп алып ичим ачышып ыйлагым келет. Кыргыздар качан биз биримдиктүү, күйүмдүү болобуз.
Пикирге жооп

кимден: Baktijar каяктан: Germany
03.02.2012 19:32
Salam Aleikum Baktyt Sen tuuru aitasyn. Biz kachan birigip, biri biribizge Kuiumduu bolobuz dep. Egerde senin Ushunchalyk ele Pamirdegi jana bashka jerdegi Kyrgyzdarga boorun oorup jatsa anda 100 kap un, 200 Lt, Suumai,50 Kap Kum sheker, satyp aldagy oshol Pamirlik Kyrgyz boordoshtorgo alyp baryp ber. Oshondo sen alarga chyndap boor orugan bolosun. ekobuz bul jakta turup alyp kalp ele kalkka KALKKA KÜIGÖN KÜIKÖ BOLOBERBEILI.

кимден: ali каяктан: chet
03.02.2012 01:56
en ele tuura pikir! kirgizstandin jerlerine bashkalari jaygashkichakti alardi jana bashka duyno juzundogu kirgizdardi toptoobuz i bir araga kelip chon bir kuch tuzuubuz zaril! ansiz dele bashkalari kirgizstandin jerin eelep jatat.misali ozbek eli en ele az degende 5 balaluu bolot. bul degen kanday maseleni tuyunduruusu baaribizga maalim!oshonduktan alardi kochurup kelgen tuura nerse.

кимден: Оштук каяктан: Санкт Петербург
02.02.2012 19:02
Болот көчүрсө чыгыныш к/к.Тажикистанга чектеш жерлерибизде тажикт ер отурукташып атат Өзүбекстанга жакын болсо өзүбеги кетменин көтө рүп келип беймарал иштеп,пайдасын көрүп атат. Ошол жерлерге жайга штырсын.Памирдин климатынан 10 эсе жакшы.

кимден: Кыргызбай каяктан: Бишкек
02.02.2012 17:50
АКШ афганстанга алгач согуш ачканда эле казакстан ал жактагы казактарды көчүрүп келип алган . Ар жакка кайрылбай эле казактарды көчүрүп алат экен , биздикилер да ошондой жол менен көчүрүп келсе абдан болот, БУУ га кайрылбай эле Ооган өкмөтү менен сүйлөшүп , каражат таап көчүрүп келүү керек , кыргызда жер жетишерлик ,500 миң кытай менен ополонгон орус баткан төрүбүзгө 2000 чактуу кандаштарыбыз талашсыз батат !

кимден: Жылдызбек каяктан: Москва
02.02.2012 17:40
Эмне учун кочуруп келсе болбойт экен? Болбогон кеп! Еврейлер бут дуйно жузундогу еврейлерди чогултуп израил мамлекетин тузду го! Казактар деле кытайдагы казактар кочуп келсе уй, ар бирине акча берет. Мисалы Кыргызстанга озбек,тажик,кытай ж.б улуттар келсе оной эле кыргыздын паспортуну алышат. Же болбосо кыргыздын жарандыгын алышып РФнын жарандыгын алып жатышат,жыл сайын ажыга барып атышат. Эмне башка улуттарга берилген паспорт кыргызга келгенде жокпу?
Пикирге жооп

кимден: Омурбек каяктан: Чон-Алай
03.02.2012 17:26
Жылдызбек м-н Кыргызбайдын сунушун толук кубаттаймын.Бийлик чыгынып, аракет кылып соссуз кочуруп келуу керек. 2000 адам орточо алганда 400 дой эле тутун болот. Республикадагы ар бир айыл окмоту бирден эле кичинерээк эле уй куруп берсе, жашоосуна маселе чечилмек. Бул маселе чечилбесе, алар тукум курут болуп кетсе, кыргызды кудай да кечирбейт болуш керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине