Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Ооган кыргыздарынын үмүтү Кыргызстанда


Ооганстандагы памирлик кыргыздарда 10 аялдын сегизи төрөттөн каза табат. Ал эми төрөлгөн балдардын арасынан чарчап калгандар да ушундай эле көрсөткүчкө ээ.

Бул тууралуу памирлик кыргыздардын өкүлү Турду Акун ажы 3-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Ооганстандагы кыргыздардын Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар. Бул өлкөдө 2000ге чукул этникалык кыргыз жашайт.

Памирлик кыргыздардын өкүлү Турду Акун ажынын айтымында, Кичи жана Чоң Памирде жашаган элдин жашоосу кыйла татаал. Мектеп, оорукана, билим берүү, телефон байланышы, электр кубаты сыяктуу заманбап шарттардын бири да жок.

- Кыскача айтсам, азырка шартка ылайык эч нерсе жок. Мектеп, оорукана, дары-дармек, машина жолдор, свет, электрондук байланыштар болсун, эч нерсе жок. Өкмөт деле аракетин кылып жардам берип жатат. Бирок 30-35 жыл мамлекетибизде согуш болуп кеткенинен улам жетише албай жатат.

“Чоң жардам сурап келдим”

Кыргыздар бул жерде шарты катаал, деңиз деңгээлинен 4,5 миң бийик турган аймакта жашайт. Турду Акун оорукананын жана дары-дармектин жоктугунан 10 аялдын экөө гана төрөттөн аман каларын, наристелердин өлүмү да ушундай эле көрсөткүчкө ээ экендигин кошумчалады.

Ал Кыргызстан бийлиги Ооганстандагы кыргыздардын турмушун жакшы нукка бура тургандай бараандуу көмөк көрсөтсө деп суранууда.

Турду Акун Кыргызстанга күнүмдүк жардамдар үчүн эмес, келечекке таасир эте тургандай чоң жардам сурап келгенин ачыктады.

- Кыргыз парламентинен да, өкмөтүнө да суранганым: бизге негиздүү бир жардам берсе. Биз кыргызбыз, жардам кылабыз деп тил менен гана айтып койгонуна мен сүйүнбөйм. Ал бизге жардам да болбойт. Кыргыз өкмөтү бизге элдин келечегине жарай турган көрүнүктүү жардам кылсын дейт элем. Азыр Кыргызстан өкмөтү Ооганстандагы кыргыздарга жардам кылдык деп, он кап ун, беш кап күрүч, эки кап шекер берип койсо, мен ага сүйүнбөйм. Бирок албетте бул деле жардам.

Ооган кыргыздарына жардам берүү боюнча жыл башында өкмөт менен парламент биргеликте мекемелер аралык жумушчу комиссия түзгөн. Ал комиссия Ооганстандагы кыргыздарга керектүү жардамдарды көрсөтүү, зарылчылык болсо аларды көчүрүп келүү жагын караштырууда.

Кыргызстан кандай жардам көрсөтөт?

Парламенттеги “Республика” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров биринчи кезекте аларды паспорт менен камсыз кылуу аракети жүрүп жатканын белгиледи.

- Азыркы учурда кандай жардам кылабыз? Медициналык жардамбы, китеп жагынанбы, же тамак-аш, кийим-кечеден жардам беребизби, азыр ошону эсептеп жатабыз. Азыркы учурда биринчи жардам көрсөтүү башталды. Тышкы иштер министрлиги аркылуу Ооганстандын элчиси менен сүйлөшүп, аларды паспорт менен камсыздандырууга аракет кылып жатабыз. Алардын көпчүлүгүнүн паспорту жок.

Ооганстанда болжол менен 400 түтүн үй-бүлө, жалпысынан 2000ге чукул кыргыз жашайт. Бирок алардын арасында Кыргызстанга көчүп келүүнү каалабагандар да бар. Депутат Мирлан Бакиров жайында атайын комиссия Ооганстанга барып, маселени жеринен изилдешерин айтты.

- Бизде маалыматтар боюнча, "ата-тегим жашаган, киндик каным тамган жеримден кетпейм" дегендер да бар. Тескерисинче, "кетебиз, Кыргызстанга барабыз" дегендер да бар. Жумушчу комиссия июль айында, Кудай буйруса, экспедицияга барууга даярданып жатат. Ошондо барганда, көчүп келем дегендер болсо, балким алып келүүгө шарт түзүлүп калат.

Ал эми Бишкекке келген Турду Акун ажы памир кыргыздарынын лидери, буга чейин Ооганстандын өкүлчүлүктүү органы - Лоя Жиргага, башкача айтканда Жогорку Кеңешине депутат болгон. Азыр ооган президенти Хамид Карзайдын азчылык калктар боюнча кеңешчиси экендигин, Кабыл шаарында турарын айтышты. Бишкекке андагы кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча маселени талкуулоо үчүн кыргыз бийликтери тарабынан атайын чакырылган. 31-мартта ал өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен жолуккан болчу.


Ооган кыргыздарын көчүрүп келүү сунушталууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

XS
SM
MD
LG