Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Жол кырсыгы тогуз адамдын жанын кыйды


Бишкек-Ош жолу
Бишкек-Ош жолу

4-июнга караган түнү Бишкек- Ош жолундагы жол кырсыгы тогуз адамдын өмүрүн алып кетти.

Милициянын алдын-ала маалыматы боюнча, Бишкектен Ошту карай 8 жүргүнчүнү тартып бараткан унаа МАЗ үлгүсүндөгү оор автомашина менен кагылышкан.

Кырсык Бишкек-Ош жолунун 195-чакырымында болду. Түн жарымда карама-каршы багытта келе жаткан эки унаа кагыша кеткен. Бишкек тараптан бараткан жеңил унаадагы тогуз адамдын баары ажал таап, батыштан Бишкекти карай келе жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алган.

Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Алтайыр Исмаиловдун айтымында, кырсык болгон жол тилкеси кенен жана түз. Башка унаалар да жок болчу.

- Ал жерде эч ким болгон эмес, күбөлөр жок. Түптүз жер, биягы да, тиягы да талаа. Чиймеси боюнча караганда жүк ташуучу МАЗ өзүнүн жолунда келаткан. Тойота МАЗдын алдына кирип кеткен. Калган издер боюнча МАЗдын жолунда турат. Менин оюмча, айдоочу уктап кеткен.

Сегиз орундуу унаа жүргүнчү ташыган такси экен. Азыр ага экспертиза жүргүзүлүп жатат. Жол кырсыгынан жан кыйган адамдардын баарынын ким экени такталды. Алардын арасында жаш балдар, бир туугандар жана жаңы эле баш кошкон эки жуп түгөйлөр да бар экен.

ИИМ алардын тизмесин жарыялады
Болотбек Кудайбердиев, «Тойота Превия» унаасынын айдоочусу, 1967-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну.
Жүргүнчүлөр:
- Чынара Шерматова, 1970-жылы туулган, Бишкектин тургуну
- Айнура Боронова, 1986-жылы туулган, Ала-Буканын Айрытам айылынын тургуну.
- Кыяз Курбанов, 1984-жылы туулган, Ноокаттын Алашан айылынан.
- Гүлдар Алиева, 1989-жылы туулган, Ноокаттын Кеңеш айылынан.
- Элдияр Изимов, 1987-жылы туулган, Ноокаттын Кеңеш айылынан.
- Абдыкадыр Мамытов, 1975-жылы туулган, Ноокаттан.
- Алсира Исманова, 1998-жылы туулган. Бишкектеги Рухий Мурас конушунун тургуну.

- Кылымбек Исманов, 2000-жылы туулган, Бишкектин Рухий Мурас конушунун тургуну.

Адистердин айтымында, өлкөдөгү жол кырсыктарынын көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда катталат. Аймактар арасында эл ташыган таксилер атайын коомдук транспорт катары катталбайт. Айдоочулардын билими жана тажрыйбасы үчүн эч ким кепилдик бербейт. Айдоочулар болсо кырсыктардын көбүн жол белгилердин эскирип каралбаганынан, жолдун жамандыгынан көрөт.

Он жылдан бери Бишкек - Жалал-Абад каттамында эл ташыган Нурбек Таалайбек уулу мындай түз жолдогу кагылышуу чыга калган малдан качкандыктан болсо керек деген пикирде:

- Кырсыктарга биринчи эле себепкер - жолдогу чуңкурлар. Бардык нерсе ошолордон качабыз деп болуп жатат. Анын үстүнө жаздын келиши менен малдын баары көчөгө чыккан. Эшек, ат, койлор дагы жолдо жүргөндө абдан тоскоол болуп жатат.

Буга чейин Жалал-Абаддан Орусияга сапар алган унаа Казакстандын аймагында жол кырсыгына кабылып, анын натыйжасында кеминде 15тей адам мерт кеткен. Андан соң Орусиянын Красноярск шаарында алты кыргызстандык жол кырсыгынан мерт болгон.

Мындан улам узак жолдо жүргүнчүлөр да айдоочуга көмөктөшүп, жол эрежесининин сакталышын кароого тийиш дегендер да бар. Эрнист Токтоназаров аттуу жүргүнчү да Бишкектен Жалал-Абадга кечке жуук жол тартып турган экен. Ал жүргүнчүлөргө бул көнүмүш экенин, кечинде жол жүрүүдөн коркпостугун айтат.

- Эми айдоочулар кайсы учурда кетсе, кандай айдаса ошого өздөрү жооп берет да. Ага ишенген үчүн отуруп жатам. Биринчиден, өзүмө да ишенем. Бир жагынан караганда, түнү иштесең көнүп каласың. Мисалы, мен деле түнү иштесем, күндүзү эс алам, күндүзү иштесем, түнү эс алам. Кыйынчылыгы деле жок.

Бишкек-Ош канжолу Кыргызстандын түндүгүн түштүгү менен байланыштыргын бирден-бир негизги унаа жол. Бул жол аркылуу күнү-түнү миңдеген жарандар катташат.

Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда бир жыл ичинде кеминде 4 миңден ашуун жол кырсыгы катталат. Анын кесепетинен ажал тапкандардын саны миңге чейин жетет. Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары анчейин байкалбаганы менен жол кырсыктарынан миңдеген адамдардын жаны кыйылып жатканын айтып, алдын алуу чараларын жакшыртууну демилгелешкен. Бирок бул демилгелер сөз жүзүндө гана калып келүүдө.

XS
SM
MD
LG